Ош: Июнь окуясында үйсүз калгандар дагы деле лагерде күн кечиришүүдө

DSC_0582

2010-жылдагы июнь коогалаңында батирсиз калган бир канча үй бүлө шаардагы “Жаштык” лагерине баш калкалап  калышкан. Алардын көбү кайра тарап, бирок 24 түтүн барарга үйү жок кете бул жерден албай калган. Алар бийликтерден жабыр тарткандар үчүн салынып жаткан жерден үй берүүсүн талап кылууда. Бийликтер болсо мындай кылуу мүмкүн эместигин айтууда.DSC_0445

“Жаштык” жатаканасында убактылуу туруп калган жарандар коогалаң учурунда жабыр тарткандардын катарында өкмөттөн көп кабатту үйлөр салынып аткандан батир бөлүп берүүнү суранышууда.

Райхан Сакабаева 2010-жылдагы калаба учурунда балдары жана ата-энеси менен ушул “Жаштык” лагеринен баш паанек тапкан.Үч жылдан бери жабырлангандарга бериле турган үйдөн үмүт кылып келет:DSC_0525

“Июнь окуясында жашап жаткан Ленин көчөсү №543 дарегиндеги үйүм өрттөнүп кетип, барымтада калганымда, шаар бийлигинин жетекчилигинин астында ал жерден бошотулуп бул жакка келип калганмын. Ал жерге кайра кайтып бара албайм. Себеби, ал үй сиңдимдин атында болгондуктан алар ремонттоп кирип алышты. Бул жерде биз 2010-жылдын 18 июндан бери жашап атабыз. Ал эми жетекчилер “жакында үй берилип калат” дегенине мына үч жыл болду. Мен ошол убакта барымтадан чыкканымдан кийин, үйүмдүн өрттөнүп кеткенине, алган жараатыма карабай бир топ жабыр тарткан адамдарга жардам берип, он күнгө чукул 170 кароосуз калган балдарды караганмын. Азыр эми ооруйм. Бир көйнөк менен калдым. Өкмөт эмне үчүн өкмөт бизге үй бербейт?”,-дейт Сакабаева.

Бул жердегилердин айрымдары буга чейин өзбек тектүү тургундардын үйүндө батирде жашап келген. Коогалаңдан кийин кирүүгө мүмкүн болбой калганын айтат:

“Үй маселесин чечип бергенде жакшы болот эле. Анан ушул көйгөйүбүздү айтып Бишкекке чейин бардык. Эми “болот эле” деп атат, бирок жок. Курук сүйлөп жатабы билбейбиз, эми чоңдорго ынсап берсин”,-дейт легердегилердин бири Жумакан Кулназарова.DSC_0439

“Мен өзү 68-жылы шаарга каттоого турганмын. Ошо бойдон батирлерде жашап келгем. Касымова көчөсүндө жашадым. Көп жерде жашадым. Мен,Жылдыз Жолдошеванын сөзүнө аябай ынандым эле, “Үйү жокторго биринчи үй бериш керек” деген эле. Бирок ал деле болбой атат го”,-дейт Кулназарова.

Легердегилердин дагы бири Назгүл Арыкова айласыздан бул жерге келип калганын жана суук жердин айынан кызынын катуу ооруп калганын, өз мекенинде жүрүп да кор болгонун айтат:

DSC_0583“Биз бул жерге келип, баш паанектеп калганыбызга үч жылдан ашуун болду. Ал эми мурунтан  өзбектердин   үйлөрүндө 25 жылдан бери батирлерде жашап жүрчүбүз. 25-жылдан бери же үйүм жок, же жерим жок. Анан да бул жерде жашаган өтө эле кыйын. Көбүнчө кышында кыйналабыз. Себеби аябай суук болот. Өкмөттөгүлөр көп кабаттуу үй салынгандан бизге да батир береби деп үмүтүбүз өчпөй олтурган кезибиз”,-дейт Н.Арыкова.

Бирок бийликтер мында жашап жаткандар июнь коогасында эч кандай жабыр тартпаганын жана үй алууда алардын укуктары жоктугун белгилешүүдө.

Ош шаардык  муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Абдумуталип Калыбековдун айтымында, 2010-жылы жаңжал башталган кезде адамдардын өмүрүн сактап калуу максатында, шаардык мэриянын ошо кездеги штабы үй-жайсыз калган адамдарды чогултуп, коопсуз болгон “Жаштык”лагерине  алып барган. Анан штабтын чечими менен убактылуу 10 күндүк мөөнөткө жаңжал басылгыча жайгаштырган.

Абдумуталип Калыбеков
Абдумуталип Калыбеков

“Жаштык” лагери Ош шаардык мэриясынын балансында турган, шаардык билим берүү бөлүмүнүн өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуу лагери болуп эсептелет. Мэриянын мындан башка лагери жок. Азыркы убакта лагерди бошотпой “биз да жабырлануучу болобуз”деп анан да, “июнь коогалаңында жабыр тарткан жарандарга салынган үйлөрдөн бересиңер”деп талап кылып келет. Бирок, өкмөттүн №275 токтомдоруна ылайык аларга батир берүү мыйзамга туура келбейт. Анткени алар коогалаңда жабыр тарткан эмес, экинчиден, шаарда каттоосу жок. Мындай тыянакты бир топ иликтөөчү комиссиялар да чыгарышкан”,-дейт Калыбеков.

Канткен менен лагерде жашап аткандар мамлекеттен жардамга үй алмай сайын, мындан чыгып кетпестигин айтышууда. Бирок мунун айынан бул жерге балдар келип эс ала албай жатышат. Лагердин кызматкерлеринин бири  Орункан Максутова:

DSC_0444“Балдардын лагерине убактылуу койгондон кийин кайра өздөрү деле уялбайбы. Анан да булар электр энергиясына төлөбөйт дагы, кечке светтерин өчүрбөйт. Үнөмдөөнү такыр билишпейт. Мен болсо урушам. Мени көздөрүнө да илбейт. Анан да алар төлөшпөйт, себеби мамлекеттин эсебинен төлөнөт да. Анан да тез-тез ишембилик өткөрүп, жака белди тазалатабыз. Бирок кайра эле ошол абалга түшөт. Мына селкинчектер сынган, бар жок курттап кетти чынын айтсамчы. Акыр-чикирди көрүнгөн жерге ташташат.  Биз ушул жердин кароолубуз, ачкычты 10 жолу алмаштырдык. Бирок болбой эле ыргытып жулуп салышат да, кайра кирип алышат”,-дейт Максутова.

“Жаштык” лагери 1968-жылдан бери иштейт. Мурдагы аталышы Комарова. Жалпы 5,5 сотых жерде жайгашкан.

Автор: Айгерим Абибиллаева.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.