Сары-Сыяда эки улуттун балдары бир мектепте ынтымактуу билим алышат

Ноокен районуна карашту №-22-Батырбек Абдырахманов атындагы орто мектебинде Сары-Сыя менен Параканда айылынын балдары окушат. Бул айылдын биринде кыргыздар, биринде араптар жердейт. Эки улут өкүлдөрүнүн балдары ынтымактын символу сыяктуу билим алып келатышат.

Батырбек Абдырахманов атындагы мектептин 8-классынын окуучусу Сафира Өткүрбек кызы өзү араб улутунан. Саар-кеч бирге окуп, бирге жүргөн досторун аябай жакшы көрөт. Бул жерде аны менен кошо кыргыз, өзбек улуттарынан классташтары бар:  Сафира Откурбек кызы

“Мен 8 жылдан бери ушул мектепте окуймун. Сары-Сыя жана  Параканда айылындагы балдар-кыздар менен  чогу билим алабыз. Биз бир класста окуп атканыбыздан кубанычтабыз. Ар дайым бири-бирибизди колдоп, сүрөп турабыз. Балдар эки башка улуттан экенибизди деле унутуп калган сыяктуубуз”,-дейт.

Бул мектепте негизинен 2 улуттун балдар-кыздары окушат. Бул мектептин окуучулары бир класста ынтымактуу окуп эле тим болушпай, кээ бир учурларда бири-бириникине ойногону, үй тапшырмаларын жасоого да  барып турушат.  Бул боюнча Сары-Сыя айылынын тургуну  Надира Акашбекова айтты:

Надира Акашбекова“Менин балам №22-мектепте 2А класста окуйт. Баламдын Паракандадан достору бар, өтө ынтымактуу, бири-бириникине айылчылап же тапшырма кылганы барышат. Бир күн балам Паракандага барса бир күн досу биздикине келет, бул маалда  айылдын ичинде да сен кыргызсың, же сен арапсың деп бөлүнүшпөйт”,-деп айтты Надира.

Бул мектептин окуучулары  улуттарга бөлүнүшпөйт, 2010-жылкы окуя да бул мектепке, окуучуларга эч кандай терс тасирин тийгизген эмес. Окуучулардын дагы бири Баяман Талантбек уулу мынтет:

“Мен өзүм кыргыздын баласымын. Ар улут бир мектепте окуганыбыз менен ынтымагыбыз тоодой. Кайсы капсалаңдар, тополоңдор болбосун биз бири-бирибизди сыйлап турабыз. Уруштан-чырдан ким пайда табат? Баарыбыз биримдикте болушубуз керек”,-дейт окуучу.

Мектептегилер ар түрдү спорттук оюндарды,  класстар аралык кызыктуу шайыр-тапкычтар клубунун зоокторун уюштуруп турушат. Мындай оюндарды класстардын арасында гана эмес мектептер аралык да өткөрүшөт.  Бул боюнча мектептин директору Кубаныч Нышанов  kloop.kg ге берген маегинде  белгиледи:Кубаныч Нышанов

“Биздин мектепте эки улуттун балдары окуп ар түрдүү оюндарды өткөрүшөт. Мектебибиз  шаардан алыс болгонуна карабастан окуучуларыбыз шаарга  барып спорттук мелдештерде катышып байгелүү орундарды камсыз кылып келатат. Мындай биримдик бул мектепте мурдатан эле болгон”,-деп билдирди мектеп директору  Кубаныч.

11 жылду бул  мектеп кыргыз тилдүү, өздөрүнөн чыккан мугалимдердин аздыгынан, андагы балдарды мугалимдер кошуна айылдардан келип окутушат. Негизинен мектепте 23 мугалим бар.

мектеп окуучулар (1)Окуучулардын саны жылдан жылга азайып баратат. Ар жылы 382 болсо быйылкы жылы алардын саны 372 окуучуну түзөт.

Ош шаарынын тургуну Барыкан  Өмүрзакова ынтымактуу болуу үчүн алдын мектептен башташ керек деген ойдо:

“Негизи мен мындай аралаш мектепти биринчи жолу уктум. Ошол мектепке окшоп башка жердеги улуттардын балдары да бирге сабак окууга өтүшү керек. Кыргыз, өзбек, арап, орус же башка элдер болобу ынтымактуу  болушубуз керек. Ар жерде бөлүнүп, өз-өзүнчө жашап, өз-өзүнчө окуй бербей аралашышыбыз керек. Маселен азыр кээ бир жерлерде бар өзбек мектеп деп коюп, жалаң өзбектер окушат, кыргыз мектеп деп коюп жалаң кыргыздар билим алышат. Ушуну аралаштырган болсок, анан бизде улут аралык ынтымак пайда болот”,-деди Барыкан.

Автор: Сулайман Эралиев.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.