Өткөн кылымдын башында бир ууч араптар Ноокенге келип, жери эгинге жакшы экенин билип, калып-калышкан. Азыр ал жер бир чоң айыл болуп элинин саны 300 түтүндөн ашып калды. Алар көбүнчө кыргыздашып, өзбектешип баратышат. Адам аттары да кадимкидей жергиликтүү улуттардыкына окшошуп калган.
Сары-Сыя айылында жалаң араптар жашагандыктан Ноокендиктер бул айылды үстүртөн “арап маале” деп атап коюшат. 12-кылымдын башында Орто Азияга дин жайылтуу максатында келип, калып кеткен араптардын урпактары азыр мында кыйла көбөйүп эле болуп калды.
Өткөн кылымдын башында алардын 7 үй-бүлөсү Ноокенге келип жердеп калган. Мал жаюуга ыңгайлуу болуп, жери берекелүү болгондуктан ушул жерди тандап алышкан сыяктуу. Анткени алар чынында мал чарбачылыгы менен, дыйканчылыкка жакын келишет. Араптардын тукум делгендердин бири Алмазбек Акашбеков:
«Араптар негизинен мал жандуу келишет. Ар бир үйдө сөзсүз кой-уй, жана башка мал жандыктар бар. Ал эмес ар бир үйдө жок дегенде экиден ит бар. Биз иттерди мал караганга жардамчы кылып алабыз”,-деди ал.
Ноокендик араптар мындан башка соодагерчилик менен күн көрүшөт. Ар бир үйдөн бирден эркек сөзсүз соода менен алектенет. Орусияга иштеп кеткендер да аз эмес. “Сары-Сыялыктар бир убакыт Өзбекстанда жашагандыктан, ашканасы дээрлик өзбек тамак-ашынан турса, ал эми салт-санаасы кыргыздардыкына окшош” дейт Ноокендик араптардан бири Асилбек Текебаев:
«Биз негизинен соода менен күн өткөрөбүз. Ар бир үйдөн бир эркек соода менен алектенет. Жер иштетебиз, Орусияга иштегени да барабыз. Тамак-ашыбыз өзбектердикине окшош болсо да, салтыбыз Кыргызстандын түпкү улутуна окшош. Мисалы: тойдо сөзсүз бодо мал союлуп, келгендерди аз дегенде 5 үйгө конокко бөлөбүз... Дагы салттардан кыз алып качмай бар»,-дейт Асылбек.
Бул айылдагы, дагы бир өзгөчөлүк, бойго жеткенге кыздар кыска көйнөк кийишпейт, дээрлик баары жоолук салынышат. Айылдан сыртка жалгыз чыгууга жол берилбейт. Акыркы 10 жылга чейин бул эл башка жактан куда да күткөн эмес. Соңку жылдары гана бөтөн жактан кыз алып, башка элге кыз узата башташыптыр.
Анткен менен жаңы төрөлгөн балдарга арапча ысым койуу сейилдеп бараткандай туюлат. Көбүнчө ата-эне балдарына өзбекче же кыргызча ысым ыйгарышат. Паспортуна болсо кыргыз же өзбек деп жаздырышат. Мунун жөн жайын айыл башчы Рахманжан Боронбаев мынтип түшүндүрдү:
«Илгери совет малында динге көз-караш терс болгондуктан арап улутун кыргыз же өзбек деп жазган. Бүгүнкү күндө Жокорку Кеңешке, бир канча жетекчи адистерге кайрылдык, ушул бизди айылды улутун арап деп жазып берүүсун сурандык»,-дейт айыл башчы.
Сары-Сыялык мекендештерибиз дээрлик короолорун тосушпайт, дарбаза орнотушпайт. Ал тургай эки күндөп айылчылап кетсе да үйлөрү ачык калат, айыл башчы Рахманжандын айтымында бул бири-бирине болгон ынтымактыктын, ишеничтин белгиси:
«Биздин айылда баары жакшылык күндө да, жамандык күндө да бири-бири менен тыгыз мамиледебиз. Капысынан кошунабыз конокко кете турган болсо үйүндө кулпу жок, дарбазасы жок, кошунасына ишенип тапшырып кетет. Биз буга керт башыбыз менен жооп беребиз»,- деди ал.
Жергиликтүүлөр көбүнчө балдарын мектепте окутуп эле тим болушат экен. Мектепте өздөрүнөн чыккан мугалимдердин аздыгы да ошондон болсо керек. 11 жылдык Сары-Сыя мектеби кыргыз тилдүү, анда балдарды мугалимдер кошуна айылдардан келип окутушат.
Сары-Сыялык араптар 12-кылымда дин жайылтуу максатында Соуд Аравиядан келген араптардын урпактары, өздөрүнүн «курайш» уруусунанбыз дешет. Кыргызстанга ооп келгенге чейин Өзбекстандын Андижан аймактарында жашашкан.
Андижанда отурукташып калган араптар жергиликтүү калктын каада-салтын тилин өзүнө сиңирип алышкан. Алардан бөлүнүп Кыргызстанга ооп келген Сары-Сыялыктар болсо, кыргыз, өзбек тилдеринде аралаш сүйлөшөт.
Өздөрүнүн түпкү тилин билгендер жоккр эсе. Тилин унутуп баратканы менен жергиликтүү калк өздөрүнүн арап тукумунан экенине сыймыктанышат. Ар бир үй-бүлөдө ушундай манай жашайт. Төрүндө теспе менен Мекке шаарындагы каабанын сүрөтү илинбеген үйдү көрбөйсүз.
Сары-Сыя деген аталыштында өзүнчө тарыхы бар. Уламыштарга караганда дин жайылтуу максатында келген араптар өздөрү жөнүндө териге сары сыя менен жазышчу экен.
Автор: Сулайман Эралиев.
Редактор: Эрнист Нурматов.
Сүрөттөр автордуку.