Сулайман-Тоо: Туристтердин саны 100 миңден ашты

Жыл башынан бери, тагыраак айтканда 9 айдын ичинде ыйык жайга келген туристтердин саны 100 000ге жакындаган. Сулайман-Тоо боорундагы “Бабурдун үйү” деп аталган мечитке чет өлкөдөн келген, башка диндеги элдер да сажда кылып кетишүүдө. Тоого чыккан туристтердин көбү тоонун сыйынчу жерлерин толук  билишпегендиктен, жакында ал жөнүндө чет элдердин тилиндеги китеп басылып  чыкканы турат.

Кыргызстанда тоолордун көптүгүнөн, суулардын түсүнө суктанган туристтердин сапары экинчи «Мекке» атыккан Сулайман-Тоодо уланбай койбойт. Бул ыйык жерге келген ар улуттагы элдер шаардын таза абасынан атайын, тоо үстүндө дем алганы келишет. Ыйык тоо дүйнөлүк масштабдагы ЮНЕСКОнун катарына киргендигинен улам, Ошко көптөгөн мамлекеттерден келген туристтердин кадамы үзүлбөй келүүдө.

Ким Мира
Ким Мира

«Мен Кыргызстандын атмосферасы өтө жакшы деп угуп, бул жерге келүүнү максат кылып жүргөм. Сулайман-Тоо жана үңкүр музей жөнүндө мен Сеулда окуп жүргөнүмдө уктум. Чындыгында бул жер өтө кооз тура. Ош шаары Бишкекке салыштырмалуу тынч жана негизинен кыргыз эли ак көңүл, жайдары адамдар келишет экен. Тоого биринчи жолу чыктым, анын таза абасы, шаардын толугу менен көрүнүшү мага өтө жакты. Сууларынын түстөрү өзгөчө таң калаарлык экен»,-дейт Кореядан келген туристтердин бири Ким Мира.

DSC_0684

Чет өлкөдөн келгендерге салыштырмалуу өзүбүздүн кыргыз жергебиздеги областтардан келген элдер тоодо жана музейде көп кездешет. Алардын бирөөсү бул жерге алгач ирет  келип турган Чуй областынын  тургуну Мирлан Жайлообаев, биринчи жолу Сулайман-Тоого келгендигин айтат:

Мирлан Жайлообаев
Мирлан Жайлообаев

“Мен Чүй областынан, бул ыйык жерге атайын зыярат  кылып тилегимди айтканы келдим. Ушундай ыйык жердин Кыргызстанда болуусу биз үчүн чоң сыймык. Биз бул жерге кыз алганы куда түшүп келгенбиз, Ош шаарына бир нече ирет келип Сулайман-Тоого чыкпай кеткемин, эми мына тилегиме жетип ыйык жерди көрүү менен бирге, өзүмө жараша тилектеримди жараткандан сураганы чыктым”,-дейт.

DSC_0588

Ал эми Сулайман-Тоонун жетекчилеринин берген маалыматтарында, бул жерге келген туристтердин саны жылдан жылга көбөйүүдө. «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин директорунун орун басары Хайрулла Ибайдуллаев:

Хайрулла Ибайдуллаев
Хайрулла Ибайдуллаев

“Өткөн жылда Сулайман-Тоого келген туристердин саны 120 000ге жеткен. Быйылкы жылда болсо 9 айдын ичинде эле 100 000ге чукулдады. Бирок бизге билет алып кирген гана элдин саны түшөт. А тоонун айланасы тосулбай, ачык болгондуктан, көпчүлүгү билет албай киришет. Эгерде ошолорду да кошуп эсептесек анда 2-3 эсеге көп элдин санын айтсак болот”,-деп билдирди.

DSC_0552

Тоонун чокусундагы мечиттин ичине сажда кылганы келгендердин ичинен мусулман дининдегилер эле эмес, башка диндеги адамдарды да кезиктирүүгө болот. Мечиттин имамы Орозбек Кулматов:

“Бул жерге көбүнчө кыргыз, өзбек, тажик, кытай, индус улутундагылар көп киришип саждага жыгылат. Бул жер Сулайман пайгамбардын изи калган ыйык жер болгондуктан сыйынуучу адамдардын баары эле ислам дининин намазын окуп куранын угушат»,-дейт.

DSC_0598

Жада калса улуу тоонун сырлары  жөнүндө китеп басылып чыгып, азыр болсо, анын чоң көлөмдүү томдорго айлануусу жана ар кандай тилдерге которулуусу жөнүндө да маалыматтар айтылууда. Ушул эле жердеги сыйынчу жердин кароочусу, Эне бешик  зыярат жайынын шайыгы Алымбек ажы Култаев:

DSC_0567

«Бул жерге кантип зыярат кылганды туристтердин көпчүлүгү билишпейт. Ошондуктан биз учурда «Ыйык Сулайман-Тоосундагы катылган сырлар»-деген китеп чыгарып жатабыз. Аны биз кыргыз тилинен чет тилдерге да которуп чыгууну чечтик. Себеби, биздин максатыбыз, бул жерге келген туристтердин санын арттыруу»,-деп билдирди.

27-сентябрь бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө арналган башкы музей жана үңкүр музейинин ачылышына келген туристтердин саны 2,3 сааттын ичинде эле миңге жакын болгон. Сулайман-Тоого чыгуу үчүн сатып алынган билеттин акчасы болсо, мамлекет казынасына түшөт жана музейдин кемчилдиктерине иштетилет.

Автор: Мукаддамкан Маткалыкова

Редактор: Эрнист Нурматов

Сүрөттөр автордуку.