Ош: Ажылыктын “шапкеси” ачыкка чыгууда

Supplicating_Pilgrim_at_Masjid_Al_Haram._Mecca,_Saudi_Arabia

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов ажыга баруу коррупция менен байланышып, динаятчылар зыяратчылардан пара сурап жаткандыгын айтып чыкты. Ажылар болсо, бул маселени ачык айтышпаган менен айрым учурларда ушундай фактылар бар экенин четке кагышпайт.  Ал эми Ош шаарынын казыяты болсо, бул иште эч кандай акча алуу жоктугун ачыктоодо.

Ай жыйынтыктаган, аппараттык жыйында Ош калаасынын башчысы Мелис Мырзакматов көп көйгөйлөр менен кошо ажылык ишиндеги көшөгө артындагы маселелерди да кошо козгоду:

“Мага аксакалдар суроо-талап менен келип кайрылышты. Ажыга баруучулардан пара талап кылып жатышат экен. “Ушул көйгөйдү чечип бериңиз” дешти. Пара берсеңер тизмеге кошобуз болбосо, орун жок деп жатышыптыр. Ал акчаларды бир жле динаятчылар албайт экен. Анын ичинде улуттук коопсуздук кызматынын үлүшү, штабдын үлүшү, ажы башынын үлүшү бар экен»,-деди мэр.

Supplicating_Pilgrim_at_Masjid_Al_Haram._Mecca,_Saudi_Arabia
Иллюстрация үчүн сүрөт

Бирок ошол күнү жыйында казыяттан эч ким болбогондуктан бул маселе андан ары талкуу болгон жок.

Ажылар болсо кээ бир учурда пара берүү болуп жаткандыгын, бирок официалдуу эч ким арызданбагандыгын айтууда. Кара-Суулук, Сауд Арабиянын Мекке шаарын бир канча жолу барып келген ажы аке Абдилла Исманов мындай дейт:

"Мен жеке өзүм пара берип көргөн жокмун. Бирок “пара бербесем орун жок экен, бербейбиз” деп айтып калышкандар бар. “Эптеп акча берип быйылкы сапарга илешип калайын” деген сөздөрдү угуп калчумун. Негизи мусулманчылыкта пара берген да алган да күнөө болот”,-дейт Исманов.

"Ажы сапарына баруу үчүн биринчи материалдык абалың жакшы болуш керек. Карызга акча алып барганга болбойт. Сен кеткенде үй-бүлөң тамак-аш кийим-кече менен камсыз болуш керек. Арам акчага зыярат кылганга да болбойт. Кошуналарыңдын да курсагы ток болууга тийиш",-деди Абдилла аке.

Ош шаарынын казыяты болсо бул айыптоолорду такыр четке какты. Шаар казысы Убайдылла ажы Сарыбаев клооп.кжге мындай деди:

DSC_0961
Убайдылла ажы Сарыбаев

"Биз пара албайбыз, ачык иштейбиз. Пара алуу бул чоң күнөө. Биз мыйзам чегинде иш алып барабыз. Мен ага кепилдик берем. Балким пара алган кишилер казыятка такыр тиешеси жок, ортодогу адамдар болушу мүмкун",-дейт ал.

Адистер болсо бул иште тыкыр мамиле жасоо керек деген пикирде. "Адеп башаты" коомдук прогрессивдүү фондунун координатору Даудбек Абу уулу,  “зыяратчылар берген акчасынын ар бир тыйыны кайсы жака жумшала тургандыгын так билсе жакшы болот эле»-,дейт.

"Мага телефон чалып кээде сурашат. Менден пара сурап жатышат эмне кылайын.  Пара берсем күнөө, бербесем тизмеге кирбей калам. Кеңеш берсең деп айтат. Ажыга пара суроо маселеси боюнча ооз эки арыздангандар бар. Бирок арыз менен кайрылгандар жок. Менин оюмча зыяратчылар акчаны берип жатканда так билиши керек, эмнеге менин акчам кетип жатат жана кандай укукка ээ экендиги  жөнүндө”,-деди Абу уулу.

Ош шаарындагы борбордук мечит
Ош шаарындагы борбордук мечит

Даудбек Абу уулу өзү да бир кезде, ажы башчы катары зыяратчыларга топ башы болуп келчү:

“Мен ажы башы болгомун. Бир тайпада 45-50 чейин ажыга баруучулар болот. Кыргызстан Сауд Аравиясы менен келишим түзгөн, жана долбоор бар, ошонун негизинде тамак-аш, жатакана, медициналык кызмат көргөзүү акысыз. Ал долбоорду Аравиянын ханзадалары  жана (нефтяной магнаттар) каржылайт. Ал эми муфтият айткан 2300$ ичиндеги тамак-аш бул 2 жолу гана тамактанышат. Мадинанын так ортосунда 100$ га үч жылдыздуу мейманканалар бар. Бирок эмнегедир биздин зыяратчылар эң арзан шаардын четиндеги мейманканаларга орношуп калат. Бирок алардан 100$ дан алышат. Ажылыктын бир парзы каабатулону тавап кылуу. Кааба ачылат, эшиги бар. Кыргыздарда сөз бар эмеспи, 4 тарабың кыбыла деген. Дал ушул каабанын ичинин 4 тарабы кыбыла. 4 жакты тең карап намаз окуса болот. Сауд Аравиянын королу жеке өзү каабанын ичин тазалап чыгат",-дейт ал.

Ош шаарындагы борбордук мечит
Ош шаарындагы борбордук мечит

Ажылык деген сөз арабчада бир тарапка жүздөнүү деген маанини берет. Ажылык – белгилүү бир убакыт ичинде, белгилүү бир жерлерди, өзгөчө шарттарды аткаруу менен зыярат кылуу. Жылдын белгилүү күндөрүндө ажылыкты ниет кылуу менен ихрамга кирип, Арафатта бир канча убакытка туруу жана Каабаны тооп кылуу, айлануу болуп саналат. Ихрам кийүү ажылыктын шарты, Арафатта туруу жана Каабаны айлануу ажылыктын парздары.

Кыргызстан мусулмандарынын Азрети Муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев учурда ажыга баруу бир топ жеңилдеп калганын айтууда:

"Ажылык сапарды “Ажылык Умра” борбору муфтият менен бирге уюштурат. Ушул убакка чейин бул борбор квотаны бөлүштүргөн, жана көзөмөлдөп турган. Бул топко депутаттар жана тиешелүү фонддор кирет. 7- июлда улемдердин кеңешинде борбордун жумушу канаатандырарлык эмес деп табылды, ошол себептен жабылды. Анын милдеттери мусулмандардын диний башкармалыгына жүктөлдү. Быйыл Бишкекте Сауд Аравиянын элчилиги ачылды. Консулдук паспортко визаны берүунү элчилик аткарат. Бизге тапшырылган паспортту биринчи ички иштер министирлиги, Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук кызматы андан кийин гана элчиликке тапшырылат. Зыяратчылардын паспорту аэропортто гана берилет. Быйыл жаңы нерсе киргизилди ар бир зыяратчыга id карточка берилет. Бул карточкада аты фамилиясы паспорттун номери англис, орус, араб тилдеринде жазылат”,-дейт ал.

Быйыл Кыргызстанга 4500 орун бөлүндү. Россия үчүн 2100, Өзбекстан үчүн 5500.

Меккеге сапар бир адамга «Ош-Джидда» рейси менен кетүүгө каалоочуларга 2300 АКШ долларын жана 1000 сомду түзөт, ал эми «Бишкек-Джидда» менен чыгууну каалагандарга 2200 доллар жана 1000 сомду түзөт.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен ажылык ишиндеги пара берүү ишин сурап байланышууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок.

Автор: Элиза Таштанова.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.