Барактыктар: Ыйыбызды уккан киши жок

Кыргызстандын Өзбекстандагы Барак эксклавынын жашоочулары нааразылык акцияларын токтотпой келатышат. Бирок ага карабай алардын көйгөйлөрү чечилбеген бойдон калууда. Өзбекстандын аймагындагы Кыргызстандын Барак эксклавынын тургундары жол ачып берүү же башка аймакка көчүрүп кетүү талабын коюшууда. Бийликтер болсо бул маселе жакын арада чечилет дегенден башка жооп айтышпайт.

 Бүтпөгөн азап...

Ар бир айда 4-5 жолудан Ош облустук администрациясынын эшигин каккылаган барактыктар айылды Кыргызстандын негизги аймагы менен байланыштырган жол жабык болгондуктан каттоо кыйын болуп жаткандыгын айтышат. Мунун айынан өндүргөн түшүмдөрүн сата албай, айылда азык-түлүк тартыштыгы күчөп баратканын да белгилешет.  Барактыктар (6)
Барактын элинин атынан келгендер Кыргызстандын башка аймагынан үй үчүн жер алуу талабын тынбай коюп келатышат. Өкмөт тарабынан сунушталып жаткан Сары-Колот тоосун байырлоого алар макул эмес.

Айыл тургуну Таир Каримов бул талапты мындайча чечмеледи:

“Бизге жашаганга ыңгайлуу жерден жай берсин деген талапты коюп жатабыз. Азыркы Барак айылындагылар баарыбыз ошол жерге жайгашып, кыштагыбыздын атын сактап калышыбыз керек. Сары-Колот адырлуу жер. Барактан да шарты оор. Тегиздикте жайгашкан азыркы айылыбыздын жолдорун 70 жыл Совет доорунда да оңдоп беришкен эмес. Андан кийин 20 жылдык эгемендик маалында бүтпөдү. Эми ошол адырдын жолдорун бизге түздөп беришмек беле?”.

Барак айылында 200дөй түтүн, же 2000 миңдей адам жашайт. Алардын Кыргызстандын негизги аймагы менен байланышы жыл башында, Баткендеги Өзбекстанга тийиштүү Сох анклавында болгон чырдан кийин татаалдашкан. Ага чейин Ошко өздөрүнө жакын Бирлешкен өткөрүү пунктунан каттаган барактыктар кыштан бери Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына жакын жердеги чек ара бекети аркылуу айланып өтүшөт.

Барактан чыккан "батирчилер"

Алар жолдун алыстыгы базарлык кылууга, азык-түлүк сатып алууга кыйынчылык жаратып жатканын айтышууда. Мындан улам көбү айылдан көчүп кетүүгө мажбур болуп, Ош жана Кара-Суу шаарларында батирде ижара төлөп жашап жатышат.

Барактыктар (4)Айылдын дагы бир тургуну Рахила Төрөкулова барактыктардын түмөн түйшүктүү турмушун мындайча сүрөттөдү:

“Азыр айылда 30дай эле түтүн жашап жатат. Калгандары кетип калды. Шарты жакшы жерлерде батирде жашап жүрүшөт. Эки жака барып иштеп келгендер эптеп чек алып үй салганга аракет кылууда. Менде ижара акы төлөп, батирде турганга мүмкүнчүлүгүм жоктугуна байланыштуу Баракта эле жашап жатам. Ошко же Кара-Сууга келип азык-түлүк алып кетем. Ал үчүн жумасына бир жолу автобус уюштурулат. Автобуска кезек менен жазылып, анан келебиз. Мисалы, мен 2 килограмм картошка алыш үчүн автобуска кезекке жазылам. Кезегим келсе, шаарга түшөм да, азык-түлүк сатып алам. Бир жума мурун Ошко базарлыкка келген айылдаштарым кайра айылга ошол автобуста жөнөшөт. Мен кайра кезегимди күтүп, бир же эки жума Ошто калышым керек. Автобус Өзбекстандын Фергана облусунун четиндеги жол менен каттайт. Жок дегенде ошону күнүгө каттатып коюшса жакшы болмок”,-дейт Төрөкулова.

Барактыктар күн өткөн сайын Кыргызстанга кирип-чыгуу кыйындап баратканын айтышып, буга чейин көчүрүп кетүү өтүнүчү менен президентке, өкмөт башчыга жана Жогорку Кеңештин төрагасына бир нече ирет кайрылышкан жана нааразылык акцияларын уюштурушкан. Аларга Кара-Суунун Ак-Таш айыл окуругуна караштуу аймактардан жер берилээри кабарланган болчу. Бирок өкмөттүн тийиштүү токтомунун жоктугунан ал ишке ашпай турат.Барактыктар (2)

Чек ара жабык болгон соң Баракка сырттан азык-түлүк да кирбейт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жыл башынан бери бир-эки жолу гуманитардык жардам киргизилгени менен ал жетишсиз болуп жатканын айылдын дагы бир жашоочусу Гүлзада Аширова даттанды:

“Жаш балдарыбыз бар, алар эт жегиси келет. Эт бизде сатылбайт. Колдо бар малды союп түгөттүк. Калганын акча үчүн Өзбекстанга саттык. Эгин-тигинди саталы десек, жол алыс. Жерге берилчү азык-дарылардын жоктугунан түшүм да жыйнай албай калдык”,-деди ал Клооп.кжге берген маегинде Гүлзада Аширова.

 Кыргызстандын өгөй айылы

Барактыктардын кабыргасын кайыштырган дагы бир көйгөй дарыгерлердин жоктугу. Ноокастап  калгандар 4-5 саат жол айланып, Кара-Сууга же Ошко келиши керек. Андан сырткары, көпчүлүк кетип жаткандыктан айыл мектебиндеги класстарда эки-үчтөн гана окуучу калганы айтылат.

Барак айылынын тургундары буга чейин да бир нече жолу облустук жана борбордук бийликке чейин даттанып келишкен. Февраль айында Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөттүн өкүлдөрү Барактан кабар алып кетишкен. Кийинчерээк эксклавдын 4 өкүлү президентке, өкмөткө барып келген. Бирок ошондон бери да жакшылыктуу чара көрүлгөн жок деп капа болушат барактыктар:

Бурканбек Ашыров.
Бурканбек Ашыров

“Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүктөрүнө кире берип, таманыбыз тешилди. Райондук бийликтерге дагы, облустук бийликтерге дагы канча жолу кайрылдык. Бирок биздин маселе булар чече турган маселе эмес экен. Мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык деңгээлде карап чечип, бир жаңсыл кылышса жакшы болот эле. Негизги талабыбыз жолду ачуу болуп жатат”,-дейт Барак айыл башчысы Бурканбек Ашыров.

Ал ошондой эле муну кыргыз өкмөтүнүн Өзбекстан бийлиги менен тең ата сүйлөшө албагандыгынын натыйжасы деп кошумчалады:

 “Биерде баарыбызга эле ачык-айкын болуп турат. Биз азыр Өзбекстанды күнөөлөй албайбыз, алар өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн деп, болгон иш аракеттерин жасоого укугу бар. Биз Кыргызстандын жетекчиликтерин маселени чече албаганы үчүн айыптап жатабыз”,-дейт Ашыров.

Мурда барактыктар Кыргызстанга "Бирлешкен" жана "Акташ" чек ара бекеттери аркылуу катташчу. Бекет жыл башындагы Баткендеги Чарбак жаңжалынан кийин жабылып калган.

Бийликтер эмне дейт?

Курбанбай Искандаров чек ара зонасында эл менен жолугушуп атат
Курбанбай Искандаров чек ара зонасында эл менен жолугушуп атат

 Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүн өкүлү Курбанбай Искандаров чек араларды тактоо боюнча сентябр айында Өзбекстандын делегациясы менен жолугушуу боло турганын айтууда. Ошондо да Барак анклавы боюнча маселе коюлат дейт Искандаров клоопко берген маегинде:

“Барак айылында чынында эле абал оор. Биз мына келишибизде дагы ал жакка кирип чыга албай калды. Себеби ал жерге мурдатан кабар бериш керек экен. Мынча киши киребиз, мынчада келебиз деп. Ошондой режимди киргизип коюптур. Бул маселени да биз ошо делегация менен жолугушууда коебуз. Бул боюнча өзүбүздүн кеңири ойлорубуз бар. Биз аларды кийинчерээк айтабыз.

Маселе кайдыгерликтен чечилбей атабы?

Ушул күндөрү Ош аймагынан, чыр чатак болгон чек ара зоналарынан кабар алганы келген Кыргызстандын Акыйкатчысынын милдетин аткаруучу Турсунбек Акун Ошто маалымат жыйынын куруп, ушул темаларга байланышкан журналисттердин бар катар суроолоруна жооп берди. Клооп.кж Барак эксклавы тууралуу Акундун ойлорун укту.

 Клооп.кж:

 

Турсунбек Акун
Турсунбек Акун

-Айтсаңыз, бир топтон бери Барак анклавын Өзбекстандын башка жерлери менен алмаштыруу сунушталып келатат? Маселени ошентип чечсек болобу?

 -Барак айылы да биздин жүрөгүбүздөгү эң оор, түпөйүл маселелердин бири. Башка айыл менен алмаштыруу маселеси мен жа козгоп чыгып, кийин ал жакта 400 гектардан ашык суулуу жер бар экенин билдим. Бул жер Өзбекстан үчүн дары да. Демек муну алмаштырууга такыр болбойт экен. Эч качан алмашпашыбыз керек экен. Бүт суулуу жерлер, бүт ошол жердегилердин үлүш жерлери. Анан анын баарын алардын колдоруна салып беришибиз керекби?

 Клооп.кж:

-Анда ал жактагылардын көйгөйү кантип чечилет? Алардын жашоосу ушинтип эле кыйын жагына оой бериши керекби?

 -Менимче, Барак анклавын чечүүдө биз өзүбүздөн кетип атат. Биздин бийликтер: анын ичинде жергиликтүүсүнөн баштап, борбордук бийликке чейин буга кызыкдар эмес болуп атат. Маселени эртерээк чечкибиз келбей, саясат кылыпа атабыз. Шайлоо менен алектенебиз, бири-бирибизди сындайбыз, дагы бир болбогон иштер менен алек болобуз, анын келип эле ушул маселеге келгенде көңүл кошпуз. Мен өзүм көрбөдүмбү.

 

Клооп.кж сайты Барак эксклавынын маселеси боюнча карапайым жашоочулардын да ойлорун угуп көрдү:

 Расул Маматов, Ноокат районунун тургуну:

-Менимче, Барак эксклавын Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавы менен алмаштырып салыш керек. Ал жерде канча байлык жатат, жери жакшы деген менен адам укуктары башкы мааниге ээ. Аларга кадимки башка жарандардай кылып бул жактан жер берип, инфраструктура куруп, жашатып коюш керек.

 Наргүл Сайдилда кызы, Кара-Суу районунун тургуну:

-Биздин чоңдор барып ошо Барак анклавында 1 ай жашап келишсин. Ошондо маселе канчалык оор экенин жон терилери менен сезишет. Келгенден эртеси күнү гана Өзбекстандын президенти Каримов менен жолугушууга барат. Анан маселе чечилип калат.

 Тургунбай Карагулов, Ош шаарынын тургуну:

-Барак көйгөйү бүгүн эртең чечилбейт. Аны атайын Өзбекстан чечпей атат. Анткени Барак аларга керек. Жакшы маанисинде эмес, жаман маанисинде. Алар Барак эксклавын кандайдыр бир тополоң, чатак чыгып кетсе барымта кылабыз деп кармап олтурушат. Ошон үчүн да Өзбекстандын өкмөтү биздикилер менен ушул маселеде диалогго келбей атышат.

 Адил Сапарбаев, Араван районунун жашоочусу:

-Барак анклавындагыларды бул жакка алып чыгыштын кереги жок. АЛар ошол жерде эле жашай беришсин. Бирок Өзбекстанга башка жактан жер берип туруп, Барактан коридор ачып алыш керек. Ошондо биздикилер коркпой, кыйналбай-этпей кирип чыга беришет. Дүйнодө мындай практикалар бар. Болгону биздин бийлик ошону ойлонушу керек.

 Автор: Эрнист Нурматов

Сүрөттөр автордуку.

 Макала “Кабар Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.