Кара-Суу: Таштандынын айынан ооругандар көбөйүүдө

Кара-суу районунун Кашкар-Кыштак айылынын тургундары  үйлөрүнүн жанына ташталып жаткан акыр-чикирге нааразы экенин билдирүүдө. Таштандынын  арасынан   мөөнөтү өткөн товар, жада калса малдардын  өлүгүн табууга да болот. Таштандыдан чыгып жаткан жыт айыл тургундарын ыңгайсыз абалга алып келүүдө.

Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Манапжан Акпаралиевтин үйү так ушул таштанды жаткан жердин жанында. Ал күн сайын эрте менен туруп таштандынын жыттанып жатканына тынчсызданат. Анын пикиринче, бул жерде жашоого мүмкүн болбой калды. “Мында таштанды  эле эмес, жада калса жаныбарлардын өлүктөрү да бар”,- дейт  Акпаралиев.

Манапжан Акпаралиев
Манапжан Акпаралиев

“Таштандыдан  чыккан  жыт  күндө эрте менен эрте үйдүн  ичине чейин жыттанат. Үйдүн  ичинде олтуруп  тамактануу  да кыйын болуп калды. Акыр-чикирден  чыккан  жыттын  жанында  чыдап  тура  албайсың.  Айла жоктон эле жашап жатабыз. Бизди ойлогон эч ким жок”,- деди Акпаралиев.

Ибрагим  Маткурбанов
Ибрагим Маткурбанов

Үйү таштандынын  жанындагы  жашоочулардын  бири  Ибрагим  Маткурбановдун айтымында, икир-чикирди көзөмөлгө  алган  эч ким жоктугунан адамдар өзү каалаган  жерге таштап кетет. Таштандылар  үйлөрдүн жанына чейин келип калыптыр.

“Таштандыны  көзөмөл  кылган эч ким жок. Таштандыны   алып келгендер  өздөрү  каалаган  жерге  таштап  кетишет.  Биз таштаба  десек  бизге  кыйкырып,  кайра  бизди  басынтышат. Эмне кыларыбызды  билбей  калдык.  Таштанды   жолго чейин чыгып кетти. Эми ким  чара көрөт?”,-дейт Маткурбанов.

DSC00254

DSC00247

DSC00240

DSC00238

Махфуза  Мамасалиева
Махфуза Мамасалиева

Кашкар-Кыштак айылынын  тургуну Махфуза  Мамасалиеванын  айтымында, бул жерге таштанды 2001-2002-жылдан бери ташталат. Мурда өйдө  жагына ташталып келчү. Ал  жер толуп калганына  байланыштуу  дагы  жанына  таштап  жатышат.  “Бул  жерде  иттер жүрөт, анан иттерди балдар кармайт. Ошондон оруулар жугушу мүмкүн. Айыл өкмөткө чейин арыздандык  эчкандай  чара  көрүлгөн жок”,-дейт  Мамасалиева.

Таштандынын  жанындагы  жашоочулардын пикиринче, жакын  жайгашкан үйлөргө  таштандынын айынан ар кандай дарт жабышууда. Ал  жердеги  жашоочулардын  дагы бири  Батма  Келдибаева:

Батма  Келдибаева
Батма Келдибаева

“Үйүбүзгө  чымын  чиркейлер  толуп  калат. Иттер  жүрөт, ошолордон  да  жугушу  мүмкүн. Биздин  үйүбүздүн  жанында  жаткан  акыр-чикирде  эмнелер  бар  ким  билет. Мөөнөтү өткөн  таварларды  да таштап  кетишет. Кант, печенье да бар. Биз  жокто  жаш  балдар  жеп  алышы  мүмкүн. Менин  3 жаштагы  кызым ушул жердин айынан сарык болуп ооруп калды. Дагы башка  оруулар  жугуп атат. Таштанды эле  эмес малдын  баштары,  иттин  өлүгү  да  бар”; -деди  Келдибаева.

Акыр-чикирден  ар кандай оорулар жугуп  жатканын мындагы дарыгерлер да тастыкташат. Кашкар- Кыштак айыл аймагынын дарыгерлер тобунун  жетекчиси  Махбуба Турсинова:

“Бизге  акыр-чикир  ташталган  жердеги  тургундардын  төртөөсү сарык  оруусу  менен  келди. Ал  жердеги  башка  тургундарга  да жугуп  калышы  мүмкүн. Азырынча  ооруулуулар  жок. Бирок  ит  тиштеп  келген  адамдар  35ке жетти.  Иттердин  баардыгы акыр-чикир  тытып  жүрүшөт. Оруулар  иттерден  да таркашы  мүмкүн”,-дейт  Турсинова.

DSC00249

DSC00239

DSC00231

DSC00237

Кашкар-Кыштак айыл аймагынын  башчысы  Мухидин Насирдинов айтымында, таштанды  ташталып  жаткан  жер  жеке  адамга  сатылып  кеткен:

“Негизи бул жерден мурда кум, шагыл казып алып кетишкен. Анан аны ээси дагы бир кишиге сатып жиберди. Ал ушул чукурду толтуруу үчүн бул жерге акыр-чикир таштоого элдерге уруксат берип койгон. Өзү да келип таштап турат. Биз айыл өкмөттөн  ал  таштанды ташталып  жаткан  жерге  бюджеттен  акча бөлө  албай  жатабыз. Себеби  биздин  мыйзамдар  жооп  бербейт. Ошондуктан  биз  кийлигише албай  жатабыз. Жакынкы учурда ал жердин ээсине жабуусун  жана  санитардык  абалын  сактоого  эскертүү бергенбиз”,-дейт Мухидин  Салайдинов.

Бирок ошол эле кезде, айыл округ башчысы жердин ээси ким экендигин айтуудан баш тартты. Ошондой эле анысынын себебин түшүндүргөн жок:

“Биз  алжерге  кийлигише  албай  жатабыз. Себеби ал  жер жеке  менчик  бир  адамдын  карамагында. Ал  жердин  ээси  ким  экендигин  аты-жөнүн айта албайбыз”,-деди Салайдинов.

DSC00280

DSC00281

DSC00235

DSC00258

Ташталып жаткан таштандынын аянты  болжол  менен  50-60 сотыхдай жерди түзөт. Тургундардын айтымында, бул жердин санитардык абалын атайын текшерип келген деле орган жок. Жакын арада таштандыны жок кылбаса, оруулуулар  мындан да көбөйүшү  мүмкүн дешет жергиликтүүлөр.

Автор: Бекмамат Абдумалик уулу.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.