Ош: Каникулда иштеп, билим алган окуучулар көбөйүүдө

DSC_0168

Ош шаарында айрым балдар каникулду бош өткөзбөй, ар кандай жумуш аткарып эртеңки окуу жылы үчүн акча топтоп жатышса, кээлери курстарда чет-тилдерин үйрөнүү менен алек.

Ноокат районунун Додоң айылдык орто мектебининин бүтүрүүчүсү Айзирек Адамжан кызы ушул эле жердеги “Үмүт”

Айзирек Адамжан кызы
Айзирек Адамжан кызы

кафесинде ашпоз жардамчысы болуп иштеп жатат. Мында киргенин болгону Ал ата-энесинен акча суроодон тартынып, жашоосунда бирөөгө көз каранды болууну каалабаганын айтат:

“Менин иштегенимдин негизги себеби, ата-энеме жардам бергим келет. Алардан акча суроону каалабайм. Өзүм иштеп тапкан акчаны кененирээк пайдалангым келет. Ашпоздукту үйрөнүп, апама таттуу тамактарды жасап бергим келет. Ашпоздукту үйрөнүү кыздардын турмуш жолунда өтө керектүү милдет болсо керек. Себеби тамак жасоону билбеген кыз кийинки турмушунда да кыйналуусу мүмкүн”,-дейт ал.

Каникулда колоктоп бош жүрбөгөн Ош шаарынын тургуну Диназир Анарбек кызы

Диназир Анарбек кызы
Диназир Анарбек кызы

10-классты аяктап атат. Калпак тигүү менен алектенүүдө. Андан түшкөн акчага керектүү буюмдарды сатып алат. Ал быйыл калпак тигүүдөн түшкөн акчасына Ысык-Көлгө эс алып келүүнү максат кылып жатат:

“Мен кыргыздын улуттук кийимдерине кызыгам. Келечекте башка кыргыздын буюмдарын да жасагым келет. Бир жагынан мен калпак жасап жатып кыргыздын улуттук буюмдарына салым кошкондой болом. Мен эс алууга да убакыт табууга аракет кылам. Бош убактым болгондо Сулайман-Тоого эс алып зыярат кылып турууну жактырам.”

Башка бир окуучу, шаарда 9-класста билим алган Саматбек Бакиров тойго чыгуучу калонкаларды оңдоп, өзү үчүн каражат топтоп жатат. Ал топтогон акчасын керектүү буюм алып иштетейин деген ою бар. Тойго чыкпаса дагы жаш кезинен эле ушул сыяктуу техника оңдоону үйрөнүп алганын, бул өнөрүн өзү үчүн чоң жетишкендик деп эсептейт. Дегеле музыкалык инструменттерди оңдоо ага чоң атасынын өткөнүн айтат:

Саматбек Бакиров
Саматбек Бакиров

“Менин чоң атам музыкант болгон, көп нерсени ошодон үйрөнгөм. Ошондуктан музыкалык инструменттерди оңдоого кызыгам. Бош убактымда эс алам, бирок көбүнчө ушул иш менен алек болом. Менин өзүмдүн мага музыкалык инструменттерди оңдоону үйрөтүүчү устатым бар. Ал мага калонкаларды ондоонун жолдорун үйрөтүп турат. Мени кээде тойлорго да алып чыгып турат. Мен билем азыркы учурда той алпаруу, андай иштерге жаштык кылам. Бирок келечекте мыкты инсан болууну максат кылганмын”,-деди Бакиров.

Шаардагы мектептердин биринде окуган Ардак Жоомарт уулу “Хай Тайм” чет тилдерин үйрөнүп жатат. Ал бул жерде убактысын туура пайдаланып жатканын айтат:

 

Ардак Жоомарт уулу
Ардак Жоомарт уулу

“Мен англис тилин үйрөнүү үчүн “Хай Тайм” окуу борборунда окуйм. Убакытты бекер эле көчө таптап өткөзүүнүн ордуна кайсы бир окуу борборуна окуп убакытты пайдалуу коротуу туура деп ойлойм. Башка балдарга да ушул сөздү кенеш катары айтаар элем”.

Бир эле окуучулар эмес, жайкы каникулда иштеп, же окуп жаткан студенттер калкы да көп. Алардын бири Мадина Кылычбек кызы Ош шаардык мериясына караштуу “Жаштар иштери комитети” тарабынан уюштурулган англис тили курсуна катышкан. Ал өзүн “чоң утушка ээ болдум” деп эсептейт. Себеби ал анлис тилин бекер үйрөнүп сертификат алды. Ал англис тилинин турмушта өтө керектүү экенин айтат:

Мадина Кылычбек кызы
Мадина Кылычбек кызы

“Азыркы учурда дүйнөдө эң керектүү тил англис тили болуп саналат. Англис тилинде котормочу болсоң да жакшы. Бул жердегилер бизге өзүбүздүн денгээлибизге жараша мамиле кылып окутту. Бир гана орус, кыргыз тилин билбестен англис тилин билсең, чет өлкөгө чыксаң да болот. Мага англис тили курсунда окуткан сабактар аябай жакты десем жанылышпайм”.

Ош шаарынын “Жаштар иштери боюнча комитети” тарабынан студенттерди жана окуучуларды каникулда ар кандай иштер менен алек кылып, бош койбоо үчүн түрдүү иш-чаралар уюштуруп келет. Маселен, студенттик курулуш отряддары, курстар, майрамдык иш-чаралар байма-бай өтүп келет.

Сонун
Сонунбек Жунусбаев

Ош шаардык жаштар иштери комитетинини төрагасы Сонунбек Жунусбаев:

“Биздин жайкы лагерлерди түздүк. Окуу курстары да ачылган. Учурда англис тили боюнча Ош шаарынын жаштары окуу курстарын аяктап сертификаттарын алышты. Бул окуу курстары жай мезгилинде болуп курстун окуучу балдары анлис тилин 2 ай окушту. Окуу акысыз болду. Бул менимче жаштар  үчүн чоң мүмкүнчүлүк болсо керек”,-дейт Жунусбаев.

 

Маалым болгондой, Ош шаарында 11 окуу жайда 60 миңдей студент бар. 50дөн ашык мектепте да миңдеген окуучулар билим алышат.

Автор: Бекназар Исабек уулу.

Редактор: Эрнист Нурматов. 

Сүрөттөр автордуку.