Ош: балдардын эс алуусу неге кымбат?

Alymbek_datka_es_aluu_jaiy_(D_U_U)10

Ош шаарында жайгашкан балдардын эс алуу жайларындагы кымбатчылык жашоочулардын арасында нааразылыктарды жарата баштады. Оюн машинелерине, таттууларга  жана суусундуктарга коюлган баалардын кымбат экени эс алуучулар менен ал жердеги ишкерлер арасында түшүнбөөчүлүктөргө себеп болууда.

Баалар кымбат, эл көп...

Alymbek_datka_es_aluu_jaiy_(D_U_U)02
"Алымбек Датка" эс алуу жайы

Кааланын чок ортосунда жайгашкан «Алымбек –Датка» эс алуу жайынына күнүнө жүздөгөн адамдар келет. Сырттан келген туристерди да алгач ирет ушул жер менен тааныштырып, ал жердеги түстүү оргуманын жанында дем алдыруу салтка айланган. Үч кабаттуу боз үй, “Сулайман-Тоо” этнографиялык музейи да ушул жерде. Үйлөнүү-үлпөт кечесин өткөргөн жаштар да бул жерге келип, сүрөткө түшүп кетишет.

Күн сайын кечкисин “Алымбек-Датка” эс алуу жайы шаардыктардын негизги көңүл ачар жерине айланат. Мында негизинен балдарын ойноткону алып чыккан ата-энелер басымдуулук кылат. Ал үчүн бардык шарттар бар. Секирип ойной турган атайын үйлөмө желим, бир балага ылайыкталган моторлуу машине оюнчуктар ижарага берилет. Андан сырткары, балдарга арналган түрдүү оюнчуктарды сатып алсаңыз да болот. Бирок баасы базарга салыштырмалуу бир аз кымбат.Мисалы, бир шарды базардан 10-15 сомго алсаңыз, эс алуу аянтынан аны 25-30 сомго сатып аласыз. Моторлуу машинеде балаңыз ойногону үчүн ар бир мүнөтүнө 10 сомдон акча төлөйсүз. Үйлөмө желимге бир жолу чыгуу 30 сом. Андан сырткары, балмуздак, суусундуктар да базардагы баасынан 5-10 сом кымбатына сатылат.

Ош районундагы кичи фонтандын айланасындагы баалар да ”Алымбек-Даткадагыдан” кем калышпайт. Навоий паркында да ушул абал.  Ошого карабай, качан барбаңыз, бул жерлер эс алуучулар менен жык-жыйма. Бааларга нааразы болушканы менен, келүүчүлөрдүн саны азайган жок. Мунун себебин алар башка тандоо жоктугу менен түшүндүрүшөт.

“Алымбек даткадагы” ишкерлик

"Алымбек Датка" эс алуу жайы
"Алымбек Датка" эс алуу жайы

Гүлипа Азимова Төлөйкөн айылынын тургуну. Аны “Алымбек датка” эс алуу жайында  неберелерин ойнотуп жүргөн жеринен кезиктирдик. Гүлипа эне бул жердеги кымбаттыктан улам кээ бир оюн каражаттарына неберелерин ойнотпой жатканын айтты:

-Оюнчук машинелерге түшүргөн жокмун. Он мүнөт ойнотсом 100 сом болот. Эгер мен төрт неберемди ойното турган болсом акчам түгөнүп калып жатпайбы. Суусундуктарды бул жерде кымбаттыгын билип, базардан ала келдим. Азыр бир саатын ичинде 300 сом акчам кетти. Эгерде базардан эч нерсе алып келбегенимде мындан эки эсе көп акча кетет эле, - дейт Азимова.

Дагы бир жашоочу Н

Нурзат Апазова
Нурзат Апазова

урзат Апазова да Гүлипа эненин оюна кошулат:

-Буга чейин мен балдарымды бир канча жолу алып-келип ойноттум. Канча экенин эстей албайм, бирок чынында акчам аябай көп кетип калган. Бул жерде батут (үйлөмө желим) арзан экен. Парктын ичинде кымбат жана чек коюлган. 30 сом акча берсең 10 мүнөт ойнотот. Бул жерде каалашынча ойной берет экен, - дейт ал.

(Батут – үйлөмө секиргич. Желим, пружина сыяктуу ар кандай чоюлчаак буюмдардан жасалат. Спорттун түрү катары жайкы олимпиадалык оюндарга 2000-жылы киргизилген. Учурда Ошто эс алуучу жайларда балдар ойнотулуп, кызмат көрсөтүп жаткан желим каражат да батут деп аталып жүрөт)

Кылыч Келдибеков
Кылыч Келдибеков

Эс алуу жайында балдарга моторлуу унааны ижарага берген сегиз ишкер бар. Алардын ар биринде 10го жакын унаа  болуп, мүнөтүнө 10 сомдон ижарага берилет. Кылыч Келдибеков ошондой ишкерлердин биринин колунда иштейт:

-Элдердин арасында нааразы болгондору болот. Бирок аз учурайт. Кээ бир учурда гана мүнөтү ашыкча болуп кетти дешет. Башка учурда акчаны ыраазы болуп эле беришет. Мүнөтү 10 сомдон. Түшкөн каражаттын жарымын өзүм алып калам да,  жарымын кожоюнга берем. Бир машинага айына 2 миң сомдон мэрияга акча төлөйбүз. Кечинде карап тургандары үчүн бир түнгө ар бир машинага 20 сомдон кароолго акча беребиз. Биздин да чыгым көп. Ошого шараша пайда түшөт, өзүн актайт,- дейт Келдибеков.

Атын атоону каалабаган оюнчук сатуучусу өздөрү каалаган бааны коёрун, ошого жараша оюнчуктардын сапаты да жакшы экенин айтты:

"Алымбек Датка" эс алуу жайы
"Алымбек Датка" эс алуу жайы

-Кымбат болсо албай эле коюшсун. Кымбат болгону менен алардын сапаты жакшы.10 сомдон тартып, 500 сомго чейин товарлар бар. Нааразы болгондор деле жок, ар ким өзүнүн чөнтөгүнө жараша алып берет да. Биз да акча кошуп балдарыбызды багышыбыз керек. Жашоочулар деп эле акысыз таратышыбыз керекби,-дейт сатуучу.

Интернет баракчаларындагы талкуулар

Ош шаарынын эс алуучу жайларындагы кымбатчылык  социалдык түйүндөрдө да кызуу талкууну жаратты. Интернет колдонуучулардын көпчүлүгү баанын кымбаттыгына жергиликтүү бийлик күнөөлү деген ойлорун жазышкан.

Твиттер социалдык тармагында @sanjarbeke деген ат менен катталган колдонуучу өзүнүн балдары менен эс алууда жүргөнүн, баалардын кымабаттыгына нааразылыгын жарыялаган:

“Оштогу Алымбек датка эс алуу жайындагы ишкерлерди тескегендер барбы? Баалар асманда го. Балдар үчүн оюндар, суусундук, балмуздак, ынсап да керек го акыры.  Ушул тапта бала-чакам менен айланып жүрөм, бааларга оозум ачылып. Балдар ойной турган жерлерге акча төлөп, квитанция же билет сурасаныз, алардын оозу ачылат”

 

"Алымбек Датка" эс алуу жайы
"Алымбек Датка" эс алуу жайы

Ал Эми фейсбук коомдук тармагында болсо, “Жениш Кыргыз” деген ат менен катталган колдонуучу:

-Ошол жерде жүздөй балдар үчүн машиналар бар, бир минутасы 10 сомдон. Ээлери канча салык төлөйт экен? Кызык.бир сүрөт отуз сомдон. Салыка канча түшкөнүн такташ керек,-деп жазган.

“Туура айтасыз сүрөткө түшүү 30 сом. Бирок бир сурөттү өздөрү 5 сомдон чыгарышат”,-деген комментарий калтырган Emil Sagynbaev аттуу колдонуучу.

Ошого карабай, азыр Ош шаарынын тургундары эс алуунун жаңы жолун да үйрөнүп алышкан. Ал туурасында Жылдыз Бекбаева фейсбукка комментарий калтырган: 

“Оштогу эн кымбат баалар “Алымбек датка” эс алуу жайында. Балдар менен жана эле эс алып келдик.

"Алымбек Датка" эс алуу жайы
"Алымбек Датка" эс алуу жайы

Мурда барганда алып барган акчанын баарын кагып алышчу. Азыр эстүү болуп калдык. Балдар иче турган суусундук, балмуздак баарын жолдон магазинге кирип сатып алабыз, оюнчуктарды да.  Ал жерге барып ижаралуу оюндарды гана ойнойбуз. Ушундай бышыкчылыкта кукурузду (жүгөрүнү) 30 сомдон сатып атышат”

“Кожоюндар” эмне дейт?

“Алымбек датка” эс алуу жайынын ичиндеги оргуманын айланасы шаардык бийликтин “Сулайман-Тоо, Ак-Буура” аттуу муниципалдык ишканасына карайт. Ал жердеги сүрөтчүлөрдөн тартып, саттуучуларга чейин ишканадан уруксат алып аларга салык төгүп иштешет.

“Сулайман-Тоо, Ак-Буура” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Тагай Салиевдин айтуусунда, сүрөтчүлөр менен кичи унаа ойнотуучулары бааны эки тараптын макулдашуусу менен бекитишет:

Тагайдин Салиев
Тагайдин Салиев

 -Кымбатчылыктын себеби эмне?

-Бизде баары ачык, ошол жерде кызмат көрсөткөндөрдү чакырып колго салып, чечим чыгарганбыз. Ал жердеги машиналардын баарына дайым кардарлар келип турбайт да. Бир жыл мурун ар бир машина айына 1 миң сом төлөсө, быйыл 2 миң сомдон салык төлөшөт.

-Бир жылдын ичинде эки эсеге көтөрүлүптүр. 2миң сомдон кылып коюшуңуздарды себеби эмнеде?

-Биз да пайда табышыбыз керек да. Мурда тополоң болду, башка болду. Бекер да коюп жүрүшкөн. Бербей койгондор болгон. Анан аларды тартипке салып, бирдей эле баа коюп бердик. Эл барып жатат. Мурун эч ким барчу эмес да. Башка кызыкчылык деле жок. Биз да ойлонуштуруп жатабыз быйылдан кийин койбойбуз.

-Эмне алып саласыздарбы, Алардын ордуна кимдер же кандай каражаттар кызмат көрсөтөт?

-Мэриянын акчасына машина алып туруп, өзүбүз арзан кылып иштебиз. Анын чыгымына карап туруп чыгарып койсок балким минутасына үч сом болуп да калышы мүмкүн. Азыр эми ар ким алып-келип алып, биринин иши болуп жатат. Бириники болбой жатат. Алардын ордуларын аныктап бергенбиз..

Эгерде мэриядан 20 кичине машине алып, бештен төрт жерге коюп койсок, аларга пайда көп түшөт. Арзан да болот.

-Бир эле кичинекей унааларды эмес, башка тез тамактануу, балмуздактарды да мэриянын карамагына алып койсо болобу?

-Алардын баасы өтө эле кымбат эмес. Мэрия карамагына алган учурда деле, чыгымына карап, баа коёт да. Балким мурдагыдай эле болуп калышы мүмкүн...

Автор: Дастан Уметбай уулу