Startup OshWeekend: Улуттук даам биринчи орунду ээледи

_MG_5547

Алгачкы жолу Ош шаарында уюштурулган “Startup Osh Weekend - 2013” сынагы жыйынтыкталды. Уюштуруучулардын айтуусунда, катышуучулар аз болгону менен долбоорлору менен мурдагы жылдан айырмаланган. Орундарды ээлеген катышуучуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Startup Weekend Osh – бул ишмердик программа, жаш башталгыч ишмерлер адистерден кеңеш алышат. Өздөрүнүн бизнес идеясын практика жүзүндө канчалык деңгээлде иш жүзүнө ашырууну үйрөнүштү жана баштапкы капитал алууга мүмкүнчүлүк болот._MG_5544

Биринчи орун үчүн сынакта 2 миң, экинчи орунга 1.5 миң, ал эми үчүнчү орунга 1 миң АКШ доллары коюлган сынактын жеңүүчүлөрү өз байгелерине ээ болду.

Биринчи орунду алган долбоордун ээси Данияр Бейшеналиевдин айтуусунда, кыргыз даамы болгон боорсокторду чет мамилекетке да жайылтышат.

“Күтүлбөгөн жеңиш болду. Мен күткөн эмесмин. Биздин идея улуттук боорсокторду даярдап тойлорго жеткирүү. Ошто жайылтып, андан кийин башка чет өлкөлөргө да жайылтабыз”,-деди Данияр._MG_5560

Sturtup weekend 28-29-30-июнда жеңүүчүлөрүн сыйлады.

“Менин идеям улуттук даамдар. Боорсок, чак-чак, каттама, корзина жана башка даамдар. Биз азыр иштеп баштадык.  Иш-чара бүткөндөн кийин 1 жумадан кийин өз алдыбызча бизнес идеябызды иш жүзүнө ашырдык. Ушундай проекттер болуп турса Кыргызстандын келечеги кең. Биз эми “Ош даяр” деген ашкана ачып иштеп жатабыз”,-дейт Бейшеналиев.

_MG_5555

Экинчи орунду ээлеген Канат уулу Улан лазердүү станоктун жардамы менен ар кандай сувенирлерди каалаган материалдан жасоо идеясы жеңишке жетти. Ал kloop.kgге берген интервьюсунда мындай деди:

“Биз азыр бул сынакка катышып, жарым финалга чыктык. Менин идеям лазердүү станок болгон. Анын жардамында ар кандай буюмдардын бетине сүрөт же тамгаларды түшүрүүгө болот”,-дейт Канат уулу.

_MG_5558

Үчүнчү орунду Нурсултан Момунов ээледи:

“Менин бизнес идеям велосипеддерди ижарага берүү. Бул чоңдор  жаштар жана жаш балдар үчүн велосипеддер”,-деди Момунов.

Startup Weekendдин жетекчиси Эсен Рыскулов Ош шаарында уюштурулган сынакта катышуучулар аз болгону менен сапаттуу болду дейт:_MG_5501

“Бишкекте абдан көп табыштама болгон. Атаандашуу да көп. Ал жактагы идеялар бир аз жогорураак десем болот. Бирок Оштогу катышуучулар  активдүү жана жоопкерчиликтүү болду. Мени таң калдырган 3D сүрөттөр. Бул долбоор өтпөй калды. Бирок, Кыргызстан боюнча биринчи жолу экен”,-деп айтты Эсен Рысбеков.

“Бул иш чара Кыргызстанда экинчи жолу өтүп жатат. Бул иш чаранын максаты жаңы баштаган бизнесмендерге шарт тузүп берүү. Биринчи этапта 80 адамдан 17 адам  тандап алынды. Бул иш чара Кыргызстанда 2- жолу өтүп жатат. Максаты уйрөнчүк ишмерлерге 1- кадам таштоого мүмкүнчүлук түзүү. 3 күндүн ичинде өздөрүнүн идеясынын үстүндө иштешет. Бүт Кыргызстан боюнча 129 арыз келип түшкөн. 2-күнү 17 арызды тандап алдык. Жарым финалга 9 идея өттү. Финалга 3 жеңүүчү сыйланды”,-деди Рыскулов.

Долбоорду “Startup Invest” коомдук уюму, Ош шаардык мэриясынын жана Эл аралык кызматташтык боюнча Герман коомчулугу (GIZ) колдоосунда жана Kalikova&Associates, Youth of Osh, Жаштар Бизнес клубу, “Боорсок” фаст-фуд рестораны, Тренинга жана консалтинг борбору, “Status Print” полиграфиялык борбордун өнөктөштүгүндө ишке ашырууда.

Иш-чаранын Оштогу эң башкы өнөктөшү Youth of Osh коомдук бирикменин өкүлү Акылай Каримова:_MG_5514

“Биздин шериктеш болуп калуубуздун себеби, “Startup Weekend” бул өзүнүн максаты менен уникалдуу. 54 саатын ичинде бизнес курууну уйрөтөт. Бул иш-чара жаш бизнесмендерге нөлдөн баштап чоң  бизнести курууну үйрөтөт. Ушундай иш-чаралар Кыргызстандын өнүүгусунө зор салым кошот. Борбордо уюштурулганда, төрт жаш ишкерлердин долбоору ишке киришкен. Уюштуруучулардын планында Кыргызстандын бүт аймагында ушундай иш-чараларды өткөзүү болгон. Ош түштүк борбору болуп аткан үчүн жана бул аймактын жаштары азыр колдоого өзгөчө муктаж болуп жаткан үчүн бул долбоор Ошто ишке ашып олтурат”,-деди Каримова.

“Startup Weekend” долбоорунун уюштурулушуна быйыл экинчи жыл. Бир жыл мурун Бишкекте болсо, быйыл Ош шаарында сынак болду. Долбоор дүйнөнүн 69 өлкөсүндө уюшулат.

Автор: Элиза Таштанова.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр Дастан Үмөтбай уулу.