Ош: Кен иштетүүдөгү келишпестиктердин алдын алуу талкууланды

Соңку 2 жыл ичинде Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы тоо-кен иштетүүчү компаниялар менен жергиликтүүлөр ичинде 40тай чыр-чатак катталган. Жаңжалдар негизинен кен казуу иштериндеги ачык айкындыктын жоктугунан жана элдин компанияларга ишенбестигинен орун алган. Бул тууралуу Ошто өткөн тегерек столдо маалым болду.

Чаткал районунун Башкы-Терек айылынын жашоочусу Аскат Ботобековдун айтымына караганда кен казуучу компаниялар түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй эле иш кылып атышат. Эл алардын эмне иш аткарып жатканынан кабары жок.

«Компаниялардын элге кошкон салымы чоң бирок, алар бүгүнкү күндө эмне иш кылып жатканынан элдин кабары жок. Алар аткарып жаткан иштерин элге туура жана так жеткире албай жатат. Кен казган компанияларды текшерген эч ким жок. Чаткалда Каныш-Кыя айыл өкмөтүндө 71 гектар жерди 26 килограмм алтынды алуу үчүн токойду кыйратып жатат. Ал жердеги казуу иштери 2008-жылдан бери уланып келүүдө»,-дейт ал.IMG_9103

Чаткал районунун жаштар комитетинин төрагасы Алтынбек Орозбаевдин айтымында, Чаткал району толуу келгендиктен көп жерлери лицензияга берилип кетиптир. Ал жерлерди алган компаниялар каалагандай иштетип жатканын белгиледи Орозбаев:

«Чаткалдын ар бир суу агып чыккан жери, жада калса жолго чейин лицензияга берилип кетти. Жерди алып алган соң  каалагандай иштетишип жолду да ары бери жылдырышып салышууда. Лицензия берген адамдар карап бербей жолго да таасири чоң. Эки бийликтин тең ортосунда иштеп кеткен адамдар эл менен компаниянын отосундагы ынтымакты ошолор бузууда. Алар элди экиге бөлүп койду»,-деген оюн билдирди.

Ноокат районунун Көк-Бел айылынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Исак Базиевдин айтымында Кытайлар Көк-Бел айылынын жолдорун оңдоп башташкан. Биздин Чөгөн деген жайлоосунан алтын табылганын айтты:

Чоң-Алайдагы Интербизнес Кайди алтын кени
Чоң-Алайдагы Интербизнес Кайди алтын кени

«Кытайлар алтынды казууга келгенде эл чогулуп макулдугубузду бергенбиз. Себеби жаштардын баардыгы Орусияга кетпей өзүбүздө жумуш орду түзүлөбү деген ой. Бирок Кытайлар алтынды казып келишип биз берген жерде жууп калдыгын таштап кетет экен. Ал жерде калган калдыктар коңшу айылга агып өтүп Ош шаарына келип Ак-Буура суусуна кошулат»,-деп билдирди Базиев.

Чоң Алай районунун акими Азизбек Аширалиев “кен байлыктарды чыгарышыбыз керек бирок, келечекте элибизге иштей туган максатта” деди.

«Биздин өкмөткө азыр бир аз элдин ишенүүсү кыйын болуп калды. Себеби мыйзамды туура иштетишпейт. Баардык жерлердин праблемалары окшош. Өкмөттөгүлөргө айтар элем, лицензия берип жатканда караштырып берилсе дээр элем»,-деп кайрылып өттү Аширалиев.

Кен казуу тармактык Ачыктык Демилгесинин секратариатынын башчысы Карабек Ибраев ар бир тоо кенин иштеткен компания салыктарын, отчетторун айыл өкмөттөргө төгүлсө көп маселелердин чечилээрин айтты:IMG_9090

«Бүгүнкү тегерек столдо жакшы демилгелер көтөрүлдү эл менен компаниянын ортосунда пикир келишпестиктер болбойт деп ойлойм. Лицензия берүү жөнүндө баардык адамдар интернеттен окуп тааныша алышат. Ар бир компания айыл өкмөтүнө төгүлсө көп маселелер чечилет. Кайсы компания кандай иштеп, кандай пайда тапканын эми билип турууга демилге көтөрүлүп жатат. Жана ишке ашат деген ойдобуз»,-дейт Ибраев.

Экономика министрлигинин тоо-кен башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Алимбеков буларга токтолду:

Чоң-Алайдагы Интербизнес Кайди алтын кени
Чоң-Алайдагы Интербизнес Кайди алтын кени

«Ар бир ишти баштаганда компаниялардын лицензиялары текшерлип анан уруксат берилиши керек. Эгер экпертизадан өтпөсө уруксат берилбейт. Болуп жаткан катачылыктарды текшерип чыгабыз. Түзүлгөн келишимди аткарып жатабы же аткарбай жатабы, баарын карайбыз”.

Маалым болгондой, геология агенттигинен кен казуу боюнча Кыргызстанда жалпы 1013 лицензия берилген. Анын 500 лицензиясы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына туура келет.

Тегерек стол “Кабар Ордо” долбоорунун алкагында “Юз оф Ош” коомдук бирикмеси тарабынан ЮСАИДдин колдоосунда уюштурулган.

Автор: Бекмамат Абдумалик уулу.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.