Кыргызстанга келген туристтердин агымы көбөйүүдө

IMG_2575

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанга келген туристтердин саны артып баратканы кабарланууда. Адистер 6 ай аралыгында өлкөгө миллондон ашык турист келгенин айтышат. Алар негизинен тоолуу өлкөнүн жайлоосуна жана кымызына кызыгышат.

IMG_2579
Алида

Голландиялык Алида  кымызды  тамшанып  ичет. Алиданын Голландиядан келгенине 2 жыл болду. Ошто окуу борборунда эмгектенет. Убактысы болгондо жайлоого барып кымыз ичкенди жакшы көрөт.

“Кымыз мага абдан жагат. Кымыз ден-соолукка пайдалуу деп уккам. Чын эле ошондой окшойт. Бул улуттук ичимдикти ичкенден кийин өзүмдү жеңил сезип калам. Жай мезгилинде ичсең суусунуңду да кандырат".

IMG_2421
Алида

"Мен аялдардын бээ сааганын көрүп абдан таң калдым. Бир күндө 5-6 жолу саашат экен. Бир буту менен тизелеп, экинчисине чака коюп алат экен. Сүт сааган деле оңой эмес турбайбы. Кээде бээ саанчы аялды тебет. Майып болуп калуу коркунучу бар. Жайында таңкы саат төрттө, кышкы куртканы кийип алып саашат экен. Мен ойлойм жайлоодо жашаган деле оңой эмес”,-дейт ал.

Америка Кошмо Штатттарынан келген Зак  Крахмердин Ош шаарына келгенине 2 айдан ашты. Өзү кесипкөй фотограф. Ал дагы Кыргыздын жайлоосун, өзгөчө кымызды сүйөт:

“Эгерде ач карын ичсең мас  болосуң. Мага май токоч менен кымыз ичкен абдан жакты. Менин досторумдун көпчүлүгү кымызды жактырат. Досторум менен жакын арада жайлоого барып эс алып, ат минип, кымыз ичип келүүну пландаштырып жатабыз. Жайлоонун абасы таза суусу тунук”.

Зак  Крахмер
Зак Крахмер

Ал ошондой эле Кыргызстанды түгөл кыдыруу максаты бар экенин айтат:

“Мага Кыргызстандын жаратылышы абдан жагат. Бирок курут жегенди жактырбайм. Даамы жаккан жок. Кыргызстандын түштүк аймагында болдум. Сары-Челек, Арсланбап, Ноокат, Араван, Баткен ,Базар-Коргон жана башка. Мага өзгөчө Сары-Челектин жаратылышы жакты. Эми Талас, Нарын, Чүй, Ысык-Көл аймактарын да кыдырып келсем деп максат кылып атам”,-дейт Зак Крахмер.

Алайдын Чыйырчык жайлоосуна да жайы-кышы дебей чет элдик туристтер келип турушат. Мында бээ

Эльнура Эрматова туристтер менен
Эльнура Эрматова туристтер менен

саап, кымыз кылгандардын бири Эльнура  Эрматова жайлоого чыкканына 20 жылдын тегереги  болуп калды:

“Чет элден келген туристтер көп келет. Өздөрүнүн чатырларын да ала келишет. Чатырлары да тим эле укмуш ар түрдүү түстө. Кымызды тамшанып ичет. Биз алардын алар биздин тилди түшүнбөй эптеп ымдап бири-бирибизге түшүндүрөбүз. Кымызды өздөрүнүн идишине куюп алып кетишет”,-дейт Эльнура.

Чыйырчык жайлоосунда 1 литр кымыз 70 сомдон сатылат. Аны кадимки эле баклажкага куюушуп сатышат:

“Негизи бээнин сүтү 70 ооруга дары делет. Бронхит, өпкө, бөйрөк, жүрөк, ангина, аялдардын оорусуна жана башка дарттарга дабаа. Каны аздар кымызга кум-шекер, нават кошуп ичсе каны көбөйөт. 1 күндө 6 жолу ичиш керек. 200мл ден 40 күн ичсе энеден төрөлгөндөй тазаланат. Сүттүн көбүгүн бетке сүртсө тактарды бырыштарды кетирет. Балким чет өлкөлүктөр ушул себептен дагы кымызды өзгөчө жактырышаттыр”,-дейт бул жаатта адис болуп калган Эрматова.

Кыргызстанда 2013жылдын биринчи жарым жылдыгында туристтер Германиядан, Кытайдан, Түркиядан көп келгенин адистер тастыкташат. 2013-жылдын биринчи кварталында Германиядан 30% (1071 турист), Кытайдан 70% (6840 турист), Түркиядан 33.5% (2499 турист) келген.

Ошол эле мезгилде мурдагы жылга салыштырмалуу туристтердин саны алыскы чет  өлкөдөн азайды. Мисалы: Корея мамлекетинен туристтердин келүүсү 50% азайды. АКШдан 19% (1541 турист), КМШ мамлекеттеринен туристтердин саны көбөйдү.

КРнын чек ара кызматынын билдирүүсүнө караганда чет өлкөлүк жарандар 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында 1 миллион 807 миң 114 кишини түзгөн.

Автор: Элиза Таштанова.

Редактор Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.