Ош: Майып балдар үчүн машыгуучу зал курулду

DSC_0636

“Smail.kg” коомдук фонду тарабынан Ошто мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборунда балдар үчүн атайы машыгуу залы ачылды. Балдар жана ата-энелер бул саамалыкка кубанып турган чактары.

Кыргызстандагы Америка Элчилигинин Демократиялык Комиссиясы, “Smail.kg” коомдук фонду тарабынан “Балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборундагы” мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн машыгуу залы курулуп берилди.

Балдар борборуОш шаарындагы, “Балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборуна” дарылануу үчүн өз апасы менен биргеликте келген Мурадилжон Мурияжонов ага бул машыгуу залы жаккандыгын, өзүнүн ден соолугун чыңдоо үчүн ар дайым келип машыгып турарын айтты:

“Мага бул машыгуу залы жаккандыгынын себеби, анда ар түрдүү жаңы машыгуучу жабдыктар орнотулган. Алардын ар бирин машыгып сынап көрүү, мен үчүн аябай кызык болуп жатат. Мага бул жердеги буттарды чыңалтуу үчүн орнотулганжабдык аябай жакты”,-дейт ал.

Мурадилжандын апасы Майрамхан Мурияжонова баласынын бул жер баласынын ден-соолугу үчүн көп пайдалуу экендигин айтып кепке кошулду:

Майрамхан
Майрамхан

“Бул машыгуу залындагы жабдыктар заманбап технологияларга туура келген жактары менен мага да, уулума да жакты. Мен  ушул машыгуу залын куруп берген Америка элчилигине ыраазычылык билдирем. Бул машыгуу залын куруу менен бирге эле жалпыбыздын балдарыбызга ден-соолугун чыңдоо үчүн дагы да мыкты шарттарды түзүп беришти десем жаңылышпайм”.

Ош шаардык ата-энелердин бири Турсунай Полотова да мындай дейт:

“Ден-соолук” машыгуу залы учурдун талабы болуп жатат. Анткени майып балдар көп мезгилде ушундай эмеректерге муктаж болуп турат. Эми мен балдарымды ушул жерге алып келип ден-соолугун чыңдоосуна мүмкүнчүлүк түзүп берейин деп жатам. Балдарга кубаныч тартуулашты”,-деди.

DSC_0647Бирок канткен менен медициналык жабдыктар жетишсиз. Адистер деле бала башына аздык кылат. Курулганына 20 жыл болсо да бул жердин имараты ошондон бери капиталдык ремонт бетин көрө элек. Мамлекеттен  болсо канааттандыралык каржылоо болбойт.

Балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борбор 1990-ж ачылган. Ал жылы 50 койкага эсептелинген болсо, азыр 70 орунга ылайыкташылган.

Бул борборго негизинен мүмкүнчүлүгу чектелген балдар 4 багытта дарыланышат. Алар: неврологиялык, ортопедиялык, аутисттик жана стоматологиялык багыттар.

DSC_0645Ош шаарындагы “Балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборундагы” балдарга машыгуу залын  ачууга көмөктөшкөн “Smayl.KG” коомдук фондунун жетектөөчүсү Лариса Кузнецова клооп.кжге мындай деди:

“Бул машыгуу залын “Ден-соолук” машыгуу залы деп атадык. Курууга 250 миң сом жумшалды. Биздин мындан башка да аткарылуучу долбоорлорубуз бар. Аларды да аткарууга белсенип турган кезибиз. Биз буларды толугу менен иштетүү үчүн текшерүүдөн өткөзөбүз. Балдардын коопсуздугу үчүн мына ушундай кылмакчыбыз. Биз балдарды топ-топко бөлүп киргизмекчи болуп жатабыз, бытырандычылык кылбоо үчүн. Бул жер муктаж балдар үчүн акысыз иштейт”,-деди ал.

Ош шаарындагы “Балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун” жетекчиси Суусар Сагынбаева техникалык каражаттарга буга чейин өтө муктаж болуп келгендигин айтат:

Суусар Сагынбаева
Суусар Сагынбаева

“Мен бул машыгуу залы ачылгандыгынан аябай кубанычтамын. Биз залдын тазалыгына өзгөчө көңүл бөлүп тазалатып турууга киришебиз. Жаңы коюлган жабдыктарды этияттык менен пайдаланууну көзөмөлгө алам”,-деди Сагынбаева.

Балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү борборунда жалпысыныан дарылануучулар көбөйүп кеткенде 200 балага чейин жетип калат. Ал эми азыркы учурда “Балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда 70 бала дарыланууда.

Автор: Бекназар Исабек уулу. Сүрөттөр автордуку.

Редактор: Эрнист Нурматов.