Оштогу өзбек мектептердиндеги китеп тартыштыгы жаңы окуу жылына карай да толук чечилген жок. Мектептерде болгону 40% гана китеп менен камсыз болгон. Бул көйгөйдөн улам айрым окуучулар кыргыз класска өтүп окууну туура көрүүдө. Серепчилер бул маселе барып-барып өзбек тилдүү мектептердин жоюлушуна алып келет деп боолгошот.
“Бир китепти беш бала окуйбуз”...
Өткөн жылы 9-классты аяктаган Бану жаңы окуу жылын кыргыз мектепте улантууну көздөп жатат. Ал буга чейин шаардагы өзбек тилдүү мектептердин биринде окуп келген.
“Мектепте китеп жетишсиз, бир китепти беш бала окуйбуз. Кыргызча мектепке өтөм деп жүрөм... Анткени, кыргыз мектептерде китептер жетиштүү. Мен жакшы билим алышыма шарт бар. Экинчиден, андан ары мен билим алышы үчүн кыргыз тили керек экен. Ошондуктан үйрөнөйүн деп жатам. Өзбек мектептерде кыргыз тили жумасына эки жолу эле кирет. Жакшы үйрөнө албайбыз”,-дейт Бану.
Ошто жалпысынан 60тай мектеп болсо, анын 20сында окутуу өзбек тилинде жүргүзүлөт. Китеп тартыштыгына жана адистердин жетишсиздигине карабай, мугалимдер арасынан маселени ачык айтып бергендери сейрек.
Шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматында өзбек тилдүү мектептер учурда 40 пайызга жакын китеп менен камсыз болгону айтылат. Маселени чечүү үчүн жергиликтүү окумуштуу Махамаджан Мамасаидов башында турган топ китептерди өзбекчеге которуу иши менен алектенүүдө.
Шаардын №10-Ленин атындагы орто мектептин директор орунбасары Дилдора Усманова китеп тартыштыгы боюнча пикирин мындайча билдирет:
“Быйыл чоң класстарга көп китептер мамлекет тарабынан чыгарылып жатат. 7-8-класстар азыр 70 пайыз китеп менен камсыздалды. Болгону математика китебинен жетишпестик бар. 9-10-11-класстарда чын эле окуу китептерди жетишпейт. Өткөн жылдары бул жаатта бир топ кыйналдык. Маселени көбүрөөк ата-энелердин жардамы менен чечип келгенбиз. Мисалы, алар бир китепти ксеронускадан көбөйтүп, баласына чыгарып берип же болбосо аз санда чыккан китептерди атайын буйрутма менен сатып алып окутуп жатышты”,-дейт ал.
Өткөн жылдардагы олимпиадалык жыйынтыктардан көрүнгөндөй, Оштогу өзбек тилдүү мектептердеги билим берүү деңгээли төмөн экени байкалат. Атын атагысы келбеген дагы бир мугалимдин айтымында маселе окуу куралдарынын тартыштыгына барып такалууда:
“Туурасын айтыш керек. Оштогу өзбек мектептеринде билим берүү сапаты аябай эле төмөн. өзүм иштеп, көрүп жатпаймынбы. Буга себеп китептин жана адистердин жетишсиздиги. физика, биология, химия жана башка ушул сыяктуу предметтерден сабак берген мугалимдердин дээрлик баары эле пенсияга жакындап калды. Алардын ордун толуктаган жаш адистер жок. Китептер жетишсиз болгондуктан, 3 окуучуга, кээде 5 окуучуга бирден китеп туура келет. Айрым учурларда китеп жок, жалан конспект менен иштейбиз. Анан эле мектепте маселе жок дей беришкенине тан калам...”.
Өзбекче китеп чыгарууга мамлекеттин каражаты жетишсизби?
Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчи орунбасары Абдыкалык Акжолов китеп тартыштыгынан айла жок өзбек класстарга да кыргызча китептер берилип жатканын айтты:
“Мисалы мен физик катары айтып коеюн, биздин предметтен 10-11-класстардын китептери өзбек мектептеринде жетишсиз болуп келген. Ошону үчүн кыргыз мектептерден ушул эле китептерди алып, окутабыз. Анткени маани маңызы бир. Азыр өзбек мектептеринде деле кыргызча эң сонун сүйлөп атышпайбы. Кадимкидей кыргыз тилди билишет, анан түшүнө беришет да. Башка предметтерден деле ушундай кылып турсак болот. Бул эми убактылуу нерсе. Толук камсыз кылып алгыча башка айлабыз жок. Анткени катар-катар китептерди чыгарууга мамлекеттин бюджети жетишпейт”,-дейт Акжолов.
Шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматында өзбек мугалимдер менен камсыз кылуу деңгээли 98 пайызды көрсөткөнү менен алардын негизин пенсия курагына жетип калгандар түзүүдө. Андан сырткары, 2010-жылдагы капсалаңда мугалимдердин көбү Орусияга же башка өлкөгө ооп кетип калгандыктан, адис тартыштыгы да негизги көйгөйгө айланган.
Деген менен Оштогу орус тилдүү мектептерде абал мындан да төмөн экени байкалат. Алардын окуу куралдары менен камсыз болушу быйыл 32 гана пайызды көрсөтүүдө. Ал эми кыргыз тилдүү билим уялары 84 пайыз китеп менен камсыздалган. Соңку үч жыл аралыгында Оштогу өзбек тилинде окуткан мектептердин көбүндө орус жана кыргыз класстар ачылган.
Буга чейин өзбекче китеп тартыштыгын жабуу үчүн шаардагы мектептерде Өзбекстандын китептери окутулуп келчү. Соңку эки жылдан бери коңшу өлкөнүн латын арибиндеги окуу куралдары пайдалануудан толук чыгарылып салынган. Бирок, алардын ордун толтуруш үчүн мамлекет тарабынан өзбек китептери кенен басылып чыкпайт деп нааразы болгондор да бар.
Мурдагы кыргыз-өзбек университети, азыркы Ош МСУнун алдында мектеп окуучулары үчүн өзбек тилиндеги китептер чыгарылып келген. Учурда каражат жоктугунан бул иш анчалык алга жылбай келатат.
Китеп жоктугунан өзбек мектептери жоюлуп кетиши мүмкүн
Жергиликтүү серепчи, тилчи Чынарбек Алипбековдун оюнча, жогорудагы маселелерден улам бара-бара Кыргызстанда өзбек мектептер жоюлуп кетиши ыктымал. Клооп.кж порталы аны бул маселеде эксперт катары маекке тартты:
Клооп.кж:
-Азыр өзбек мектептеринде китеп жетишсиздиги абдан көп болуп турат. Мунун кесепети эмнеге алып келет?
Чынарбек Алипбеков:
-Улутчулдуктун, же кайсы бир саясаттын айынан эмес, өзбек тилдүү мектептер ушу китеп жетишсиздиктин айынан жоюлуп кетиши мүмкүн. Балким, жаман ой менен айтканда муну бийликтер атайылап атабы деген деле ойго кетесиң. Канткен күндө деле Ошто өзбек калкы көп, алардын балдары да көбөйүп баратат. Башка демократиялуу өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстан деле баардык калктардын өз тилинде билим алышына шарт түзүп бериши керек.
Клооп.кж:
-Бирок китептерди чыгарууга каражат жетишсиз деп жатышпайбы?
Чынарбек Алипбеков:
-Эми туура Кыргызстан азыр өнүгүп кеткен жок. Каражат бир эле бул тармакка эмес, башка тармактарга деле жетишсиз болуп жатат. Бирок ошенткен күндө деле китеп жаатына делген план бар да. Өлкөнүн жараны катары салык төлөп, башка милдеттерди аткарып жаткандан кийин өзбек тилиндеби, тажик тилиндеби кайсы мектептер болбосун аларды мамлекет баардык нерсе менен камсыз кылышы шарт. Болбосо мурдагыдай кылып Өзбекстандын китептерин колдонууга уруксат беришсин.
Китеп жетишсиздиги боюнча карапайымдар эмне дешет?
Хилола Саидахунова, Ош шаарынын тургуну:
-Өзбекче китептердин жетишсиздигин тез аранын ичинде чечиш керек. Антпесе биздин балдар окуй албай кыйналып калып атышат. Анан сабатсыз муун пайда болуп калып жатат. Балдар эртең билимсиз болуп калса ким жоопкерчиликке алат.
Адылбек Турдубаев, Кара-Суу районунун тургуну:
-Менимче, китеп жетишсиздиги азыр бир эле өзбек мектептеринде эмес, баардык эле мектептерде болуп атат. Кыргыз тилдүү ошол эле биздин мектептерде деле 4-5 балага бирден китеп араң жетет. Анан бир улуттун китептерин бөлүп алып маселе кылып көтөргөндүн эмне кереги бар. Жетишпесе кыргызча китептер турат, орусча китептер турат окуй беришсин ошону.
Бахрам Халилжанов, Оштун жашоочусу:
-Өзбек мектептеринде китеп жетишсиз маселеси бүгүн эле чыга калган жок. Мурдатан эле ушундай болуп келатат. Мындай кийин деле ушундай болуп кала бериши мүмкүн. Ошого өзбек тектүү ата-энелер көп мезгилде балдары кыргыз тилдүү мектептерге, же орус тилдүү мектептерге окутуп атышат. Бул балдардын келечегине да жакшы болот экен. Эртең жогорку окуу жайга окуса тил билгени жакшы.
Али Сабиров, Ноокат районунун тургуну:
-Китеп жетишсиздиги биздин балдарды көп эле кыйнап атат. Бир эле китеп жетишсиздиги эмес, өзбек тилдүү мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги деле бар. Ушул эки проблема кошо жүрөт ар дайым. Мамлекеттен ушуну тезирээк чечип беришин суранабыз. Эл кыйналып атат.
Автор: Эрнист Нурматов
Сүрөттөр автордуку.
Макала “Кабар Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.