Ош шаарында чычкан манты аттуу популярдуу манты бар. Муну чоң-кичинеге карабай баары сатып алышат. Көбүнчө ашканаларда жана жеке сатуучулар даярдашат. Мантынын көлөмү өтө чоң эмес. Картошка жана пияз менен гана жасалат. Эт кошулбайт.
Орозалиева Калима ашпозчу болуп иштегенине 15 жылдан ашты. Оштун борбордук базарында жайгашан чакан ашканада эмгектенет. Улуттук тамактардын баарын жасайт. Айрыкча майда мантыны жасоо анын ишинин маңызын түзөт экен. Кичинекей мантыны жасоо жолдору менен бөлүшө кетти:
“Алгач, унду электен элейбиз, камыр жууруйбуз. Ал камырды 45 минута жылуу жаап ороп коебуз. Себеби, ал тыныгып өзүнө келиш керек. Убакыт өткөндөн кийин зубала жасап, дагы 30 минутага коебуз. Камырды жука кылып жаябыз, төрт бурчтук кылып кесебиз. Андан кийин картошканы сууга бышырабыз. Аны суудан алып чыгып сыртын аарчып майда кылып эзип, туз кара мурч кошобуз.. Кесилген камырга даяр болгон картошканы салып ар бирин түйүп чыгабыз. Андан соң мантыказанга бирден тизиш керек. Бууга бышырабыз. Газда бышса 7 минут. Плиткада бышса 15 минут. Андан соң чарага салып май аралаштырабыз, себеби бири-бирине жабышып калбаш үчүн”, - дейт ал.
Дилноза Абдымомунованын манты сатканына 20 жылдан ашты. Бул анын үйүндө үй-бүлөлүк кесип. Анын апасы да көп жыл бою манты саткан. Энени өнөрү жерде калтырбай, Дилноза бала-чакасы менен ушул жумуш менен алек:
“1 кг ундан 250-300 даана манты чыгат. 1 даанасын 1 сомдон сатабыз. Татып көрүү үчүн бекер беребиз, ошол себептен 1 кг ун бизге 130-150 сомго чейин айланат. 1 чоң чарага 5 кг ун, 5 кг картошка кетет. Күнүнө 1 чарадан манты сатабыз. Сатып бутүп үйгө барып кийинки мантыга даярдык көрөбүз. Эрте менен таңкы саат төрттө туруп мантынын даярдыгын көрөбүз. Күнүнө 400-500 сом пайда көрөбүз. Андан чыгаша, светке төгөбүз. Оборотто 1000 сом болот. Ага ун, картошка, туз, кара мурч, май жана тамакка пайдалануучу көк чөп алабыз”, - дейт Дилноза эже.
Майда манты кичинекей болгону менен көзгө сүйкүмдүү, даамдуу, тоюмдуу, жагымдуу келет. Көтөргөнгө жана чөнтөкө да жеңил. Муну Ошто жөнөкөй эле майда манты же, чычкан манты деп аташат. Бул ат чычкан менен байланыштуу эмес, жөн гана кичинекей болгону үчүн ошентип аталып калган.
Чычкан мантынын сүйүүчүсү Анара Бекбаева күн алыс ушул тамакты сатып алат. Үй бүлөсү менен чычкан мантыны жакшы көрүшөт:
“Жеген сайын жегиңди эле келтирет чиркин. Чычкан мантынын жанынан өткөндө кайрылбай кое албайсың. Холестерини аз, вегетериандардын табитине майдай дал келет. Өзгөчө өзбек туугандар келиштирип укмуштай кылып жасашат. Түшкү тамак маалында мантыга кезекке тургандардын саны көбөйүп сатуучунун шаштын алышат. Чычкандай-чычкандай болгон өлчөмдөрү көз жоосун алып, тим эле мончоктой тизилет. Жада калса алыскы борбор калаабыз Бишкекке да буюртма менен алып кетишет”, - дейт Анара эже.
Чычкан манты даярдаган атайын бир фирма, же кафе-ашкана деле жок. Адам көп жайгашкан жерлерде, кичинекей ашканаларда гана бирин-серин аялдар сатышат. Бирок фартуктарынын чөнтөгүнө санитардык китепчесин салып жүргөн айымдардын арасында атаандаштык деле байкалбайт. Анткени, чычкан мантынын кардары көп болгондуктан, эч бири тамагын сата албай калган күн болгон эмес.
Оштун тургуну Баймурат Асанов базарда таксист болуп иштейт. Баймурат аке аялдар кош бойлуу мезгилинде кээ бир нерселерге талгак болгон сыяктуу, таксист аке чычкан мантыга дал ошондой талгак:
“Менин жакшы көргөн тамагым майда манты. Такай базардан сатып алам. 2-3 күндө жеп турбасам көңүлүм жай албайт. Жубайым Айнура иштегендигине байланыштуу чычкан манты жасап берүүгө убактысы болбойт. Түшкү тамакка сүйүктүү даамыман 200 сомдук сатып алам”, - дейт Бекмурат аке.
Мантычы эжелердин айтымында, чычкан манты Фергана өрөөнү боюнча бир гана Ошто даярдалат экен. Кыргызстандын башка аймактарында да андай тамакты жолуктурбайсыз, дешти алар. Бир карасаныз чүчпарага, бир карасаныз майда гүлчөтайга окшошуп кеткен бул даамдуу тамак өткөн кылымдын 70-жылдарында даярдала баштаган. Ошол кездери тамак-аш даярдап базарга алып чыгып сатуу бизнеси күчөгөн мезгил болгон. Сатыкка чыккан жаңы тамактарга талап башкача болгондуктан, оштук айрым аялдар чычкан мантыны ойлоп табышкан экен.