Жалал-Абад: Июнь окуясынан жабыркагандар сууну ченеп ичип жаткандарына нааразы

Жалал-Абадда 2010-жыл июнь окуясында жабыр тарткандарга курулган үйлөргө коюлган суу эсептегичтер 500-1000 сомдон эсеп чыгарып жашоочулардын нааразылыгын жаратууда. Тургундар суу берүү ишинде эксперимент болуп калгандарына капа. Анткени учурда шаарда көп кабаттуу 3 үйдө гана суу эсептегичтер коюлган. Алардын баарында коогалаңдан жабыр тарткандар жашашат. Бийликтер болсо жаңы курулган үйлөрдүн баарына ушундай эсептегичтер коюла турганын айтууда.

“Тамчы сууну эсептеп ичип”…

Суу ваннадан аз-аздан гана чыгып атканына карабай, батир ээси Сардал Кошматова ичилүүчү сууга оңбогондой акча төлөп келет. Анткени бул үйдө муздак сууга атайы эсептегич коюлган:

Сардал Кошматова
Сардал Кошматова

“Үзүп кетем, кыркып кетем деп коркутканынан бир айга деп 705 сом төлөгөмүн. Кийин болсо аны кемитпей эле кайра кошуп алып келиптир. Ошентип кийинки айга 2000 сом акча төлөп калдым. Элестеткиле кадимки эел ичип аткан суу үчүн айына 300 сом, же миң сом төлөп атканды. Буга ким чыдайт? Элдер болсо айына жан башына 30 сомдон, 40 сомдон төлөшөт. Мына биздин эле үйдүн жанындагы үйлөр ошентип төлөшөт. А бизди дагы ошентип айтышып эле, мынтип алдап салышты”,-дейт.

60 батирден турган бул үй Жалал-Абад шаарынын Жаштык көчөсүндө жайгашкан. Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан салынып, 2010-жылкы июнь окуясынан жабыркагандарга берилген. Жашоочулардын айтымында, үй эксперимент катары ушундайча практикаланган:

Суу эсептегичи
Суу эсептегичи

“Бул жерде канчалаган адамдар бар. Канчалаган кыйынчылыктарды, азаптарды көргөн адамдар бар. Алардын баары ошо кандуу калабадан жабыркап, тозок көргөндөр. Анан келип ошолор жашаган үйгө келип сууну эсептеп атышат. Ар бир ичкен тамчы сууңдан бери эсептеп атышат. Жашагандардын 4-5тен балдары бар, өздөрү же жыргатып бир жерлерде иштешпейт. Анан сууга төлөйбү, же жарыкка төлөйбү же дагы газга төлөйбү? Кантип жашашат?... Башка жагынан алганда суунун башында, кенин туруп ушинтип ар бир кашык суу үчүн акча төлөп атканыбыздын өзү маскарачылык эмеспи. Казакстанга берсе, Өзбекстанга берсе, анан келип өзүбүздүн Кыргызстандын жарандарына келип сатышса уят иш да. Тамчы сууну эсептеп ичип атабыз, тамчы сууну…”-дейт 38-батирдин жашоочусу Сардал Кошматова.

“Метркуб суу 6 сомдон эле, бирок…"Жалал-Абад (3)

Суунун бир куб-метри жашоочулар үчүн 6 сомдон, ишканалар үчүн 15 сомдон эсептелген. Бирок тургундар акча мындан көп эсептелип жатканын айтышат.  Алар айына азы 300 сомдон, көбү 1000 сомго чейин төлөп атышкан экен. Үйдүн дагы бир жашоочусу Жумакан эже мынтет:

Жумакан эже
Жумакан эже

“Негизи үйгө курулганда эле эсептегич коюлган. Ваннага өзүнчө, ажатканага өзүнчө, ашканага да өзүнчө коюлган. Ар бири эсептеп атып эми тим эле укмуш сумманы чыгарып коет. Көрсөткүчү өтө эле көбөйүп кете берет. Анткени кир жууйсуң, жуунасың, тамак кыласың дегендей. Эң өкүнүчтүүсү бизге эсеп-дүмүрчөк келгенде куб менен келбей атат. Каалагандай кылып сумманы жазышат да, сиз мынчаны иштетипсиз деп контролерлер келе беришет. Айтсаң эле балээге калдың, кайра өзүңө асылышат”,-дейт.

“Мына мен жалгыз эле жашап атып айына 150-200 сомдук суу иштетип атат экенмин. А мурдагы батирде болсо мен болгону 30 төлөчүмүн. Элестеткиле эми. Июнь окуясында жабыр тарткан, мамлекет жардам берсин деп алып, кайра бизди эмне өкмөт тоногусу келип атабы?”,-деп кошумчалайт Жумакан эже.

Эксперт эмне дейт?...

Жалал-Абаддык укук коргоочу Чыңгыз Абдымомунов маселени тынымсыз айтып, атайын жыйындарда көтөрүп келатат. Ал жашоочулардын арызын топтоп алып шаардык суу чарба башкармалыгына да, мэрияга каттай берип таманы тешилген. Бул маселеде атайы клооп.кж сайтынын суроолоруна жооп берди.

Клооп.кж:

Чынгыз Абдымомунов
Чынгыз Абдымомунов

-Эмне үчүн келип-келип ушул жабыр тарткандар үчүн жабыркаган үйгө суу эсептегич коюлуп калып атат?

Чыңгыз Абдымомунов:

-Бул эми чоңдордун шалаакылыгынан болуп жатат. 2010-жылдагы кандуу окуядан жабыркагандар үчүн берилип жаткан үй болгондон кийин бул жерге эч кандай эксперимент жасашпай эле, кое турушса болмок. Муну койгондон кийин мамлекет, эе болбосо ушул ишти алып кеткен кызмат да бул процесске даяр болуш керек эле. А мында болсо жанагы контролерлор өздөрү да суу эсептегич кантип эсептеш керек, ага канча акча болуш керек деген нерсени жакшы билишпейт. Ошолордун күнөөсүнүн айынан да мында толтура сумма менен түшүнүксүз эсеп-дүмүрчөк келип жатат.

Жалал-АбадКлооп.кж:

-Анда күнөө кимде болду?

 Чыңгыз Абдымомунов:

-Мында күнөө “Жалал-Абад сууканал” ишканасынын директорунда жана Жалал-Абад шаарынын мэринде. Булар элди алдап көнүп калышыптыр. Алар маселени абдан жакшы билишет, көйгөй бар экенин да билишет, бирок баары бир кайдыгер мамиле жасашат. Кээде болсо буларга 3-4 күн суу чыкпай кала берет. Өткөн орозо күндөрү, орозо айт күндөрү да ушундай болгон. Болбогон бир шылтоолорду айтышат да сууну өчүрүп коюп атышат. Анысы тиги карыздарды төлөбөйсүңөр дегендегиси. Эл болсо анысын төлөйүн десе көп болуп атат. Анан келип эле кайра талаш.

Клооп.кж:

-Чыңгыз мырза негизи көп кабаттуу үйлөргө суу эсептегич коюуЖалал-Абад (5) иши канчалык деңгээлде мыйзамдуу?

Чыңгыз Абдымомунов:

-Эсептегичти койгондо ар бир батир ээси менен макулдашуу келишими түзүлүшү керек болчу. А мында болсо эч кандай андай нерсе жок. Муну орой айтканда элдин акчасын алдап алуу, же тоноп алуу деп баа берсек болот. Анткени өздөрү башында эсептегичти коюп коюп эле, анан эми элден акча бер деп талап кылып жатат.

Бийлик калктын айыптоосуна макул эмес

Жалал-Абад (1)Деген менен шаар бийликтери бул процесс мыйзам ченемдүү экенин айтып, жаңы курулган үйлөргө суу эсептегич коюу донорлордун талабы болгонун ачыктоодо. Жалал-Абад шаарынын мэри Мухтар Арапбаев эсептегич бара-бара шаардагы башка көп кабаттуу үйлөргө да коюла турганын айтууда:

“Бул үйлөрдүн баары Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан салынып, донор эл аралык уюмдар болгон. Так ошол акча бергендердин бизге койгон талабы ар бир жаңы курулган үйгө сууга эсептегич болсун деген талап болуп атат. Адамдар ошонун негизинде сууга аяр мамиле кылсын, өзүнө ылайык иштетсин, агызып ийбесин деген максат менен ушул иш аткарылып атат. Эл сарамжал болсун деген саясат бул. Эми шаарда курула турган баардык үйлөргө ушундай эсептегичтер коюлат. Мына азыр дагы Европа Өнүктүрүү Банкынан 8 миллон доллар акча, анын ичинен 4 млну грант түрүндө алып үй салганы жатабыз. Алар дагы акча бергенде ушундай талап коюп атышат”,-дейт Арапбаев.

“Суу эсептегичин коюу июнь окуясында жабыркагандардан башталып калганы деле бул атайлагандык эмес, жөн эле дал келүү” деп кошумчалайт Арапбаев андан ары:Жалал-Абад (4)

“Мамлекет буларга үй берди, миллион сомдон жардам берди. Анан эми дагы деле биротоло жатып алышса мамлекет кыйналып калбайбы?... Анүстүнө Жалал-Абадда жыл сайын суу маселеси көйгөйгө айланып баратат. Эгер сууга ушул боюнча төлөбөй кете берсек, анда бир күн барып эч кимибиз суу иче албай калабыз. Башкача айтканда түтүктөр эскирди, башка каражаттар талкаланды дегендей. Ошон үчүн азыр шаардагы баардык ишкана, жеке үйлөргө эсеп киргизип, андан көбүрөөк акча алып анан ошонун негизинде шаардагы суу системасын калыбына келтирип, өнүктүрүп алышыбыз керек”,-деди ал.

Жалал-Абад шаарында учурда 200дөн ашык көп кабаттуу үй жана миңдеген жер үйлөр бар. Азырынча  көп кабаттуу 3 үйдө гана суу эсептегичи коюлган.  Калгандары суу үчүн адам башына айына 30-40 сомдон гана төлөйт.

Жалал-Абад шаары жердин астынан суу соргон насостордун жардамында суу ичет. Бирок насостор да түтүктөр да эскирип баратат дешет бийликтер.

Сууга эсептегич коюуга калк кандай карайт? Бул маселени кантип чечүү керек?

Эдил Ташибеков, Жалал-Абад облусунун тургуну:

-Менимче келип-келип баары бир сууга эсеп менен төлөшүбүз керек. Антпесе азыр өтө эле ысырап кылып пайдалангандар көбөйүп кетүүдө. Айылда го эми болуптур көйгөй жок, а мобу шаарда ар бир тамчы суу техниканын күчү менен, акчанын күчү менен чыгат. Анан ошого бир сарамжал мамиле болуучу маданият курушубуз керек. А жабыркагандардын маселеси боюнча ала турган болсок, жаңы үйдө жашап аткандан кийин алар деле төлөсө менимче ашыктык кылбайт.

Адилбек Турдубаев, Жалал-Абад шаарынын жашоочусу:

-Менимче бийликтердин бул кылганы таптакыр туура эмес. Алгач электр энергиясын кымбаттатышты, эми келип сууга көп акча төлөткөнү жатышат. Бул бийлик эмне элдин жонунан кайыш тилгени жатабы? Эл кайсы акчасын төлөсүн? Курсагы ач калган элди ойлогон бирөө жарым бары өзү? А булар болсо өздөрү бири атасын жоготуп, бириси баласын жоготуп ыйы көкүрөгүнө батпай атса, буларга дагы келип үстөккө-босток кыйнаганы адамгерчиликке деле туура келбейт.

Акылбек Орозматов, Ош шаарынын тургуну:

-Кыргызстандын суунун мекени дейбиз, Кыргызстан суу башыбыз деп мактанабыз анан өзүбүз суу ичкени келгенде эле жок. Айылда элдер ылай суу ичип атышат, кум суу ичип атышат, а шаарда болсо эми сууну ченеп бергени калдык. Жабыр тарткандар эмес, жабыр тартпагандар деле сууга куб/метрине карап төлөбөшү керек. Биз башка салыктарды бийликке эмнеге төлөп атабыз? Так ошону үчүн төлөп атабыз. Сууну кадимкидей мурдагыдай төлөшүбүз керек.

Салима Карабекова, Жалал-Абад шаарынын жашоочусу:

-Биз азыр шаарда сууга 30 сомдон эле төлөйбүз. Эгер 200-300 сомго чыгып кетсе анда кыйналып калабыз. Баардык эле карапайым адамдар кыйналып калышса керек. Анткени айлык аз, киреше аз. Анан светке төлөп атсак, газга төлөп атсак, эми суубуз да кымбаттаса азапка эле батып жатып калабыз го. Жабыр тарткандар болсо алар андан бетер кыйналышат. Ошол себептүү коогалаңдан жапа чеккендерге жеңилдик кылып сууну бекер кылып койсо деле болсо керек.

Автор: Эрнист Нурматов

Макала “Кабар Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.