Кыргызстанга пахта тергени өткөн Өзбекстандыктар азаюуда

Чек арадагы кырдаал кыйындаган сайын Өзбекстандан Кыргызстанга өткөндөрдүн саны азайып жатканы айтылууда. Бирок ошентсе да жашыруун жолдор менен өтүп келип иштегендер бар. Алар 2-3 айдын ичинде кыргыз сомуна 30 миңдей акча таап кетишет. Мындай акчаны табуу үчүн тынбай күнүнө 150 килого чейин пахта теришет.

1111 (2)Пахта тергени өткөн кыздарды бул жакта «жардамчы кыздар» деп атап коюшат. Жалал-Абаддын Ноокен районунун Сары-Сыя айылына келген, ардамчы кыздардын айтымында, алар пахта тергени Кыргызстанга 5 жылдан бери келишет. “Чек ара жабыктыгына карабай, ар түрдүү жолдор менен, же каналдар аркылуу өтөбүз” дейт алардын Мафтуна:

“Келип-кетип жүргөнүбүзгө 5 жыл болду. Кыргызстанга өтүп атканыбызда, милиция кармап албашы үчүн жашынып өтөбүз. Же ошол жердин тургундарына акча берип, биздин конокторубуз деп өткөрүп коюусун суранабыз”,-дей Мафтуна.

Пахта тергени өткөндөрдүн көбү өспүрүм кыздар. Алардын көпчүлүгү өздөрүнө сеп даярдоо үчүн акча табуу максатында келишет. Алардын дагы бири Сафура да ошондой максатта келген. Ал күнүнө жакшы иштесе 150 килого чейин тере турганын билдирди:

1111 (1)“Жакшы иштесек 1 күндө 150 кило го чейин пахта алып чыгабыз. Ошондо күнүнө 1000 сом акча табабыз. Пахта тергени 2 жарым айга өтөбүз. Бул убакыттын ичинде кыргыз сомуна 25-30 миңге иштеп кетебиз”,-деп билдирди ал.

Ноокенге келген “жардамчы кыздар” айылга келип бир адамдын үйүндө убактылуу жашашат. Үйдүн ээси алардын жашаганына акча албайт. Кимдин үйүндө жашап атса ошол адам, алардын өтүшүнө, да кайра өтүп кетүүсүнө да жардам берет.

“Азыр Мансур акенин үйүндө жашайбыз. Берген тамак-ашына акча албайт. Ошон үчүн анын пахтасын терсек эл берген акчадан 2-3 сом аз берет. Чек арадан өтүшүбүзгө, да жардам берет. Кимдин үйүндө жашасак ошол ушундай жардам берет”,-деп билдирди Сафура.

Мансур аке бул кыздарды Өзбекстандык тугандары аркылуу байланышып чакырат.1111 (7)

“Мен 3 жылдан бери кыздарды алып келем. Аларга  чек арадан өтүүсүнө жардам беремин. Берген тамак-ашыма акча албаймын. Себеби биздин үй жумуштарыбызда жардам беришет, пахтамды арзан терип беришет”,-деди ал.

Жардамчы кыздардын саны бир эле айылда ар жылы 100дөн ашчу. Быйыл чек арада көзөмөлдө иштери каттуу жүргөндүгүнөн иштегени 30 чакты гана кыздар өтө алышкан.

Негизинен пахта тергени келген кыздар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы “Маданият” жана “Насос” чек ара пункттарынын тегерегинен жашыруун жолдор менен гана өтүшөт. Себеби милиция кызматкерлери кармап алышса, аларды 3 күн камап, акча алып анан кайра артына жиберишет экен.

1111 (6)Мындан тышкары жардамчы кыздар Ноокен районунун Сакалды, Кызыл-Аскер, Чоң-Багыш  айылдарына да келишет. Бул айылга келген жардамчылар негизинен Өзбекстандын Пахтабад аймактарынан өтүшөт.

Пахта тергени келген кыздар Ош жана Баткен облустарында да бар.

Азыркы учурда Жалал-Абад аймагына караштуу, Ноокен айыл округунда 2 жума алдын пахтанын баасы 42 сомго жеткен.  Бул маалга чейин пахтанын баасы 37-40 сомго чейин болгон. Четтен келген жардамчылар ар жылы 1 кило пахтаны 4-5 сомдон терген болсо, быйыл 7 сомдон терип атышат.

Автор: Сулайман Эралиев.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.