Алай районунда чек арачынын айкели жаңыртылды

IMG_6919

Ош облусунун Алай районунун Чыйырчык айылында  кайрадан түзөтүлгөн чек арачынын эстелиги ачылуу аземи болду. Анын жанына Кыргыз Республикасынын чек ара белгиси коюлуп, эстеликтин алдына “Карегимде Мекен чеги” деген жазуу чегилди. Чек арачылар бул эстеликтин жаркырап турушу патриоттуулукка тарбиялайт дешет.

Чек арачынын эстелигин убагында скульптор Хеидзе Давид жасаган. Сүрөтчүлөр союзунун жана фондунун архивдик документтер булагы чек арачынын эстелиги алгач 1972-жылы Катта-Талдык айылында коюлганын, эки жыл кийин 1974-жылы Ош облусунун Чыйырчык айылына көчүрүлгөнүн маалымдайт.

IMG_6891

Арт жагында Советтер Союзунун чек ара белгиси турган эстелик Мекен чегин кайтарууда турган чек арачынын элесин көрсөтөт. Бул эстеликти кайрадан түзөтүүдө жанына Кыргыз Республикасынын чек ара белгиси коюлуп, эстеликтин алдына “Карегимде Мекен чеги” деген жазуу чегилди.

Чек арачынын эстелигин кайрадан түзөтүү демилгесин Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча аймактык чек аралык башкармалыктын зардалы полковник Абдикарим Алимбаев көтөрүп чыккан:

“Чек арачылар башка аскер кызматкерлерине караганда өзүнүн бай тарыхы салты менен өзгөчөлөнүп турат. Бул эстелик бир гана чек арачынын атынан коюлган жок, бул Кыргыз Республикасынын бүт чек арачылардын символу катары коюлду. Советтер Союзу учурунда дал ушул эстелик турган жерден чек аралык чөлкөм башталган. Союз кулагандан кийин эстелик кароосуз калган. Эстеликтин эскилиги жетип заман талабына жооп бере албай калган мезгилде кайра түзөтүү демилгеси пайда болду. Советтер Союзунда Кытай менен чек ара ушул жерден башталган жана бул жерге өтө чоң маани берилген. Чек арага жумушка кирүү кыйын болгон. Ар бир жарандын документин текшерип, көзөмөлдөп андан кийин гана чек арадан өткөзгөн. Чек арачылардын сый урматын сыйлоо, тарыхый эмгектерди унутта калтырбоо, жаштар менен жоокерлердин жарандык мекенчил сезимдерин өркүндөтүү, аскердик мекенчилдике тарбиялоо, сапаттарын калыптандыруу,  чек арачылардын аскердик намысын ыйык тутуу максатында бул айкелди калыбына келтирдик”,-дейт Алимбаев.

Абдикарим Алимбаев
Абдикарим Алимбаев

Алай районунун мурунку акими Айтбай Жээналиев да, чек арачы эстелигинин кайрадан жаңыртылышын учурдагы маанилүү иш катары сыпаттады:

“Бүгүнкү күн мага мурунку Союз убагындагы жакшы бир майрамдарды эсиме салып турат. Кыргызстан эгемендүүлуктү алгандан бери чек арага жакшы көңүл бөлүнбөй келген. Акыркы жылдары бир аз көңүл бөлүнө баштады. Алай районунун тарыхына кайрылсак 1880-жылы бул жерде Россиянын посту болгон. Ошол жылдардан баштап биздин эл чек арачылар менен тыгыз байланышта. Ушул күн, чек араны барктагандай мага сезилип жатат. Ушул эстеликти көргөндө түшүнгөн адам ойлойт болуш керек, “чек арачы бизди кайтарат” деп. Илгери өзүңөр билесиңер биздин аталарыбыз Ормон хан, Алимбек датка 1 метр жер үчүн канчалаган кан төгүшкөн, согушкан. Мына сиздер да ошолордун жолун жолдоп Кыргызстандын чек арасын кайтарып жатасыздар”,-дейт Айтбай аке.

IMG_6881

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым  өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махамаджанов:

“Ушул айкелди калыбына келтирген бүт катышуучуларга ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Себеби мамлекеттин чек ара кызматы ар бир эгемендүү мамлекеттин символикасы, атрибуту болуп эсептелет . Эркечтам посту ачылгандан кийин көп туристтер келе баштады. Мына жакында 60 турист Кытайдан келишти. Кыргызстанды айланып жүрүшөт. Бул жерден өткөн конокторго, расмий түрдө делегациялар үчүн абдан ыңгайлуу. 130 000 сомдон ашыгыраак каржылаган чек арачыларга ыраазычылыгыбызды билдиребиз”,-деди Махамаджанов.

IMG_6893

Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Федералдык коопсуздук кызматынын ыкчам чек ара тобунун зардалынын орун басары Слюцер Павел иш-чарага катышып, сөзүн ортого салды:

“Бул айкел бизге мурдагы чек арачылардан мураска калды. Бул айкел 40 жылдан бери жашап келе жатат. Бул эстеликти карап туруп бизден мурун өткөн чек арачыларды эстейсиң жана мамлекетти коргоо үчун бүт күч эмгегин жумшагандыгын түшүнөсүң. Бул эми кийинки муундун мекенчил сезимдерин ойготот деген ишенимдемин. Мен сөзүмдун аягын бир макал менен жыйынтыктагым келип жатат. Чек арачы болуу- жумуш эмес, бул бактылуу тагдыр”,-деди Павел.

IMG_6881

Чек арачы” эстелигин ачылуу аземинде чек ара кызматынын кызматкерлерине, ардагерлерине жана бул ишке тиешелүү адамдарга атайын сыйлыктар да тапшырылды.

Кыргызстан Алай району аркылуу Кытай менен чектешет.

Автор: Элиза Таштанова.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр Нурматовдуку.