Шаардын Навои көчөсүнүн борбордук базар тушундагы авто тыгын жашоочуларды күн сайын азапка салат. Сатуучулар авто тыгынга базар менен авто бекет бир жерде болуусу себеп болуп жатканын айтышса, жүргүнчүлөр буга ошол эле жердеги баш аламан соода түйүндөрүн айыпташат. Ал эми бийлик өкүлдөрү тыгындын алдын алуу үчүн эстакадалык, же транзиттик деп аталган көпүрөнү кура турганын убада кылууда.
Күндө эрте менен Максат Абдубалиев жумушуна байланыштуу кичиавтобуска чыгуусуна тура келет. Ал түшкөн каттам шаар ичинен келип Навои көчөсү менен өтөт. Анан ушул жердеги күнүмдүк авто тыгындын айынан бир нече жолу жумушуна кеч калган учурлары да болгон:
“Навои көчөсүндө күнүно авто тыгын. Бул жерде сатуучулар жол бетинде соода кылышат. Ал тургай таксилер а жол четине машиналарын коюп алышкан. Аз келгенсип арабалар да ушул жол менен жүрүшөт. Мунун айынан биз жумушка 30-40 мүнөт кеч калып атабыз. Авто тыгын болбосун деп Кара-Суу көчөсүн курушту, бирок сатуучулар ошол жерге да чыгып отуруп алышкан”, - дейт Абдубалиев.
Ош шаарында 10 чакты чоң окуу жайында миңдеген студенттер бар. Унаа каттамдарынын негизи ушул көчөдөн өткөндүктөн, студенттердин дээрлик баарына бул көйгөй жат эмес. ОГПИнин 2-курсунун студенти Айтурган эрте менен сабакка баратып, Навои көчөсүнөн чыгуу үчүн жарым саат кармалат:
«Навои көчөсүнөн чыгып кеткинимче жарым сааттай турабыз. Сатуучулар жол четинде соода кылбаса авто тыгын болбойт болуш керек», - деди Айтурган.
Ал эми сатучулар болсо, “авто тыгынды биз жаратпайбыз” деп актанышат. Соодагерлердин бири Элмира Пирназарова жол тыгынын соодагерлер жаратып жатат деген пикирге кошулбайт.
“Авто тыгын аялдама менен автокзалдын ушул жерде болгондугунан авто тыгын болуп атат.
Кичиавтобустар, автобустар, таксилер келгендиктен ортодо авто тыгын болуп атат. Биз эми бул жерде соода кылбай каякка бармак элек. Биз да эл катары ушул жерде тиргилик кылып атабыз. Эгерде соодагерлерди башка жакка жылдырыш керек дешсе, анда ошого ылайыктуу жай түзүп беришсин”, - дейт ал.
Айдочулардын бири Тынычбек Курбанбеков болсо, тыгындын себеби тууралуу буларга токтолду:
“Авто тыгындын себеби жолдун тардыгында болуп атат. Жөө нары- бери өткөн адамдар да себеп болууда. Сатуучулар жолдун бетинде соода кылып атышат. Айла жок тыгын болгону менен сатуучулар да биз да ушул менен үй-бүлө багып атабыз дейт”, - деген оюн айтты таксис Тынычбек Курбанбеков.
Ал эми бийлик өкүлдөрү авто тыгындын алдын алуу үчүн жаны транзиттик, же эстакадалык көпүрө куруларын убада кылып келет. Бирок көпүрөнүн качан башталышы белгисиз бойдон келатат.
Ош шаарынын мээриясынын жолдор башкармалыгынын техникалык өндүрүш бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жаныбековдун айтымында, тыгындын жаралуусуна жолдун эскилиги себеп болууда:
“Эски автовокзал да, базар да ошол жерде болгондуктан ал жер борбор болуп, элдин баары ошол жерге келет. Ал эми жолдун параметри өзгөргөн жок. Совет малында курулган бойдон калган”,-дейт Жаныбеков.
Ал ошондой эле авто тыгындын алдын алуу үчүн мэрия чоң көпүрөнү куруу аракетинде экенин кошумчалады:
“Бул көпүрө транзиттик болуп, ошол жерде авто тыгындын болбой турган болуп, Масалиевден боштап Ленин көчөгө чейин токтобой чыгып кете турган болушу керек. Ошондуктан бул көпүрө түз көпүрө болот. Жалпы узундугу 450 метрди түзөт”,-дейт ал.
Улукбек Жаныбековтун айтымында жол тыгынын алдын алуу боюнча борбордук базарды бөлүп четке чыгарууга аракети да болуп жатканын белгиледи. Бирок бул план дагы шаардык бийликтерде азырынча каралып жатат:
“Борбордук базарды бөлүп четке чыгарганга аракет кылып атабыз. Бул келечектеги стратегиялык план боюнча ар бир кичирайондо өзүнчө чакан базар болушу керек. Чоң базарды бөлүп койсок кыйналбайбыз. Мисалы Курманжан Датка районунда жашаган элдер борбордук базарга келип кыйналышпайт, өздөрүнө керектүүсүн ошол жерден эле сатып алышат. Натыйжада Навоиде кыймыл азаят”, -дейт Жаныбеков.
Жыл башында эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча шаар мэри Мелис Мырзакматов да жыйында буларды белгилеген болчу:
“Көпүрө курулат деп үмүт кылабыз”, “Көпүрө курулуп калса...”, андай-мындай деген шектүү сөздөрдүн кереги жок. Бизге керекби, көпүрөнү курабыз”,-деген Мырзакматов.
Бирок Навои көчөсүнө курула турган эстакадалык көпүрө курулушу азырга дейре башталбай турат.
Маалыматтарга ылайык, анын курулушуна 400 млн сом каражат каралган. Тендерди кытайлык “Гуйсуе” консалтингдик компаниясы утуп алып, азыр документтерди даярдоо процесси жүрү жаткан белгилүү.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол коопзуздугун көзөмөлдөө кызматынын малыматына ылайык бүгүнкү күндө Ош шаарында 56 736 авто унаа бар. Анын ичинен 53 917си ишканаларга таандык. Андан сырткары, жакынкы облус жана райондордон келип кеткен машиналарды кошкондо Ош шаарында автоунаа саны 100миңге жетет.
Автор: Сулайман Эралиев.
Редактор: Эрнист Нурматов.
Сүрөттөр автордуку