Ошто телефон оңдоочу кесиби популярдуу болууда

Телефон оңдоо бир топ чеберчиликти талап кылганына карабастан, бул кесипке кызыккандардын саны көбөйүүдө. Бул өнөрдү үйрөнүүчүлөрдүн көпчүлүгү жаштар. Учурда зарыл болуп турган, аталган кесипти эч кандай билими жок өз алдынча үйрөнүп иштеп жүргөндөр да бар. Ошондойлордун бири Шекербек Пусуров.

Шекер Пусуровдун устаканасы «Келечек» базарынын так ортосунда жайгашкан. Ал мында кадимкидей эрте менен саат 8дерде келип, кечки саат 8дерге чейин иштейт. Керээли-кечке телефонду чукулаганы-чукулаган:

«Азыр көпчүлүк жаштар жумуш жок деп Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөргө кетип жатат. Алар өз өлкөсүндө деле иштесе болот, болгону аракет кылышы керек, аракет кылса баары болот. Мен дагы  биринчи колдонгон чөнтөк телефон сатып ишимди баштагам. Ар кандай тоскоолдуктар болгон. Ал тосколдуктарды жеңип, азыркы учурда чөнтөк телефон оңдоп иштеп калдым. Өзүмдүн чакан болсо да устаканам бар»,-дейт ал.

Шекер Пусуров
Шекер Пусуров

Пусуровдун айтымында, анын кардары күндөн-күнгө кобөйүп баратат. Мыкты жана сапаттуу оңдогондуктан клиенттери да айланып эле кайра өзүнө келип турат.

«Канчалык көңүл бөлүп жакшы оңдосоң клиентиң да ошончо көп болот. Андан сырткары келген кишини болушунча күттүрбөй бат оңдоп берүүгө аракет кылам. Анткени күтүп турганга эч кимдин убактысы жок»,-деди Шекербек.

Пусуров телефонду бузулганына карап ар кандай баада оңдоп берет. 100 сомдон баштап, кымбат балуу телефондорду 2000 сомго чейин оңдойт.

Иштеп тапкан акчасы өзүнүн үйбүлөсүнө жетчүдөй. Ал бир эле күндө 1000 сом, жумушу жакшы болгон күнү андан да ашыкча таба алат. Бул кесипти үйрөнүү үчүн бир да жерде окуган эмес. Болгону кызыгып артынан түшүп өз алдынча үйрөнүп алган.

«Бул кесипти үйрөнүү оңой болгон жок. Биринчи көп убакыт чукуган күндөр болду. Кээде жөнөкөй эле нерсени билбей каласың. Бирок бара-бара үйрөнүп кеттим. Башкача айтканда өз алдымча эле үйрөнүп алдым десем болот. Ижарага контийнер алып,  кийинчерээк акча жыйнап кол телефон оңдочуу аппарат сатып алдым. Бүгүнкү күндө натыйжалуу иштеп жатам»,-дейт Пусуров.

Жумабек Таштемиров
Жумабек Таштемиров

Шекербек устага окшоп бул кесиптин татаалдыгына карабай, өз алдынча эле эч кандай билими жок өздөштүрүп, кызыгып, үйрөнүп алгандар шаарда ондоп саналат. Алардын арасында жаш өспүрүмдөр да бар. 20 жаштагы телефон уста Жумабек Таштемиров:

«Телефон оңдоп иштегениме 3жыл болду. Телефон оңдогон да өзүнчө бир өнөр. Азыр деген ар бир адамда уюлдук телефон бар. Демек алардын баарына уста керек. Телефон оңдоо жаштар арасында популярду кесип болуп баратат. Билгени деле, билбегени деле ушул кесипке баш уруп атышат. Оңдойм деп атып, кээ бирлери бузуп алгандар бар. Кыскасы татаал кесип. Мен бул кесипти өз алдынча эле үйрөнүп алгам,билим алган эмесмин. Азыр билгеним буюрса өзүмө жетиштү»,-дейт ал.

Ош шаарында чөнтөк телефон оңдогон жайлар жүздөп саналат. Ал жерге күнүнө миңдеген адамдар кайрылат. Кимиси канчалык сапатту оңдосо анын ошончолук кардары да көп болот. Бирок анда иштегендердин көбү дээрлик 60% билими жок, өз алдынча эле кызыгып үйрөнүп алгандар.

Автор: Артык уулу Тойчубек.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.