Ош шаарында жаңы мечит ачылды

P1160822

Ош шаарынын «СМУТТ» кичи районунда «Адеп башаты» коомдук прогрессивдүү фонду тарабынан «Азирети Умар» атындагы жаңы мечит ачылды. Мечиттин курулушун Түркия мамлекетинен билим алып келишкен тажрыйбалуу усталар курушту.

Ош шаарынын тургуну Бектемир Жакыпбеков Ош шаарында дагы бир жаңы мечиттин ачылганына

Бектемир Жакыпбеков
Бектемир Жакыпбеков

аябай кубанычта болуп турган экен. Себеби ал мечиттердин көп курулушунун эч кандай зыяны, жок деп ойлойт:

«Мага бул мечит аябай жакты. Жасалгасы да аябай жакшы болгон. Анан дагы, мечиттеги курандан алынган сүрөөлөрдүн кооз жазылганы мени аябай суктандырды. Бул мечиттин да калкыбызга чоң пайдасы тиет деген ойдомун».

Нургул Карыбаева
Нургул Карыбаева

Шаардын дагы бир жашоочусу Нургүл Карыбаева болсо, «Азирети Умар» атындагы мечитте аялдар үчүн атайын жайы бар болгондугуна ыраазы болуп жаткан экен:

«Мен бул мечитте атайын сабактар да болоорунан кабардар болдум. Үкөлөрүмдү, жана бир туугандарымды, бул жерге келип намаз окуп, ыйманга чакыруучу маселелерди угууга үгүттөйм. Себеби балдарды жаш кезинен туура жолго баштасаң, кийин да туура жолдон чыкпаган ыймандуу бала болот»,-дейт ал.

Бекболот Исмаилов
Бекболот Исмаилов

СМУТТ кичирайонунун жашоочусу Бекболот Исмаиловго жаңы мечит чакан жана өзгөчө курулушта курулганы менен жакан:

«Мен булл жерге жакында өз досторум менен биргеликте жума намазына келейин деп турам. Бул мечиттин ыйык орозо айында ачылып жатканы да эске ала турган өзгөчөлүк болсо керек».

«Азирети Умар» мечитин курууга жалпысынан 300 000 доллар сарпталган. Демөөрчүлөр жеке жарандар. Мечиттин дубалдарына курандан аяттар, сүрөөлөр жана араб халифаларынын аттары түшүрүлгөн. Жалпысынан мечиттин ички жазууларын жана кооздуктарын түшүрүү жетимиш күндө аяктаган.

Марс Ибраев
Марс Ибраев

Мечиттин ички бөлүгүн Түркия мамлекетинин мыкты архитекторлорунан үйрөнгөн усталар жасашкан. «Адеп башаты» коомдук прогрессивдүү фондунун түштүк региону боюнча мүдүрү Марс Ибраев мечиттердин көп ачылып жаткандыгынан коркпой эле кою керектигигин айтат:

«Мечит бул, Аллахтын үйү болуп саналат. Мечит жаштарды, каарыларды,  жалпы журтту тынчтыкка жана ыймандуулукка чакыруучу жалгыз коомдук жай. Мечиттен жаштар тарбия алышат, илим алышат. Жаратканга жалбарып күнөөлөрдү кечирүүсүн сурануучу, ыйык жайлардын бир бул мечит. Биз кадыр түндү элдер менен биргеликте, ушул жаңы мечитте тосуп, куран окуп, жараткандан жакшы неселерди суроону ойлонуп жатабыз»,-дейт Ибраев.

P1160834

Жаңы мечит курулган жерде мурда мечит болбогон. Мындагылар шаардагы башка мечиттерге жума намазын окуу үчүн алыс жерден келүүгө мажбур болуп келишкен.

P1160843

«Адеп башаты» коодук прогресивдүү фондунун түштүк региону боюнча мүдүрүнүн жардамчысы Толкунбек Камбаров айылдагы жашоочуларга да, мечит жол боюнда курулгандыктан, намаз окуу үчүн жолдон өткөн жүргүнчүлөргө да, чоң мүмкүнчүлүк пайда болгонун айтат:

«Бул мечитте намаз окуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бул жерде кенен отуруп тажрыйбалуу молдо, кары акелерден маселе угууга, Жума намазын жамаат менен окууга, жана башка көп мүмкүнчүлүктөр бар. Бул мечит да элибизге жакшы кубаныч жаратса керек деген ойдомун»,-дейт ал.

P1160846

Ош шаарында учурда 60тай мечит болсо, Ош облусу боюнча 700дөн ашык мечит бар. Айыл-кыштактарда жыл сайын мечит кургандардын саны артып, кудайга сыйынуучу үй мындан дагы көбөйөт дегендер бар.

P1160838

Бирок муну аз-маз сын менен кабыл алгандар да бар. Жергиликтүү серепчи Арген Нуров клооп.кжге мындай деди:

«Мен түшүнүп атам, адамдар сыйынгысы келип, же кимдир бирөө элдерге көрүнгүсү келип мечит салып атат. Бирок мечит ансыз деле толтура эмеспи. Андан көрө мектеп салышса болбойбу?... Мына канча балдарыбыз көчөдө жүрөт, канча мектептерибиз мышык ыйлагыдай абалда турат. Болбосо оорукана, поликлиника салбайбы? Канча бейтаптарга орун жетпей, же жер жок дарылана албай атышат. Мен ушул жагынан алганда мечиттин санын опсуз эле көбөйтө берүүнү көп эле колдой бербейм».

Автор: Бекназар Исабек уулу.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.