Озгурлук Ирсалат эне 120 жашка чыкты

DSC_0540

Эч кимге байкалбаган, эч кимге билинбеген Ирсалат эне Оштун жакасындагы Озгур айылында жашайт. Ал 120 жашка чыккан болсо да гүл, ашкабак эгип, беш маал намаз окуп келет. Анча мынча 30-40 жаштагыларга караганда чыйрак.

1893- жылы туулган Ирсалат Калматова Кара-суу районуна караштуу Озгур айылынын турактайт. Ирсалат эне жакында эле 120 жолку туулган күнүн белгилеген. Жаш кезинде,  пахта терүү боюнча Кара-суу районунда биринчиликти эч кимге бербеген:

“Лениндин убагында ишчилерди аял дебей эркек дебей аябай катуу иштетет эле. Мен ата-энемдин жүзүн жер каратпайын деп иштеп жүрүп азыр ден соолугумдан ажырап калдым. Кара-Суу району канча район болгон болсо, район боюнча курт багуу боюнча биринчиликти алгам. Кечиндеси баламды уктатып коюп курт багат элем. Эртеңки күнү текшергенде менин куртум 87 килограмм болуп чыккан. Жер чабык боюнча да, биринчиликти алгам. Экөөнө тең сыйлык кагазын берген. Менин балам кежир болчу. Эч кимге көнчү эмес. Көтөртүрбөйт да болчу. Мен ушул баламды жонума көтөрүп алып пахта терип иштейт элем”,-деп жаш кезин эскерет Ирсалат эне.

Калматованын, жети атасы тең молдо болгон экен. Алардын аттарын да жатка билет, атасы Өмарбек Молдо, Алымбек Молдо, Молдо Казыбек,  Молдо Маамыт,  Молдо Максыт,  Молдо Пазыл. Аталарынын баары молдо болгон үчүн да өзү азыркы убакта жүрөк куят, чочугандарга дем салат, көз ооруларды көрөт.

DSC_0506Ирсалат Калматова:

“Мен кичинемден эмгекке үйрөнүп калгам. Азыр да бекер отурбайм, гүл эгем ашкабак эгем. Беш маал намаз окуйм. Чочуп калгандарга дем салам, түрдүү элдик дабаагерчилик иштерин кылам. Мен эч кем болгонум жок, азыр да кээде сыйлык берет. Мени атам эскиче окуткан. Азыр атымды туура эмес жазып коем. Мен өзү мурда басып келе жатып жыгылганымда, килемдин кыры көзүмө кирип кеткен ошондон кийин көзүм да ооруп калды. Бутум жана колдорум да катуу тийген, мына ошондуктан ооруй берет. Өзбекстанда жашагам, өзү кыргызча атым Нысахан Өзбекстанга барганда менин атымды өзгөртүп улутумду да өзбек деп жазып койгон. Паспорттогу атым Ирсалат”.

Бир кылым ашык жашаган эненин, он төрт небереси бар. Ар бир небересинин бештен баласы бар. Небере, чебере, кыбыралары да бар. Бирок бир гана баласы бар. “Көп иштеп жүрүп төрөбөй калган” деп айтышат:

“Азыр ден соолугум начар. Бирок дагы да неберелеримди тарбиялап жатам. Мен мурда кандай кыйынчылык көрүп мамлекетке иштеген болсом, азыр ошолордун үзүрүн көрүп жатам. Неберелерим келип турушат. Эч кандай муктаждыгым жок. Балам жанымда, мени ар дайым карап турат. Мамлекетибизден да майрам күндөрү келип, кабар алып, ар кандай белектерди беришет”,-дейт Ирсалат эне өзү.

DSC_0524Калматованын кыбырасы Нурбек өз энесин үлгү катары тутат экен:

“Мага энемин айткан насааттары жагат. Ал бизди Лениндей эмгекчил болууга үндөйт. Беш маал намаз окууну, намаздын пайдасы чоң экенин айтат. Намаз туура жолго баштайт, ыйман жолуна салат деп бизге ар дайым айтат. Мени ар дайым туура жолдо жүр, жаман балдарга кошулба. Келечекте мыкты инсан бол элиңе күйүмдүү бала бол деп тарбиялайт”.

Ирсалат эненин кыбырасы Нурсулуу Качибекова жашоосунда энесиндей кайратуу эмгекчил болууну максат кылат:

“Энем эч бекер отурбайт гүл эгет. Үйдүн аркасына өтүп ашкабак эгип коет. Аларды күн сайын суу куйуп,  көзөмөлдөп карайт. Бизге да мамилеси жакшы. Согуш маалында көп эмгектерди кылып, бир топ сыйлыктарды алган. Энемди көп адамдар тааныйт. Көптөгөн адамдар, энемдин турмуш жолуна кызыгышат”,-дейт Нурсулуу.

Автор: Бекназар Исабек уулу.

Редактор: Эрнист Нурматов. 

Сүрөттөр автордуку.