Ошто мыйзамсыз кармалгандардын саны көбөйүүдө

Убактылуу кармоочу жай

Ошто мыйзамсыз  кармалгандардын саны азайбай келатканы “Бир  Дүйнө -Кыргызстан” долбоору алкагында белгилүү болду. Мунун себеби жарандар өздөрүнүн укуктарын  жана  милдеттерин жакшы билбегендиктен улам дешет адистер.  Ошого буайланыштуу укук коргоочулар бул жаатта ошол эле учурда эл арасында түшүндүрүү  ишин  жүргүзүп,  китептерди таркатып  жатышат.

Ош шаарынын тургуну Дилмурат Туражанов мындан бир жыл мурун убактылуу кармалып кайра чыккан фактыны азырга дейре мыйзамсыз деп баалап келатат. Бирок баары бир кеч болуп калды. Ал абакта жаткан учурда ден соолугунун начарлап чыккан:

“2012-жылдын 18-февралында саат бештер чамасында  Шейит-Дөбө районунда, мени мыйзамсыз аскер  кийимчендер “маңзат сатып, соода  кылгансың”,- деген күнөөнү  коюп, кармап  кетишкен.147-берененин 308-пунктарын коюп, мени түнү менен  уруп, согуп атып, бир пакетти көрсөтүп,  кол койдуруп алышкан. Ошол бойдон  1-жыл  эки  ай түрмөдө жаттым. Анан акырында актай турган күнү,  мени күнөлүү деп, эки жылга көзөмөлдөөгө  койгон. Анан мен, 2013-жылдын  23-апрелинде  бошондум. Эгер мени актай турган болсо, мени айыптагандарды  кетириш  керек экен да, ошол үчүн мени  2-жылга шарттуу мөөңөт койгон”,-дейт Дилмурат Туражанов.

Ош шаарында мындан башка да мыйзамсыз кармоолор уланып жатканын “Бир Дүйнө- Кыргызстан” укуктук кыймыл мүчөлөрү тастыкташат. Өзгөчө 2010-жылкы коогалаңдан кийин бул процесс күч алды дешет алар:

“2010-жылдагы окуядан  кийин аз эле убакыт ичинде,  акыркы эки айдын аралыгында 13 киши күнөөсүз кармалган. Мыйзамсыз кармоо боюнча, орточо  алганда,  башка  адвокаттар менен иштеп чыксак  60-65ке чейин мыйзамсыз  кармалуулар  болгон. Башкача  айтканда, мыйзамсыз кармалган жарандарды бир нечесин  аныктаганбыз”,- дейт кыймылдын мүчөсү Айсулуу Жапар кызы.

Укуктук кыймылын мүчөлөрү пресс-жыйын берип атышат
Укуктук кыймылын мүчөлөрү пресс-жыйын берип атышат

“Бир Дүйнө-Кыргызстан” долбоорунун юристи  Бөрүбай Жураевдин айтымында, бул эми негизинен карапайым тургундардын мыйзамдык жактан сабатсыздыгында туруп атат:

“Жарандардын  көпчүлүгү өз укугун билбегенден улам, өз укуктарын коргой алышпай жатат. Ошол себептүү биз аларга бир топ түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Өзгөчө шаардын  четиндеги  айылдардан  да  түшүндүрүү  ишин  жүргүзгөнбүз. Анда  80-100дөн адам чогулган. Көбү өздөрүнүн укуктарын билбейт. Алар ал эмес, мыйзамсыз кармалган учурда кимге  кайрылышын да  билишпейт”, - дейт укуктук кыймылдын юристи  Бөрүбай  Жураев.

Долбоордун алкагындар жарандар менен укук коргоо органдарын да беттештирип, өз ара мамилесин жолго салуу менен бирге жарандардын, элдин күч органдарына ишенимин  жогорулатуу иштери жүргөн.

Бул долбоорду көз карандысыз укук коргоочулар менен бирге Ош шаарындагы Акыйкатчынын аппараты, шаардыкпрокуратурасынын өкүлдөрү да катышкан.

Укуктук кыймылын мүчөлөрү пресс-жыйын берип атышат.
Укуктук кыймылын мүчөлөрү пресс-жыйын берип атышат.

Прокуратуранын өкүлү Асан Биалиев долбоордун пайдасы жөнүндө мындай дейт:

“Ушул жылдын май-июль айларынын ичинде жаңы долбоор иш жүзүндө жүргүзүлүп, 12 жолу коомчулук менен  жолугушуу  өткөрдүк. Андан соң Ош шаарынын жергиликтүү калк ээлерине жана Ош шаарынын айланасында жайгашкан жерлерге,  айылдарга милиция кызматкери  кармаган учурда, эмне кылыш керек экендигин жана милдеттерин билгизүү үчүн түшүндүрүү ишин жүргүздүк. Ошол эле учурда элдердин  суроосуна жооп бердик”,-дейт  А.Биалиев.

Ошондой эле  долобоордун кызматкерлери элдер топтолгон жер-жерлерде көптөгөн адамдарга “Өз укугун коргоону үйрөн” аттуу китебин таркатып чыгышкан.

“Өз укугун коргоону үйрөн” китебин атын атап, чогулушка келген элдердин баарына тараттык. Бүгүнкү күндө бул китеп 5000 (беш миң даана кыргыз, орус, өзбек тилдеринде басылып чыгып тартылып жатат”,-дейт Ош шаарындагы Акыйкатчынын аппаратынын өкүлү Назаридин Бакиров.

Автор: Айгерим Абибиллаева.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.