Аксыда мал уурулар көбөйүүдө

Аксыда мал уурдо кескин күч алып кеткендиктен эл нааразылык билдирүүдө. Райондогу Жергетал, Капчыгай, Бозбиек, Күлүктөбө айылындагылардан эки жүздөн ашык эл бир катар митингге да чыгып, атайын жолугушууларды өткөрүштү. Карапайымдар эки айдан бери кармалбай жаткан ууруларды күчөтүлгөн тартипте издөөнү талап кылышууда. Бийликтер эл менен жолугушуп уурулар жакынкы күндө кармаларын убада кылышууда.

Эки ай мурда башталган мал уурулук ушул күнгө чейин токтобой келүүдө. Элдер бир малды уурдатып эми эсин жыйгыча эле экинчи мал жок. “Мунун баары күч органдарынын жакшы иштебегендигинен болуп жатат”,-дейт аксылык Ташмамат Алимбеков:SONY DSC

«Бүгүнкү күндө күч органдарынын иштебегенинен мал урдоо токтобой жатканы байкалып турат. Мындан эки ай мурда уурдалып башталган мал уурулук  бүгүнкү күдө да токтогон жок. Элдин канчалаган малдарын уурдап кетти, ким жооп берет»,-деди Алимбеков.

Жоголуп жаткан малдарды түн ичинде алып кетишет. Уурулар жада калса сеткаларды кыркып салган учурлар да кездешет.

Жергиликтүү тургундардын бири Райимжан Сасыкбаев буларга токтолду:SONY DSC

«Мен 20-октябр күнү 3 уй, 1 атымды уурдаттым. Алардын экөөсү атканадан экөөсүн сырттан алып кеткен. Саат 12де  малдар ордунда эле болгон. Түнкү саат үчтөр чамасында чыгып карасак жок. Биз ошол заматта эле айыл башчысын чакырдык, милиция органдары да кошо келди. Таң калыштуусу органдын адамдары ошол жерде күзөттө болушкан. Бирок ууруну таң атканча издешти эч кандай майнап чыккан жок»,- деди Райимжан Сасыкбаев.

Уурдалып кеткен малдардын айрымдары качып келген учурлар да кездешет. Алардын айрымдары жиби менен келип калганын белгилешүүдө.

“Биздин үйүрдө жүргөн ат эки күн мурда талаадан жоголуп кеткен эле. Бир канча убакыттан кийин ат кайра келип калды. Бирок ат  башында жиби менен үйүргө кошулуп калыптыр. Бул уурулар айылдын эле ичинде болуш керек. Милиция органдары жакшылап аракеттенсе кармап алса болот. Жаман оюбузда, уурулар милиция органдары менен да иштешип аткан болушу мүмкүн деп атабыз”,-деген оюн билдирди Аман Акматов.SONY DSC

Малдарды уурдап кетип жаткан ууруларды табуу азыркы учурда орган тарабынан катуу көзөмөлгө алынган. Уурунун артынан органдын адамдары түшүшкөн. Азыркы учурда чек араларды жаап күнү-түнү тынымсыз иштеп жатабыз деди Аксы районунун ички иштер башкармасынын башчысы Абдрашит Керимбеков:

«Бүгүнкү күндө Аксы районунда мал урдоо көйгөйлүү маселелердин бири. Биз ишке келгенден тартып бир канча ууруларды камаганга жетиштик. Уурулук токтоп, көптөгөн уурулар камалган эле. Бүгүнкү күндө жаңы топтор чыккан. Ошондуктан биз кармай албай жатабыз. Жакынкы күндөрдө кармайбыз деген үмүттөбүз. Азырынча бизде 14 адамдын арызы»,-деди Керимбеков.

SONY DSCАкыркы учурда төрт айылдан малдар кескин көп уурдалып кеткен. Мунун алдын алуу үчүн бийликтер да тынбай аракет кылып жатышканын белгилешет. Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев:

«Биз бүгүн ар айылдан келген тургундар менен сүйлөштүк. Жакынкы күндөрдө уурулар кармалат деп убада бердик. Бүгүндөн баштап орган тарап көчөтүлгөн тартипте  иш алып барышат. Органдын адамдарына кошулуп жергиликтүү калк өздөрү да кошо  карашат. Ошону менен бирге милиция органдарына 15 күн убакыт бердик»,-дейт Айдаралиев.DSC_4444

Эки айдын ичинде төрт айылдан 41 мал жоголгон. Милиция органдары болгон кылмыштардын астын алып кармаша албай жатышат. Биздин органдагы адамдардын шалакылыгынан уурулар кармалбай изин жашырып кетишүүдө дейт  жергиликтүүлөр.

Автор: Бекмамат Абдумалик уулу.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.