Палоо менен самсаны сүйүп калган Кореялык студенттер

Корей студенттер (2)

Түштүк Корея өлкөсүндөгү Жонбук университетинин 30 студент Кыргызстанга атайын жайкы лагерге 10-күндүк мөөнөткө келди. Жылда уюштурулуучу бул иш-чара билим-тажрыйба алмашуу болуп жаткан экен. Бирок айрым серепчилер бул аракетти “корей маданиятына сиңүү” жышаанасы катары баалашууда.

Кореялык “Жон Бук” университетинин менеджмент факультетинин 4-курстун  студенти Жонг Чан Геонг Кыргызстанга келгенине 3 күн болсо да мындан алган таасирлери көп болуп жатканын белгиледи. Өзгөчө бул жердин тамак-ашы, айрыкча палоосу менен самсасы абдан жакканын белгилей кетти:

“Биз кореянын “ Жонбук” деген унверситетинен келдик. Биз ал жерден бул жакка тандалып келген студенттербиз. Биз Кыргызстанга келгенибизден максат ушул жердеги корея тилинде окуп жаткан, студентерге корея элинин маданиятын  үйрөткөнү  келдик. Келебиз деп даярдык көрүп жатканда бизди кандай кабыл алышат деген ой бизге кызык болуп жатты. Келгенден кийин бизди жакшы тосуп  алышты, биз кыргызстандын корея тилинде окуган студенттери менен дос болуп алдык. Алар менен бирге ойноп аркандай оюундарды ойнодук. Бизге Ош аябай жагып жатат”,-дейт Жонг Чанг Геонг.

Корей студенттер (5)

Чет элдик студенттердин дагы бири Кыргызстандын элине жана жерине суктанганын айтат.

“Мага да Кыргызстан абдан жакты. Себеби, меймандостугун уккан элем. Анан да бул жердеги корейлердин балдарына англис тилин үйрөтүп жатам. Көбүүрөөк мага бул жердин дарбызы жакты. Анткени, жесеңделе жегиң келе берет экен. Кореяда дарбыз бар. Бирок мындай даамдуу, ширин эмес да”,-дейт Дабин Эун.

Корей студенттер (3)

14-июлда келген корейлик студенттер мында 24-июлга чеийн жүрмөкчү. 30 студент, 2 окутуучусу менен 32 адам болушкан. Алар Ошто түрдүү иш-чараларга катышып, эс алуу үчүн кооз жерлерге бармакчы. Мисалы аймактагы Арсланбап, Кара-Шоро жайлоолоруна барышат.

Бул жайкы каникулдун Кыргызстандагы уюштуруучусу Ош Технологиялык университети. Ошондой эле корей студенттерин бул жакта Ош мамлекетик университетинен жана Ош Социалдык университетинен да студенттер коштоп жүрүшөт.

“Корейликтердин жатакана, тамак-аш маселесин ОшТУ көтөрүп жатат. Алар өздөрүнүн маданиятын биздин жаштарга   үйрөтүп жатышат. Мисалы, каратесин көрсөтүп беришти. Өздөрүнүн аспаптарын толук түрдө  ала келишиптир. Алар өздөрүнүн сабак жадыбалдарын түзүп келишкен. Ошол   боюнча план менен сыйланып, оюнгада, башкага да бардык шарттар түзүлгөн.  Корей тилиндеги окутучулар менен бирге биздин студенттер да алар менен кошо жүрүшөт. Котормочулар да бар”,-дейт ОшТУнун маалымат кызматынын жетекчиси Атакул Жалилов.

 

Ош ТУнун ректору Абидов Абдыкадыр
Ош ТУнун ректору Абидов Абдыкадыр

Ош технологиялык унверситетинин  3-курсунун студенти Гүльзина Зикирова корейлерди көргөнүнө абдан кубанычта экенин жана алар үчүн практика болуп жатканын айтып жатышат:

“Биз азыркы учурда корей достордун салт санаасын үрп-адатын, аз болсо да билип алдык. Анан “самонери” деген инструменттерин бизге үйрөтүп жатышат”,-дейт Зикирова.

Корей студенттер (1)

Анткени менен бул иш-чараларды Ошто түрдүүчө кабылдагандар бар. Оштук журналист Кайрат Жапаров корей сериалдарын көрүп, корей маданиятына азгырылып бараткан кыргыз жаштары үчүн бул өлкөнүн студенттери менен уюштурулган иш-чаралар кээде чектен чыгып кетип атканына токтолду:

“Бул маселе Кыргызстандагы эң орчундуу маселелердин бири. Анын негизги себеби, идеологиянын жоктугу. Анткен жаштарды идеялогиялык жандандыруу деген нерсе жок. Идеологиянын негизги бөлүгү бул кинолор, ал эми Кореяда өздөрүнүн маданиятын үрп-адатына жана мамлекетин көтөргөн кинолорду берип, өздөрүнүн идеологиясын көтөрөт. Ал эми бизде андай эмес. Себеби  бизде тартылып жаткан кинолор чет жактан акча бөлүнүп патриоттук сезимде аз тартылат. Идеялогияга таптакыр каршы келген кинолорду тартат. Ошондуктан биздин жаштар идеялогияга суусагандыктан чет өлкөнүн идеялогиясын өзүнө сиңирип алыпп атат. Себеп дегенде идеалогия негизги ролду ойнойт. Анан да өздөрүнүн кинолор аркылуу таанытканы аз келгенсип эми жүзмө жүз таанытып олтурат. Бул биздин жаштарыбыздын өтө чоң трагедиясы. Ошолорду туурап да биздин жигиттер гейлерге окшоп кийинишип, башкача бир маданиятты калыптандырып атышат”,-дейт Кайрат Жапаров.

Белгилей кетчү жагдай, кийинки жылдан Оштон да студенттер, Түштүк Кореяга каникулдап барышат. Бирок ал жакка  баруу үчүн стүденттер атайын  сынактрдан өтүшөт.

Кореянын Жонбук университетинде азыркы мезгилде 30 000 ден ашуун студент окуп, 1500 дон ашуун окутуучу эмгектенет.

Автор: Айгерим Абибиллаева.

Редактор: Эрнист Нурматов. 

 Сүрөттөр Атакул Жалиловдуку.