Ош: Балдардын ден соолугун калыбына келтирүүчү борбордо кезекке 6 ай мурун турушат

Балдар

Шаардагы наристелердин ден соолугун калыбына келтирүүчү кезек көп, шарт жакшы эмес жана дарыгерлер жетишпейт. Мунун айынан ата-энелер балдарын 6 ай мурун кезекке коюп, кезеги келгенде да оңдуу жардам ала алышпайт. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен жергиликтүү бийликтерден болсо жарытылуу жардам болбой келет.

Ош шаарынын тургуну Гүльмира Чокморова 1 жашка чыккан баласын атайын ушу реабилитация борборго алып келген. Бирок мында араң кезекке жетип, азыр да толгон көйгөйлөргө туш келип жаткан экен:

“Кезек аябай көп. Бүт түштүк аймактан оруулуу балдар келишет. Областтык балдар ооруканасы оруулуу балдарды кабыл албагандыгына байланыштуу бүт баардыгы ушул жака келишет. Кезекте 2-3 саат турабыз. Невропатолог  бирөө. Борбор боюнча болгону 1 гана невропатолог, бейтап болсо толтура. Борборду чоңойтсо элге аябай жакшы болмок. Неврапотологдорду көбөйтүш керек. Жалгыз өзү эмнеге жетишсин.  Мурда кезекке 3 ай мурдараак турат элек. Азыр болсо 6 ай мурда туруп жатабыз. Ошого жараша балдарды дарылоо да мурда 3 айда бир болсо, азыр 6 айда бир. Байкуш орулуу балдар Чоң Алай, Алай, Гүлчөдөн, Баткен, Жалал-Абаддан бардык райондордон  келишет”,-дейт ал.

Ноокат районунан келген Жазгүл Үмөталиева да мында баласын жакшылап дарылата албай жатканын айтат. Ал үчүн ымыркай баласы менен алыстан келүү оңой эмес. Анысы аз келгенсип 2-3 саат кезекте турганына нааразы:

“Кезекте турган аялдар кээде жулмалашып мушташып да кетишет. Кээде өз кезегин сактабай кезеги жок врачка кирип кеткендер да болот. Балам сегиз айлык, убагында келип дарыланбаса колу-буту тырышып калат. Физ дарылануусунда да толтура кезек. Аппараттар жетишсиз. 6 айда бир жолу дарылануу бул жетишсиз. Же өтө эле аз. 6 айдан бери кезекте турабыз”.

“Ош шаардык балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү реабилитациялык борбору” деп аталган менен мында облустун райондорунан келген балдарды кароого туура келет. Алыскы айылдардан келгендер орун жоктугуна байланыштуу айлап кезекте турушат.Балдар борбору

Бирок канткен менен медициналык жабдыктар жетишсиз. Адистер деле бала башына аздык кылат. Курулганына 20 жыл болсо да бул жердин имараты ошондон бери капиталдык ремонт бетин көрө элек. Мамлекеттен  болсо канааттандыралык каржылоо болбойт.

Балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борбор 1990-ж ачылган. Ал жылы 50 койкага эсептелинген болсо, азыр 70 орунга ылайыкташылган.

Бул борборго негизинен мүмкүнчүлүгу чектелген балдар 4 багытта дарыланышат. Алар: неврологиялык, ортопедиялык, аутисттик жана стоматологиялык.

Башкы дарыгер Суусар Сагынбаева өз көйгөйүн мынтип ортого салды:

“Биздин статусубуз  шаардык болгонуна карабай бүт түштүк жергесиндеги бейтаптарды дарылап жатабыз. Түштүк жергесинде мындай борборлор жок. Жалал-Абад, Баткенден бизге келишет, ошон үчүн бизде азыр өзүңөр көргөндөй кезекке аябай көп турат. 3-4 айлап турушат азыр сентябрга кезекке турушту. Анан келгенде 20 күн комплекстүү дарылануу алат. Физиотерапия, фитотерапия, аэротерапия, РФК, массаж ошолордун баардыгы бирдикте. Кезек болуп калганынын себеби, үй-бүлөлүк  дарыгерлер борборунда, мындай комплекстүү дарылоону өткөргөнгө шарт жок. Аларда адистер жетишпейт”.

Бирок адистер жетиштүү эле деп кошумчалайт Сагынбаева:

“Бизде баардыгы бар. Балдар невропатологу, кардиолог, ортопед, логопед кастреинтреолог, пульмонолог, ЭРФК, физиотерапевт, стоматолог баары эле иштейт. Бирок өкүнүчтүүсү кезек көп. Энелер келип кээде жаңжал салган күндөр болот. Аны чыгарып жиберип туруп, башка бейтапты жаткыра албайсың. Дарылануу 20-25 күнгө созулат. Өзүңөр көргөндөй  муктаж болгондор өтө көп. Эми бул проблемаларды чечүү үчүн койканы көбөйтүш керек. Мындан башка Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө да саламаттыкты сактоо министрлиги жагынан калыбына келтирүүчү борборлор ачылыш керек”,-дейт Суусар Сагынбаева.

Жергиликтүү бийликтер менен саламаттыкты сактоо министрлиги аталган борборго айлык жагын эле каржылап бербесе, динамикалуу жардамдан дайын жок. Министрлик да мэрия да каражат жетишсиздигин шылтоо кылышат.

Ошол себептүү борбор өз аракети менен бейөкмөт уюмдардын же чет өлкөлүк долбоорлордун жардамы менен жабдыктарга ээ болуп, кабинеттерин жасашашат. Мындан башка балдарды массаж кылуу боюнча ата-энелерди окутуу долбоорун да эл аралык уюмдардын колдоосунда ишке ашырган.

Суусар Сагынбаева
Суусар Сагынбаева

Бирок борбордун өзүнүн адистерин окутууга каражат жетишсиз болуп турат.

“Саламаттыкты сактоо министирлиги тамак-аш айлык акы менен камсыз кылат. Казанда болсо чөмүчкө илинет да. Аларга капиталдык ремонт боюнча жардам сурап кайрылышкан. Бирок жооп болгон жок”,-дейт борбордун директору Сагынбаева.

Ош шаардык мэриянын социалдык иштер боюнча бөлүмүнүн адиси Гүлнур Шаршеналиева клооп.кжге мындай деди:

“Негизинен бизде аларга колдон келген жардамдар каралат. Көбүнчө техникалык жактан тейлөө жагына колдоо көрсөтөбүз. Маселен, кышта түтүктөрү сынып калса, болбосо сынбаса деле 10-15 миң сомдой колдоо кылабыз”,-дейт ал.

Автор: Элиза Таштанова.

Редактор: Эрнист Нурматов.