Сулайман-Тоодогу арбактар сүрөттөрдөн көрүнүүдө

 

Сулайман-Тоодогу тартылган сүрөттөрдөн соңку күндөрү арбактардын сөлөкөттөрү түшүп жатканы кеп болууда. Бул шаардыктардын ичинде кызуу пикирлерди жаратууда. Ал эми сүрөткө өздөрү түшкөн адамдар аны кимдир бирөөнүн колдоочусу деген ойдо. Бирок алар журналисттерге маек берүүдөн баш тартып келатышат.

Сентябрь айынын ортолорунда Мунара аттуу кыз дос балдары менен Сулайман-Тоого эс алганы чыккан. Кийин сыйгалак таштын жанында сүрөткө түшүшкөн. Сүрөткө тарткан баланын уюлдук телефону өчүп калгандыктан ошол кезде, тартылган сүрөттөрдү көрө алышкан эмес. Эртеси сүрөттөн арбактын сөлөкөтү түшүп калганын байкашкан.

«Биз Сулайман-Тоого досум, анын жигити, дагы эки бала болуп эс алганы чыкканбыз. Тоодо сүрөткө түшсөк, тартылган телефон дароо эле өчүп калган. Кийин көрсөк, анда кандайдыр бир адамдын элеси түшүп калыптыр. Кадимкидей ак кийинген арбактын сөлөкөтү жүрөт. Көрүп алып жүрөгүбүз оозубузга тыгылды. Бул боюнча шаардык молдолорго кайрылсак, «эч кимге көрсөтпөгүлө, бул кызыр» деп айтты. Ошондуктан көрүнгөн эле кишиге маалымат берүүдөн чочулап атабыз»,-деди Мунара биз менен болгон маегинде.

Арбактар (1)

Мындан башка окуя ушундан кийинчерээк эле орун алган. Өзүн Айбек деп тааныштырган 25 жаштардагы жигит да достору менен тоодо түшкөн  сүрөттөрүнөн кандайдыр бир түшүнүксүз элестерди көргөнүн белгилешет:

«Биз  тоого достор менен түнкү намаз окуганы барганбыз. Анан намаз окуп жатканда досум мени сүрөткө алган. Намаз окуп бүткөндөн кийин сүрөттөрдү карап отуруп, менин жанымда бир тегерек түшүнүксүз ак нерсе жанымда түшүп калганын көрдүм. Ал мындай караганда арбакка, же бир көрүмчүгө деле окшошпойт. Бирок баары бир кандайдыр бир күч сүрөткө таасир эткенин туйдум»,-дейт Айбек.

Арбактар (3)

Ошондон кийин Айбек Сулайман-Тоодогу арбактар темасына кызыгып, иликтөөнү колго алган:

«Чынында мындай арбактардын элеси көрүнгөн учурлар көп болуп жатат. Анан мен ушундай кызыктуу сүрөттөр боюнча китеп чыгарайын дегем. Бирок сүрөткө түшкөндөр сүрөттөрүн берүүдөн баш тартып атышат. XIX-кылымдарда Слайман-Тоого башка өлкөлөрдөн, адамдар Меккеге  зыярат кылганы барышкандай эле, бул жакка да келишкен экен»,-деп кошумчалады ал.

Арбактар (4)

Бул таң калыштуу сүрөт маселеси боюнча Сулайман-Тоодогу кызматкерлер өздөрү да бир пикирде эмес. Тоодо куран окуп олтурган, динаятчы Абдылда Култаев ажы буларга токтолду:

Абдылда Култаев
Абдылда Култаев

«Дүйнөдө 40 кайып зат бар. Алар адамдарга ар кандай болуп көрүнүшөт. Буларды арбак деп атоого да болбойт. Булар жакшы адамдарга гана көрүнөт. Ал эми сүрөт боюнча айтсам, сүрөттөгү ак сакал 40 кайыптын бири болушу ыктымал. Анан мындай сүрөттөрдү элге көрсөтүп Сулайман-Тоонун ыйыктыгын адамдарга көрсөтүш керек. Мен башка молдолор «эч кимге көрсөтпөгүлө» деп  айтканына каршымын»,-дейт ал.

Арбактар (5)

Аталган сүрөттөр Ош шаарындагы жашоочулардын уюлдук телефондоруна тездик менен таркап жатат. Телефонуна видеону жүктөп алып жүргөндөрдүн бири Сайрагүл kloop.kg порталына мындай деди:

«Мен бул сүрөттү биринчи көргөндө ишенген эмесмин. Чындыгында азыр деле ишенбей турам. Бирок угушум боюнча Сулайман-Тоодо арбактар бар. Алар ушундай кадрларга анча-мынча түшүп калат экен. Ошондуктан мен бул сүрөттү эжемдин телефонунан өткөрүп алдым. Ар кимге көрсөтүп жүрөм».

Арбактардын, көрүмчүлөрдүн элестери ар кайсы сүрөттөрдөн көрүнүп жатканын жашоочулар түрдүүчө жоромолдошууда. Шаар тургуну Орозкан айым мындай пикирде:

Орозкан
Орозкан

«Азыркы кезде жаштар бузулган. Сулайман-Тоого зыярат  кылганы келиштин ордуна бул жерди  «свидание» кура турган жерге айлантып алышкан. Пиво, арак ичип атышат. Улуу сөздө уят жок, тоонун башына чыгып алышып секс кылгандар бар. Жадагалса экологияга да зыянын келтирип атышат. Ошонун баарына эми ушул жердеги ата-бабалардын арбактары капа болуп атса керек. Ошондон ар сүрөттө көрүнүп атат»,-деди ал.

Сулайман-Тоо археологиялык музейинде 400дөн ашык петроглифтер, жазмалар жана сүрөттөр сакталып калган. Ошондой эле корукта Асаб-ибн Бурхуя жана Бабур күмбөзү, орто кылымдагы мончонун калдыктары жана Абдуллахандын мечити орун алган.

Мындан сырткары тоонун эки тарабына 5 миңден ашык мүрзө бар. Жылдан жылга алардын саны көбөйүп жатканы белгилүү.

Автор: Перизат Козубаева.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.