Маңзат балээсинен араң кутулган Султан

Наша балээсине кабылып, андан чыга албай жүргөндөр жүздөп саналат. Бирок ошол азаптан да чыгып кеткендер бар. Алардын бири Султан. 5 жылдык күрөшүүдөн кийин ал араң ийнени жеңип чыкты. Ал маңзат чегип, абакка да олтуруп чыккан.

Султан Сабиров мектепти аяктаары менен эле, соң армияга кеткен. Ал жактан келээри менен, достору чогулуп, маңзатты аз-аздан чегип турушту адатка айланта баштаган.  Бирок башындагы жөнөкөй эле кызыгуу кийин келип, азап алып келээрин ал анда ойлобогон:

«Көчөдө жүрүп, биринчи жолу наша чеккенимде эч нерсени сезбедим. Экинчисинде, достор менен көбүүрөк наша чектик. Мурдум кычышып баштады. Досторума грипп болуп калыпмын дедим. Алар менин героинге үйрөнүп калгандыгымды айтышты. Анан кумар тутуп, аларды өзүм издеп баштадым»,- дейт Сабиров.

Чыныгы кумардын кандай болоорун Сабиров  жакшы билет. Ошентип, дагы чеккиси келе берди. Кумар тутканда эч нерсени сезбей калчу:

«Көп  наша чектик. Андан кийин оор баңгизатка өттүк. Кумар тутуп калат. Эч нерсени сезбеймин. Кандай кылсам да болбойт, анан маңзатты достордон таап чегемин. Чеккенимен кийин эчтекени сезбей калам, уктап атамбы, же жокбу билбеймин. Ал маалда ар тараптан баңгизаттар өтчү. Ошондо ушул баңгизаты деп милицияга кармалып калдым. Мени 4-жылга камашты. Ал жерде кыйынчылыктар көп болду. Берген тамактарын билип болбойт. Айла жок жейсиң. Үйдөн тамак-аштарды, кийим алып келсе кубанат болчум»,-деди Султан...

“Плюс-Центр”
“Плюс-Центр”

Бирок эми андан бери 15-жыл өткөн. Анын  6 жылын наша чегип, калган 4-жылын абакта  өткөргөн.

Наша чеккендерди дарылоочу атайын “Плюс-Центр” деп аталган коомдук фонд бар экенин ал абакта отурганда уккан. Абактан чыккандан кийин атайын ушул жайга келип дарыланды. Баңгизатты таштоосуна да ушул жердегилер жардам кылышты.

«Абактан чыгып дарыландым. Өзүм дарыланган борборго ишке кирдим. 5-жылдан бери иштеймин, наша чекпей койдум . Наша чеккен балдарга дарылануусуна, же документти болбосо документине жардам беребиз. Азыр үй-бүлөм бар, кызым быйыл  мектепке кирди. Өзүмдүн батирим бар. Учурда жашоом жакшы»,-деп  билдирет Султан Сабиров.

“Плюс-Центр” борборунда мындан башка дагы бир топ адамдар баңгизаттан арылуу аракетинде дарыланышат. Борбор ачылган 5 жыл ичинде ондогон адамдарды калыбына келтирди. Бир эле наркомандар эмес, мындагылар көчөдө үйсүз калган селсаяктарга да жардам беришет.

Равшан Мажитов
Равшан Мажитов

Борбордун  директору Равшан Мажитов:

«Биздин фонд 2008-жылы 30-апрелде ачылган. Быйыл ачылганына толугу менен 5-жыл болду. Биз бул убакыттын ичинде маңзат колдонгондордон он алтысына жардам бердик. Мындан тышкары бул борборго сел-саяктарда келип кирлерин жууп, эс алып кетишет”,-дейт Мажитов.

Малыматтарга  ылайык, Кыргызстанда ВИЧ оорусу менен ооругандардын 60%зын маңзат колдонгондор түзөт.1991-жылы наша колдонгондордун саны 1344 болсо акыркы 20-жылда 8-эсеге өскөнүн улуттук медициналык статистикасы билдирет. Азыркы учурда наркология бөлүмүндө тизмеде катталгандардын саны Кыргызстан боюнча 10 миңдей адамды түзөт.

Автор: Сулайман Эралиев.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.