Ош: Алайкууда твиттерден маалымат алуу модага айланды

Кок-Арт

Алайкууда акыркы убакта твиттерге уланып интернеттен маалымат  алуу өтө күчөдү. Ал жактагы  карапайым эл гезит, журналга, телеге анча мүмкүнчүлүгү жок айласыз, ушул жагдай көнүп жаткан экен. Бир эсе, твиттерге туташуу айыл жергесинде өтө ыңгайлуу экен дешет элеттиктер.

Алайкуу (3)
Алайкуу өрөөнү

Алайкуунун 53 жаштагы тургуну Курманбек Каракозуев маалымат алуунун жаңы жолун өздөштүрүп алганына бир топ болду. Ал, твиттерден уюлдук телефонго смс аркылуу информация алуу өтө тез ылдамдыкта жана ар тараптуу экенине кубанат:

“Твиттердин өзгөчөлүгү маалымат алуунун альтернативдик жолу. Бул жерде сыналгынын антеннасы жакшы тартпайт. Газета  убагында жетпейт. Ал эми телефонду твиттерге улап койсоң  дайыма маалымат алып турасың. Өтө  ыңгайлуу, дайыма чөнтөгүңдө. Кыргызстанда кандай жаңылык болсо бүт маалымат берет. Акчанын курсун, аба-ырайын, саясат, 7 облустун бүт жаңылыктары, экономика жана башка баарын айтып турушат”,-дейт ал.

Курманбектин курдашы Казыбек аксакалдын айтымында твит-булак аларга эң ыңгайлуу маалымат булагы болууда:

“Мен көбүнчө радио угам. Себеби  радиого көбүрөөк ишенем. Телеге көп деле ишенбейм. Анан эми аларга ар дайым мүмкүнчүлүк боло бербейт. А бул сотка деген ар дайым жаныбызда анан, жаңылык да жаныбызда”,-дейт Казыбек.

Алайкуунун Күйөө-Таш айылдагылардан 15-20дай аксакал твитке туташып калды. Мындагылардын дагы бири Өмүралы Тасмаев. Ал твиттердин мүмкүнчүлүгү келечекте мындан да кеңейет деп ишенет:

й (42)
Алайкуу өрөөнү

“Маалыматты  алуунун оперативдүү жолу, бул эми бизге өтө зарыл нерсе экен. Акысыз болуп, тез болуп жыргап эле жатып калдык. Келечекте  мындай сайттарды колдонгондор дагы да көбөйөт го”.

Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүнүн дагы бир тургуну Сүйүнбек Арапбаев да технология өнүккөн заманда элетте маалымат жетишсиздиги бар экенин моюнга алат:

“Бизде айылда гезит деле жок. Окуганга эмес балаңды кирнелегенге гезит таппайсың. Эгерде светти өчүрүп койсо сыналгы көрө албайсың, радио уга албайсың. Илгеркидей гезит таркаткан почточулар да жок. Анан телефонго күнүбүз түшөт да”,-дейт Сүйүнбек.

Тоонун башында жаткандарды Ош шаарында жашаган Асанбек Каракозуев твитке туташтырып турат. Ал өзү журналист, жергиликтүү “Ынтымак” телерадио компаниянда иштейт:

Асанбек Каракозуев
Асанбек Каракозуев

“Биринчи мен өзүм твиттерге телефонумду  туташтыргам. Ойлоп көрсөм, бул шаарга керек эмес экен.  Көбүнчө байылдагы жашоочуларга көбүрөөк керек экен. Атама туташтырып бердим, анан айылдагы аксакалдардын баары эмне жаңылык деп атамдан сурашат экен. Бир аз убакыт өткөндөн кийин  каалоочулар көбөйө баштады, мага улап бер дегендер. Твиттерди дистанциялык жол менен уласа болот. Интернеттен почта ачып туруп кат жибересиң, ал кишиге  маалымат агентигинен жүктөмөлөрү барат. Болду ошону менен информация ала берет. Каалаган тармакта. Саясат, экономика, аба-ырайы, жаңылыктар жана башка. Маалыматтын тез жана  акысыз жеткендиги жакшы болуп жатат. Болгону эле телефон  жана сим картаңыз болуш керек”.

Каракозуевдин айтымында, андан твиттерге туташтыруу өтүнүчү азыр деле токтобой жаткан экен:

“Айыл жергесинде бул модага айланып баратат. Бири-биринен көрүп эле туташтырып жатышат. Ошол эле Азаттык, Биринчи Твиттер1радио, Кабар, Акипресстин аккаунттарын уласа болот. Бул маалымат алуунун альтернативный жолу экен. Эми Алайкуда  көп деле телеканал тартпайт. ЭлТР тарткан жерде тартат, тартпаган жерден тартпайт. Ал эми гезит болсо айына бир жолу барса барат, барбаса жок. Аны дагы пенсияга, айлыкка берет. Азыр мугалимдерге да эскирген гезиттерди сата баштады.  Ал эми телефонуңду твиттерге туташтырып алсаң  өз убагында акысыз маалымат жетип турат. Бул менин оюмча эң сонун”.

Кара-Кулжанын Алайкуу өрөөнүндө 10 чакты айылда жалпысы болуп 25 миңдей адам бар.

Кышкысын 6 ай боюу кар астында жаткан Алайкуулуктар кээде 2 айлап деле борбор менен карым-катышсыз калат. Өздөрү айткандай шаардагысы шаарда, айылдагысы айылда жаз чыгарышат.

Автор: Элиза Таштанова.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Cүрөттөр редактордуку.