Кийизден шашки жасаган Сайрагүл эже

Буюмдар (10)

Ош шаарынын тургуну Сайрагүл эже кийизден шашки жасап чыгарууда. Анын кардарлары күндөн күнгө көбөйүүдө. Кадимки эле ак-кара түстөгү кийизден ушундай керемет буюм жаралганына көргөндөр таң калып турушат. 

Сайрагүл Олжобаева эженин кийизден шашки жасап баштаганына бир ай болду. Ал биринчи жолу кийизден шашки жасайын деп жатканда «кандай болот экен» деп, бир аз өзүнө ишене алган эмес. Бирок бул иш ага оңой болбогонун айтты:

“Менин кийизден шашки жасагыча, бул элдер үчүн  кызыктуу жана өзгөчө болоорун билген элем. Кийизден жасалган шашкинин ак бөлүгүн өзүнчө, кара бөлүгүн өзүнчө, бир бирине кураштырып, тактайдан жасалган шашкиге окшоштуруп тиктик. Андан кийин кийиздин ак бөлүгүнөн жана кара бөлүгүнөн кесип, тоголок кесиндилеринен шашкинин ойноочу бөлүгүн  жасадык. Жыйынтыгында жаман эмес, сонун эле буюм чыгып калды”,-дейт Сайрагүл эже.

Сайрагүл Олжобаева
Сайрагүл Олжобаева

Азыркы мезгилде Сайрагүл эже кийизден он чакты шашки жасады. Алардын баарын кардарлар сатып алып кетишти. Кийизден жасалган шашки көтөрүп жүрүүгө ынгайлуу. Жакын адамыңа белекке берсең, да өзгөчө белек катары ар бир адамды кызыктырып, таң калтырчудай. Сайрагүл эже эми жалаң ушул сыяктуу буюм чыгаруучу ишкана ачайын деген максаттары бар:

“Учурда улуттук буюм теримдерге жаштардын кызыгуусу артып баратат. Ошондуктан бир эле кийизден жасалган шашки эмес, башка кыргыздын кол өнөрчүлүгүнөн пайда болгон улуттук буюмдарды сатуучу дүкөнчө ачып, бир нече жумушчуларды камсыз кылып., элиме да, өзүмө да пайда келтирейин деп жатам”.

Буюмдар (3)

Сайрагүл Олжобаеванын кесиби врач болгону менен,  кийизден шашки жасоо менен эле чектелип калбай кыздар үчүн улуттук оюлар түшүрүлгөн сумкаларды, кичинекей сувинерлерди, чайнектин астына койгуч, тарелканын астына койгуч, чайнектин үстүн жаап коюуга боло турган улуттук буюмдарды жасап келет. Алардын ар бирине оюуларды ойлоп таап түшүргөнүн айтат:

“Мен өзү кичинемден эле колго жасалуучу улуттук буюмдарды жасоого кызыккандыктан, бир нерселерди кызыгып жасай берчүмүн. Азыр да жок дегенде ишимден келгенде бир же эки саат болсо да тигүү менен алектенем. Себеби мен улуттук буюмдарды тигип жасаганда эс алам. Менин кошумча жана сүйгөн кесибим тигүү болуп саналат”,-дейт Сайргаүл эже.

Буюмдар (11)

Буюмдар (7)

Буюмдар (6)

Буюмдар (5)

 

Буюмдар (4)

 

Буюмдар (1)

Салтанат Жусупова

Уздун жардамчысы Салтанат Жусупова да улуттук буюмдарды жасоого кызыгат. Ал Сайрагүл эженин жасаган буюмдарын көрүп кызыккан, анан ага жардам берип чогуу иштөөнү сунуштаганын айтат:

“Мен да улуттук буюмдарды жасоого кызыгам. Үйдө бош убактымда төшөк тигем, курак курайм, жөлөнгүч тигем, ар кандай кол өнөрчүлүк менен шугулданып турам. Мага Сайрагүл эженин жасаган буюмдары жагат. Сайрагүл эжеге көптөн бери жардам берип келе жатам, кудайга шүгүр жакшы эле жетишкендиктерге жеттик”.

Анара Оморова

Анара Оморова эже Сайрагүл эженин дайымкы кардары. Чайнек койгучун үйүнө алпарганда, үйүндөгүлөр таң калышкан. Мындагыдай сонун улуттук буюмдар, башка  эч жерде жок дейт ал:

“Мага Сайрагүл эженин буюмдары аябай жакты. Айрыкча кийизден жасаган шашкиси, эч жерде жок деп ойлойм. Менимче бул да өзүнө талант болсо керек. Себеби ар бир эле адамдын колунан, бул иштер келе бербейт да”.

Автор: Бекназар Исабек уулу.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.