Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылында “Карынбайдын таштары” аттуу таштарды курулушка жер-жерлерге ташып кетишүүдө. Айрымдары муну экологияга зыян дешсе, бийликтер жергиликтүү казынага көп акча түшпөй калып атат деп капа болушууда.
Жалпак ташты казып жаткан эң чоң ишканалардын бири мындагы "ТОО-ТАШ" ЖЧКсы. Мында учурда 14 жумушчу таштарды курулушка ылайыктуу кылып кардарларга жеткизип берет. Ишкананын өндүрүштү башкаруучу адиси Манас Койчуманов иш жакшы жүрүп жаткандыгын белгилейт:
"Биздин завод азыр жакшы иштеп атат. Бул жердеги жумушчулар иштегенине жараша айлык алат. Болжол менен 10 миң сомлун тегерегинде маяна алышат. Шарттары кеңири абдан жакшы түзүлгөн. Жумушчулардын бизге эч кандай дооматтары жок”,-дейт ал.
Мында учурда таш ташыган 18 ишкана бар. Иштеп жатканы 6 таш өндүрүүчү ишкана, 2 цех бар заводдордо өздөрү өндүрүшөт, алар даяр продукция чыгарат. Жалпысынан карерде 120-130 адам иштейт.
Таш ташып кетип аткан ишканалар жерине жараша гектарга, сотыхка карап, айыл өкмөткө 12% налог төлөшөт. 6% мамлекетке 6% Жалпак-Таш айылынынын бюджетине түшөт.
Ошондо 1977-жылы Сары-Таш кыргыз географиялык экспедициясы бойунча ачылган. Анан 1978-79-жылы геология кызматынын балансына 80 гектар жер өткөрүлгөн. Андан кийин 78- жылдан бери “Жалал-Абад кыш” заводу иштетип келген.
“Таштын мындай сорту Өзбекстандын Самарканд шаарында, Азербайжанда, Арменияда бар экени айтылат. Бирок аларды казыпу алууга кыйын экен. Жалпак-Таштагы таш жер астынан 3 кабаттан казылып алынат. Жердин астынан чыккан суулар жогору жактан келип кошулат. Бул жерде экологиялык жактан эч кандай зыянсыз”,-дейт мында иштегендерлин бири Адилет Абдыжапаров.
Анткени жергиликтүүлөр таш казуу өндүрүшү карапайымдарга кээде зыянын да тийгизип жатканын айтышууда. Жалпак-Таш айылынын тургуну Алмаз клооп.кжге мынтти:
“Оор жүк ташуучу машинелер жолдордун баарын талкалап бүттү. Тапакыр жараксыз абалга кептелип жатпайбы, жолду оңдосо бизге дагы өздөрүнө дагы жакшы болмок. Менимче талкаланган таштардын калдыктарын да жакшылап карашы керек. Ал биз ичкен сууга кирип, булгап, баарын кыйнап атат”,-дейт ал.
Ал эми ишкана ээлери бул туурасында мындай дешет:
“Жер көчкү болгондо жолдорду оңдоп жатабыз. Жол убактылуу бузулушу мүмкүн. Бирок жол бузулганы үчүн биз салык төлөйбүз. Анан да жолго шагыл төккөн да биз, ал жердин шарттарын өзүбүз каржылап атпайбызбы. Мындан башка канча жумушчу үй-бүлөсүн багып, акча таап атышат. Таш болгону үчүн канчалаган жаштар Орусиядан кайра келип, мына ушу жерде жанын багып атышат”,-дейт таш казуучу Манас Койчуманов.
Таштын химиялык жана физикалык касиети бар. Адистер аны бышырылган кышка окшоштурушат. Ысыкта салкын, суукта жылуулук касиети бар. Аны кескенге да оңой, ошон үчүн жумшак таштын башка сортуна караганда жумшак. Үйдүн ичине да, сыртына да койгонго болот. Ал эми таштын кумунун кээ бир майдаларын тоокко да жем кылганга болот. Ошол үчүн да бул таш баалуу болуп келет.
Легендарлуу таштын кантип пайда болгонун эл оозунда толтура жомок менен айтып келишет. Бир уламышта мындай деп айтылат:
"Жалпак-Таш бир канча миң жылдар мурун пайда болгон. Башкача айтканда мурун бул жерде кыямат кайым болгон экен. Ошондо деңиздин чөкмө суулары соолуп, кумдар калган. Ошо кумдун ичинде дарыядагы деңиз жаныбарларынын сөөктөрү кумга аралашып, сырткы күчтүн таасири менен кум катып калган. Башкача айтканда климаттын өзгөрүшү күндүн, суунун, шамалдын, жаандын таасиринен улам кум менен катып ошодон мезгилдин өтүшү менен ташка айланган. Бирок анда кыргыздар жок болчу. Көчүп келгенден мурун болгон окуя. Ал эми Карынбайды жер жутканы ырас, бирок Кыргызстанда эмес. Макатиллада болгон”,-дейт Абий Мойдунов.
Уламыштардын дагы бир эң атактуусу «Карынбайдын ташы» уламышы. “Илгери, Карынбай деген ач көз киши болгон экен. Ал кудайдан жүз миңдеген мал, дагы ушунча жылкы бер дептир. Анан малынын туягын карап, дагы ушунча болсо дейт имиш. Дагы ошончо мал берсе, буттарын карап алып дагы дейт экен… Айтымында, анын малы сансыз болуп, бир сайды түгөтө ичип салышчу экен. Бирок Карынбай ошого да шүгүр кылбай, эч ким менен бөлүшкөн эмес. Жадакалса бир коюн да сойгонго ичи оорунган эч качан тойбостугунун айынан бардык малдары ташка айланып калган экен. Карынбайдын өзүн болсо жер жутуп кетиптир. Ошол окуя ушул жерде болуп, анын койлору ушул таштарга айланып калган”,-дейт жергиликтүүлөрдүн бири Уларбек Абдымомунов.
Бул уламыш эл оозунда көп айтылып жергиликтүүлөр бул жөнүндө ырларды чыгарып, обоз созуп жүргөн учурлары да бар. Алардын бири Жалпакташтык Урматбек Исаков мындай деп ыр жазган:
“Жалпак-Ташым
Жомокпу же чындыкпы эч ким билбейт,
Антсе да өткөн күндү тарых сүйлөйт .
Жыйналган дүйнө мүлкүн ташка айланткан.
Жер соргон Карынбайды эч ким билбейт.
Төрт түлүк малга жайыт өзөн сайын.
Алдиар, Султан супаа жайыттарың.
Кандырып суусунуңду бой балкыткан,
Таза булак, Таш булак булактарың.
Андыктан сага тамган киндик каным,
Жыл сайын жашарууда жалпакташым.”
Автор: Айгерим Абибиллаева.
Редактор: Эрнист Нурматов.
Сүрөттөр автордуку.