“Өз жүрөгүндү сакта” деп аталган калкты медициналык акысыз кароодо аныкталгандай 6000ден ашуундын 90 пайызы ар кандай окуялардан депрессия кабылып, жүрөк оору менен ооруй турганы далилденген. Ошол эле кезде бул текшерүүдө буга чейин жүрөк оорулуу диагнозу коюлгандардын, диагнозу туура эмес экени ачыкталды.
Кара-Суу районунун Мады айылынын тургуну, 14 жаштагы Исламбек Тилебалдиевге 2010-жылы жергиликтүү даарыгерлер тарабынан “Жүрөгүндө добуш бар” деген диагноз коюлуп, операция жасатуу үчүн Бишкекке баруу керектиги аныкталган. Бүгүн айылына атайын дарыгерлер келип, текшерүү жүргүзүлүп жатканын угуп, Исламдын апасы Саида Тилебалдиева баласын жетелеп келген:
“Азыр бул дарыгерлерге баламды текшертсем, кудайга шүгүр, баары жакшы деди. Буга чейин жүрөгүнөн операция жасаш керек дегенинен коркуп жасатпадык эле. Азыр операциянын кереги жок экенин айтты, аябай сүйүнүп атам”, - дейт ал жетине албай.
Каарман айылынан келген, жүрөк оорусуна байланыштуу 10 жылдан бери дарыгердин көзөмөлүндө турган 47 жаштагы Гүлмира Эргешованын айтымында, айылдагы ооруканада текшерүүчү аппараттар жок болгонуна байланыштуу ал Ош шаарына барып жүрөгүн текшертчү. Шаардагы оорукана да менчик болгондуктан, баасы да бир топ кымбат болуп келген:
“Электрокардиограммага (ЭКГ) түшкөнүң 500 сом, башка да аппаратка түшкөнүң 300 сомдон ашык. Бүгүнкү өзүбүздүн айылга келген дарыгерлердин баардык аппараттары бар экен. Жада калса шаарда да жок апараттар бар экен. Анан акысыз көрүп жатышпайбы”, - дейт Эргешова.
Улуттук кардиология жана терапия институтунун илимий кызматкери, акысыз текшерүүнүн адиси Абдимиталип Халматовдун айтымында, дарыгерлер “Өз жүрөгүңдү сакта” програмасынын негизинде аймактарды кыдырып, айыл тургундарын жүрөк-кан тамырларын текшерүүдөн акысыз өткөрүп жатышат:
“Айыл жерлеринин баарында эле ЭКГ, кардиограмма аппараттары боло бербейт. Мындан сырткары көптөгөн атуулдар өзүнүн оорулуу экенин биле беришпейт. Бул кезге чейин бизден акысыз текшерүүдөн Кыргызстан боюнча 6000ден ашуун жаран өттү. Алардын ичинен 90 пайызы ар кандай жаман окуялардан улам, жүрөгүнөн жабыр тарткандар болуп табылды”,- дейт ал.
Программанын негизинде калкты текшерүүдөн өткөрүүдөн сырткары жергиликтүү дарыгерлердин билим сапатын жогорулатуу жагы да максатталган. Мындай иш-чара аталган айылдын даарыгерлерине өз пайдасын тийгизип жатканын Мады айылындагы оорукананын кызматкери Гүлбарак Исакова билдирди.
“Элдин ден-соолугу жакшы болсо, ошол биз үчүн жеңилдик да. Врачтар аябай мыкты экен. Тажрыйбалуу, жакшы текшерип жытышат. Жаш балдар да бар эле, аларды да көрүп берип жатышат. Мындан сырткары, биздин жергиликтүү дарыгерлерге да тажрыйба алмашууга жакшы шарт түзүлүп, билбегендерибизди үйрөнүп атабыз”,- дейт Исакова.
“Өз жүрөгүндү сакта” программасы ушу кезге чейин Кыргызстандын Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад областтарында болуп келген. Бул программанын ишке ашырылышына “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы көмөк көрсөтүүдө.
“Бул дарыгерлер азыр текшерип гана тим болбостон, оорулууларга дары-дармек жазып берип, байланыш телефондорун калтырышат. Мындан ары да алардын айыгып кетүүсү үчүн тынымсыз байланышта болуп, көзөмөлдөп турушат”, - деди аталган партиянын саясий кенешинин мүчөсү, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Тынчтык Шайназаров.
Автор: Айгерим Абибиллаева.
Редактор: Эрнист Нурматов.