Өзгөн: Күнүмдүк чатакка улуттук боек берилип...

Узген 17-июль, 2013-жыл. (1)

Аз күн мурдараак Өзгөндө МАИ кызматкерлери менен карапайым жарандар ортосунда чыккан чырга улуттук түс берилип, эл арасында дүрбөлөңгө түшкөндөр көп болду. Айрым маалымат каражаттары жана социалдык түйүндөрүндө кээ бирлери окуяны ашкере сүрөттөп жиберишти. Адистер болсо эки жолку кандуу кагылыштан жалкыган эл, кичинекей эле нерседен чочуп калганын айтууда. Ошол себептүү окуяны чагылдырууда так маалымат таркатуу керек дешет алар.

 “Негизи окуя кандай болду эле?”....

Окуя 17-июль күнү кечкисин Өзгөн шаарынын борбордук көчөсүндө орун алган. Катуу ылдамдык менен кетип бараткан Хундай Аванта үлгүсүндөгү унааны авто инспекция кызматкерлери токтотуп, текшерүүгө алышкан. Айдоочуда  тиешелүү документтер жок болгондуктан, ага өзүнө жараша жазана коюлган. Андан ары МАИчилер унааны атайын токтоочу жайга алып кетүүгө аракет кылышкан учурда унаа ээси жакын арада жүргөн туугандарын чогултуп, ызы-чуу салып, чатак ырбап кеткен.

“Чогулгандар милиция кызматкерлерин оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, намыска тийген сөздөр менен кыйкырышкан. Жөн эле кыйкырып калбай айланадагыларды да чакырып, 100гө жакын жаштарды чогултуп ызы-чуу кылган. Алар ошол МАИ кызматкерине карата күч колдонушуп, атайын машинени алдыңкы айнегин талкалап салышкан. Кайгуул күзөт полкунун милиционерлери барышканда, ал кызматкерлердин дагы формаларын жыртышып, аларга дагы күч колдонушкан”,-дейт Ош облусттук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев.

Узген 17-июль, 2013-жыл.
Өзгөн 17-июль, 2013-жыл.

Окуяга милициянын атайын тобу да аралашып, айыптуу деп шектелген эки адамды кармашкан. Бирок алардын туугандары райондук милицияга да келип ызы-чуу кылгандыктан, окуяга улуттук түс берилип кеткен сыяктуу.

Жеңиш Ашырбаев мындай дейт:

“Бул жерде эч кандай эки улуттун өкүлдөрү урушкан жок. Болгону ошол окуяга айыптуу делген эки жаранды, атайын топ барып кармап келишкенде алардын артынан дагы 100дөй өзбек улутундагы адамдар, кармалгандардын туугандары топтолуп келишкен. Алар шектүүлөрдү кое берүүнү талап кылып, милиция бөлүмүнө кирүүгө аракет жасашып, ызы-чуу кылышкан. Ошондо туура эмес маалымат таркап, “өзбектер көтөрүлүптүр, РИИБини басып алганы жатышат экен” деген сөз таркап кеткен. Ошондон кийин Өзгөндүн айланасындагы кыргыз жаштары да чогулуп келип, 100дөй кыргыз менен дагы 100дөй өзбек жаштары тирешип калышкан. Бирок милиция кызматкерлери эки улуттун ортосундагы жаңжалга жол бербестен, түнкү саат 23:30дар чамасында баарын таркатып жиберишкен”.

Узген 17-июль, 2013-жыл. (2)
Өзгөн 17-июль, 2013-жыл.

 

Учурда окуя боюнча Камилжан Абдуллажанов жана Бахрамжан Файзуллаев аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайда жатат.  Аларга карата бийлик өкүлүнө кол салган жана бейбаштык кылган деген айыптар боюнча кылмыш иши козголгон.

Абдуллажанов менен Файзуллаевдин туугандарынан кенинирээк маалымат алуу аракетибизден майнап чыккан жок:

“Мен бул боюнча маалымат бере албайм. Окуяга катышкан да жокмун, ал жерде эмне болгонун да билбейм. Азыр эч нерсени түшүнө албай жатам. Эч нерсени билбейм. Үкөм эрте менен чыгып кеткен боюнча үйгө келбей калган, анан сураштырсак ушул жакта экен. Азыр чакыртышканынан келдим, эми бул жагы эмне болот билбейм”,-деди кармалгандардын атын атагысы келбеген тууганы.

Бийликтер Өзгөн районунда жана Өзгөн шаарында кырдаал туруктуу экенин ошо күндөрү эле айтып чыгышкан. Аймакка облустук ички штер бөлүмүнөн кошумча күчтөр тартылган менен, абал Бирок элдердин жүзүндө эч кандай кооптонуунун белгилери байкалбайт.  Өзгөн шаарынын жашоочусу Абдылда Баратов:

“Жашообуз күндөгүдөй эле өтүп жатат. Эч кандай өзгөрүү, эч кандай тополоңду көргөн жокпуз. Биз билгенден бирөө менен бирөө урушуп аткан жок. Жаш балдар ойноп атат, паркта элдер кадимкидей эле жүрөт. Кыргыздын балдары деле, өзбектин балдары деле эч нерсе болбогондой ойноп жүрүшөт. Чоңдор деле эки улут аралаш эле жашап атат. Базарыбызда деле эл жык-жыйма, соодабыз кызып атат. Угушубузча, ошо күнү жаш балдар кичине тополоң кылып, өзбек-кыргыз болуп чатакташып кетиптир. Бирок ага катышкан бирөөнү деле көргөн жокпуз, чатактын белгилерин деле байкабай атабыз”,-дейт.

“Бир экиге айланганда”...

Ошого карабай айрым жерлерде, кээ бир маалымат булактарында 17-июлда Өзгөндө  чатак чыгып, унаалар өрттөлүп, мушташ орун алыптыр деген сөздөр таркаган. Ал тургай Фейсбукта колдонуучулардын бири:

“МАИ кызматкерин өзбек тектүү жаштар сабап, машинасын талкалап салгандыгы кабарланууда. Тартип бузгандарды убактылуу кармоочу жайга камап койсо, аны бошотуу үчүн эки миңдей өзбек тектүү жарадар топтолуп келип, чуу салып, райондук ички иштер бөлүмүнүн алдын тороп алгандыгы, аларга каршы жети жүздөй кыргыз тектүү жарандар топтолуп, опурталдуу кырдаал жаралгандыгын «Өзгөн нуру» райондук гезитинин кабарчысы Каныкей Жороева билдирди”,-деген постту жазып жиберген.
Өзгөн 17-июль, 2013-жыл.
Өзгөн 17-июль, 2013-жыл.

Мындай фактылар өзгөчө 2010-жылкы июнь окуясынан кийин күчөгөндүгүн адистер эскертип келишет. 3 жыл ичинде жер-жерлердеги майда-чүйдө чыр-чатактардын баары улуттар аралык мамиле менен байланыштырылып, ошого байланыштуу сүрөттөгөндөр көбөйгөн.

Маселен, 2011-жылдын 18-июлундагы Аравандагы жөнөкөй эле окуя элди да, журналисттерди да бир топ ашыкча ушак-кеп чыгаруусуна турткү берген. Борбордук базардагы эки улут өкүлү чатакташа кетип, алардын тарапкерлери заматта базарга топтоло калган. Муну бир катар маалымат каражаттары Араван районунда “кыргыз улутундагы таксистти жергиликтүү башка таксисттер сүзүп кетишкени, анын тарапкерлери чогулуп, өзбек тектүүлөр менен урушуп кеткени” кабарланган. Кийинчерээк Ноокатта да ушуга окшош эле окуя орун алып, айрым ММК тарабынан апыртылып сүрөттөлгөн.

Араван, 17-июль, 2011-жыл
Араван, 17-июль, 2011-жыл

Ушул жылдын эле башында, тагыраак айтканда январ айында Өзгөндүн Куршаб айылында кыргыздар менен Датка-Кемин проектисине келген кытайлык жумушчулар ортосунда мушташты ашыра көркөмдөп баяндагандар болду. Ал эмес айрым маалымат каражаттарында кытайларды массалык уруп-сабоого үндөп ийишти.

Куршаб, кыргыз-кытай чатагы, 2013-жыл, январь
Куршаб, кыргыз-кытай чатагы, 2013-жыл, январь

2013-жылдын 16-майында Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Сафед-Булан айылында мектеп окуучулары арасында чыр чыгып, бул окуя да айрым маалымат каражаттарында улуттук боек сүртүлүп кеткен. Бирок жергиликтүү бийликтер муну да “ күнүмдүк тиричиликтен чыккан чыр” деп түшүндүрүшкөн эле.

“Жомокчуларды” кантип азайтуу керек?...

Оштогу медиа эксперт Жылдыз Бекбаева окуяларды ашыра сүрөттөөлөр бийлик өкүлдөрү тарабынан бериле турган маалыматтардын аздыгы же убагында жетиштүү болбогондугу менен байланыштырууда.

Жылдыз Бекбаева, медиаэксперт
Жылдыз Бекбаева, медиаэксперт

Клооп.кж:

-Өзгөндө болгон окуяны айрымдары фейсбуктан, Өзгөндө 700 адам чогулду, өзбек-кыргыз урушу чыгып кетти деп жазып жиберишти. Кээ бир белдүү журналисттер деле ашкере баяндап атышты. Ушундай жөнөкөй эле окуяларды чагылдырууда журналисттер эмнеге этият мамиле кылбай атышат?

Жылдыз Бекбаева:

-Официалдуу, такталган маалыматтын жоктугу ушул нерсеге алып келди. Ошондуктан кечинде болгон окуяга жок эле дегенде МВДнын пресс катчылары эртең мененкиге кыска-нуска кылып болгон окуя тууралуу маалымат даярдап, официалдуу билдирүү таркатыш керек болчу.

ММКлар бул тууралуу сөзсүз түрдө жазаарын билишет, анан ооздорун ачып отура бербей расмий, так маалыматты таркатып койсо ушундай нерселердин көбүртүп-жабыртуунун алдын алынмак. А биздикилер тилекке каршы болгон маалыматты да бербей, тоок жумуртка баскансып бекитип отура беришет. Анан журналисттерди күнөөлөшөт. Официалдуу маалымат болбосо журналист башка маалымат булактардан маалымат издөөгө, алууга туура келет. Ал эми ал булактар канчалык деңгээлде так маалымат берет ал эми башка кеп.

Клооп.кж:

-Негизи 2010-жылдагы окуяда, андан кийинки инциденттерди көрүп-билип, чагылдырып жатып, Оштогу, Жалал-Абаддагы журналисттер маалыматты этияттап беришти үйрөнүштүбү? Дегеним, 2-3 жыл ичинде ар жерде жанагындай күнүмдүк кыргыз-өзбек чатактары чыгып атпадыбы. Ошондо апыртып сүрөттөп ийгендер болуп атты...

Жылдыз Бекбаева:

-Эми бул суроого бир жактуу жооп бериш кыйын. Ал нерсе ар бир журналисттин тажрыйбасына, турмуштук позициясына жараша болот. Кээде карасаң кээ бир кесиптештерибиз жумурткадан кыр издеген учурларын көрүп зээниң кейийт. Анан да журналисттик этикага туура келбеген иштерге барып жатышат. Укук коргоо, сот органдарынын иштерине мурдун тыгып ийген кесиптештерибиз болуп атат. Биздин журналист катары андай ыйгарым укутарыбыз жок, мындай иштер биздин кесиптин беделинин түшүп кетүүсүнө алып келиши мүмкүн.

Коомчулук эмне дейт?

“Улут аралык мамилеге байланышкан окуяны чагылдырууда журналисттер эмнени эске алышы керек?” деген суроо менен бир топ жарандарыбыздан да жооп алдык.

Султан Жумагулов, “Азаттык Медиасынын” Бишкек Бюросунун жетекчиси:

-“Иши кылса, достор - замандаштар, эмоцияга алдырбоо керек, бул журналистикадагы эң маанилүү шарт. Дегеле турмушта абдан керек касиет. Кан самагандардан кудай сактасын!”.

Элиза Таштанова, жаш журналист:

-Менин оюмча журналист ушундай конфликт болгон ситуацияда өзү барып, иликтеп, тактап, мүмкүн болсо сүрөткө тартып, диктофонго бүт тараптардын оюн жазып, анан чагылдырышы керек. Кенен анализ жасап кийин гана макала жазып чыгаруусу максатка ылайык болот.  Үйүндө отуруп алып эле болжолдоп жазган такыр туура эмес.

Халилжан Турдубаев, Өзгөн шаарынын жашоочусу:

-Эми бир мадырабаш жаш балдар эле кичине чокуша кетсе, ошону деле проблема кыла бересиңерби?... Мына карапайым эл ичинде баары жакшы. Мына биз кыргыз-өзбек аксакалдар аш кылып жегени жатабыз ал эмес. Биз болгону 90-жылдагы, 2010-жылдагы чатакты баштан өткөрүп калдык. Ошого эл ичинде аз-маз дүрбөлөң болду. Журналисттер маалыматты берүүдө аз-маз ойлонушса жакшы болот эле.

Дастан Үмөтбай уулу, жеке кабарчы: 

 -Журналисттер өздөрүнүн, сайттын же гезиттин кызыкчылыгы жана окурманды көп топтоо үчүн улуттар аралык мамилени козгоп, эки адам урушуп кетсе да өзбек-кыргыз урушуп кетти деген маалымат таратуусу ушакчы катындардын иши. Ал деген журналист эмес. Эскертүү берип, дагы ошол сыяктуу маалымат таратса ал журналисттердин жазуусуна тыюу салуу керек. Камак кереги жок. Башка ат менен жаза турган болсо ошол ММКны жаап салуу керек. Ошондо алар жалган, ушак, эки улутту козуткан маалыматтарды таратпай калат.

 Автор: Эрнист Нурматов

 Макала “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.