Бажы Биримдиги: Кыргызстан үчүн күңгөйү жана тескейи

Бажы Биримдиги өлкөлөрүнүн жетекчилери

Кыргызстандын Бажы Биримдигине  кирүүсү ар түрдүү пикирлерди жаратып жатат. Баалар өсүп, Кара-Суу  жана Дордой базарлары маанисин жоготот деген кооптонуулар бар. Айрым серепчилер да бул пикирлерди колдойт. Бийлик өкүлдөрү бул жаатта кооптонууга негиз жок экенин айтып, көңүл жайгарууда.

Бажы Биримдигин түзүү демилгеси 1995-жылы көтөрүлүп, 2000-жылы ЕврАзЭШтин калыптанышы менен аны түзүүнүн зарылчылыгы бышып жетилген. Биримдикти түзүү жөнүндө макулдашууга бардык КМШ өлкөлөрү кол койгону менен Орусия, Казакстан жана Беларуссия  алдыга озуп, бирдиктүү экономикалык аймак түзүүнү жүзөгө ашырышууда. Бул үч өлкө 2010-жылдын 1-январында бирдиктүү тарифтерди, андан соң 1-июлда Бажы кодексин күчүнө киргизип, өз ара эркин соода жүргүзүүнү баштады. Биримдиктин башкы максаты менен милдети бирдиктүү бажы аймагын түзүү болуп саналат. Анын алкагында бажы алымдары колдонулбайт жана экономикалык мүнөздөгү чектөөлөр болбойт, үчүнчү өлкөлөр менен соода жүгүртүүнү жөнгө салуу биргелешип чечилет.

Ош шаарында жайгашкан Кара-Суу базарынын сатуучусу Нафиса Хамидова Бажы Биримдигине кирүүгө каршы:

«Мен бул базарда 10 жылдан бери соода кыламын. Төрт баланын энесимин. Биз кытайдан келген товарларды  сатып жан багабыз. Азыр жумуш жок илгерки союз убагындай завод-фабрикалар иштебейт. Элибиз соода-сатык менен гана кара курсакты тойгозуп калды. Бажы Биримдигине кирсек кытайдан келген товарлар кескин азаят деп ойлоймун.  Анысы аз келгенсип тамак-аш  да кымбаттайт экен. Анда карапайым эл ачка калабы кантип жашайт.  Менин угушум боюнча Дордой жана Кара-Суу базарлары жабылат экен. Ушунча миӊдеген эл жумушсуз кайда барсын? »,-дейт ал.

Кара-Суу базары
Кара-Суу базары

Президент  Атамбаев 29-августта билдирүү берип жатып, Кыргызстан сөзсүз түрдө Бажы Биримдигине кириш керек экендигин белгиледи:

Экономиканы өнүктүрүүдө Кыргызстандын Бажы биримдигине, башкача айтканда, бирдиктүү экономикалык мейкиндикке киргенден башка айласы жок.  Мындан ары Кыргызстан реэкспорт менен киреше таба албайт. Азыртадан эле чек арада көйгөйлөр жаралууда. Ошондуктан, биз каалайбызбы, каалабайбызбы Бажы биримдигине киришибиз керек”, - дейт президент.

Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Мындан тышкары мамлекет башчысы өлкөнүн экономикалык көз карандысыздыгынын негизги шарты энергия менен камсыз кылуу жана бул багытта коңшу өлкөлөр менен кызматташуу экенин баса белгиледи.

“Казакстан Нарын дарыясында ГЭСтерди куруу оюн билдирүүдө. Мында биз үчүн салык, алар үчүн арзан электр энергиясы кызык болууда. Россия сыяктуу башка өлкөлөр да Нарын дарыясында обүектилерди куруу ниетин билдирүүдө”, - деп айтты А. Атамбаев.

Эксперттер эмне дейт?

«РЕФОРМА» эксперттик тобунун мүчөсү, Борбордук Азиядагы Эркин Базар институтунун Башкаруучу директору Мирсулжан Намазаалы,   Бажы Биримдигине таптакыр каршы:

«Тилекке каршы Бажы Биримдигинин Кыргызстанга тийгизе турган таасири абдан оор. Эгерде бул Биримдике кирип калсак биздин жарандар абдан кыйналат. Өзгөчө кедей адамдар. Себеби баалар өсөт. Эгерде биздин баалар менен Орусиянын Казакстандын бааларын салыштырсак биздики абдан арзан. Себеби биздин соода-сатык либералдуу, импорттук алымдар төмөн. Кыргызстанда  баалар чоӊойсо карапайым эл кыйналат.  Алсак ошол эле телевизор, телефон, автоунаа азыркы наркы канча жана Бажы Биримдигине  киргенден кийин канча болот.  Мисалы азыр автоунаа 5миӊ $ турса Биримдике киргенден кийин 15миӊ$ болот. Себеби бажы алымдар  кымбат. Эмнегедир азыркы бийлик ушул маселелер тууралуу, элге айтпай жатат. Баалар кымбаттаса эл унчукпай олтура бербейт көчөгө чыгат. Ошондо бийлик чет өлкөдөн сатып алган хан сарайларына же болбосо жанагы эле Москвага же Минскке качып кетет»,- дейт Мирсулжан.

Мирсулжан Намазаалы
Мирсулжан Намазаалы

Ошондой эле ал Казакстан менен Беларуссия  Бажы Биримдигине нааразы деп белгиледи:

«Казакстан менен Беларуссиянын  мисалында карап көрсөк . Казакстан Орусияга каршы чектөөлөрдү коюп баштады. Орусия Казакстанга мурда эле чектөөлөрдү койгон. Кечээ биз аа булар жакшы үй-бүлө курушту деген ойдо болсок. Бүгүн чыр-чатактын үстүндө эле болуп калды. Белоруссиянын президенти Лукашенко «Эгерде Орусия бензинге болгон экспорттук пошлинаны  албаса бул демек Бажы Биримдигинин келишимине каршы чыгып жаткандыгы, Биз Биримдиктен кетебиз деп жатат». Казакстандын нааразычылыгы,  биздин алкоголдук продукциябызды  унубузду кабыл албай жатат. Эгерде Кыргызстан кошулса тагдыры кандай болот. Биз кичинекей өлкөбүз бюджетибиз да чоӊ эмес. Ушул 3 чоӊ өлкөнүн жанында элибиздин кызыкчылыгын кантип коргойбуз бул чоӊ суроо»,-дейт Мирсулжан.

Москва. Кремль.
Москва. Кремль.

Экономика министри Темир Сариев «Азаттык» сайтына берген интервьюсунда төмөндөгүлөрдү айткан.Ал учурда сүйлөшүүлөр уланып жатканын, бирок Кытайдан келген товарлар сатылган базарлар өңдүү түйүндүү маселелер бар экенин ырастады:

«Биз мүмкүнчүлүк болушунча биздин ишкерлердин жана элибиздин кызыкчылыгын сактап калышыбыз керек.  Ошонун алкагында бир топ талаш-тартыштар бар. Аларды сүйлөшүү жолу менен чечебиз.  Анын ичинен негизинен “Мадина”, “Кара-Суу” жана “Дордой” базарларынын иштөө режими.  Алар кандай режимде иштейт, бизге кандай жеңилдиктер болот? Экинчиси - бизге киргизилип жаткан товарлардын ставкалары.  Анткени ставкалар жогору болсо баа өсүп кетет.  Үчүнчүсү - техникалык регламент деп коёт, товарларды сатканга берилчү сертификаттар боюнча маселелер бар»,-деген Сариев.

Министр Сариев Бажы биримдигине кирсе, Кыргызстанда тигүү тармагы көбүрөөк зыянга учурай турганы атайын иликтөөдө аныкталганын кошумчалады:

«Тигүү тармагы боюнча албетте биздин өз ордубуз бар. Бирок эми сапатын көтөрүшүбүз керек. Азыркы талаптарга жооп бергендей болушубуз керек».

Орусиянын  Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов эмне дейт?

“Орусия  Бажы биримдигине кирүү маселесинде эч кимди шаштырган жок жана эч кимди түртпөйт дагы.  Ар бир мамлекет биримдикке киргенде пайда табабы же жокпу өзү чечет.  Бирок биз Бажы биримдигинин алкагындагы өз ара пайдага басым жасашыбыз керек”, - дейт элчи.

Бажы Биримдиги өлкөлөрүнүн жетекчилери
Бажы Биримдиги өлкөлөрүнүн жетекчилери

Бажы биримдигине кирүү жол картасы – маанилүү документ, аны даярдоого тыкыр мамиле кылуу керек. Бул туурасында  «Кабар» агенттигине берген интервьюсунда  1-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, Жол картасын кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын декабрь айына пландаштырылууда:

«2014-жылы ал ишке ашырыла баштайт. Учурда ага толуктоолор жана түзөтүүлөр киргизилүүдө. Бажы биримдигине кирүү үчүн республикада атайы өздүк фонд түзүлүшү керек.  Бүгүнкү күндө биз бул маселени кароодобуз. Ошондой эле биз Бажы Биримдигинин  мүчөлөрүнөн жеңилдиктерди суроодобуз, анткени биздин өлкө Дүйнөлүк соода уюмунун курамына кирет”, - деди Ж.Оторбаев.

Экономика министринин орун басары Олег Панкратовдун айтуусунда эгерде Кыргызстан Бажы Биримдигине  кирсе Орусиядагы мигранттарга жеӊилдик болорун белгиледи:

«Кыргызстан Бажы Биримдигине  кирсе Орусияда Казакстанда Белоруссияда  иштеген мигранттарга бир топ жеӊилдиктер болот.  Ушул өлкөлөрдө иштөө үчүн уруксат кагазын алуу талап кылынбайт жана социалдык коргоого ээ. Бул мен ойлойм бизге тиешелүү негизги артыкчылыктар»,-деди Панкратов.

Kloop.kgэсперт Эсен Жумановго  Бажы Биримдигинин Кыргызстанга  тийгизген таасири жөнүндө   суроо узатты.

Эсен Жуманов,  Борбордук Азиядагы Эркин Базар институтунун аналитиги:

-Кыргызстан Бажы Биримдигине кошулса эки түрдүү таасир бар. Бул терс жана оӊ таасир. Башкача айтканда мүмкүнчүлүктөр жана коркунучтар. Мүмкүнчүлүктөр бул биринчиден инвестициялык. Чет өлкөлүк инвесторлордун Кыргызстанга инвестициялаганга көбүрөөк мотивация болот. Себеби Кыргызстанда  жумуш күчү абдан арзан. Экинчи мүмкүнчүлүк бул мигранттар. Расмий  статистика боюнча 500 миӊден ашык жумушчу мигранттар Орусияда Казакстанда эмгектенип жатат. Эгерде биз Бажы Биримдигине кирсек мигранттарга болгон саясат бир аз жеӊил болот. Бирок бир аз коркунуч бар биздин көптөгөн жарандарыбыз Орусияга жана Казакстанга кетип калышы мүмкүн. Кыргызстанда жаш балдар жана карыялар эле калуу коркунучу болууда.

 Эсен Жуманов
Эсен Жуманов

Kloop.kg:

- Бажы Биримдигинин кооптоно турган жагдайлары барбы?

-Ооба бар. Баалардын кескин жогорулашы. Бажы Биримдигинин тарифи бар. Прогноз боюнча баалар эки эсе көбөйөт. Биздин өлкөдө 40% ашык кедей адамдар бар. Алар үчүн абдан оор болот. Керектөөчү корзинанын товарларын алуу кымбатка тушөт. Жумушсуздук жана кедейчилик деӊгээли жогору өсөт. Кыргызстандын тышкы экономикалык саясаты Орусия, Белоруссия жана Казакстандан көз каранды болуп калат. Дагы бир баса белгилеп кетүүчү нерсе. Бажы Биримдиги бул биринчи кадам. 2016-2017 жылдары Бажы Биримдик жаӊы кадамга чыгат. Экономикалык Биримдик болбой эле  Саясий Биримдик болот. Башка бир коркунуч саясий эгемендүүлүгүбүздү жоготуу  коркунучу туулат.  Дордой жөнүндө айтып өтсөм. Азыркы күндө 800 миӊдей киши эмгектенет. Бажы Биримдигине кирсек базар жокко чыгат жана ал жерде иштеген кишилер жумушсуз калышат. Дордойдун ордуна эркин соода мейкиндигин курабыз деп пландашууда. Ошол эле коркунучтар түштүктө жайгашкан Кара-Суу базарына да тиешелүү.

Kloop.kg карапайым жашоочуларга Кыргызстан Бажы Биримдигине кириш керекпи же жокпу деген суроо менен кайрылды.

Элдин оюу

 Таалай Сарымсаков, Бишкек  шаарынын жашоочусу:

-Бажы Биримдигине кирсек пайдасынан зыяны көп Бажы Биримдигинен  пайда тапкандай бизде өндүрүштүк жайлар жок. Бар болгон Дордой Карасуу базарларынан, цехтерден элибиз айрылып 91-96 жылдагы кыйынчылыктар башыбызга тушөт, бажы төлөмунун тарифтери Орусиянын тарифи менен бирдей болуп, баардык  нерсе 10-20 пайызга көтөрулөт, тамак-аштан  баштап бут нерсе кымбаттайт. Орусиянын  жашоо деӊгээли айлыктары бажы тарифине жараша а биздин айлыктар бажы тарифине туура келбейт салыштырып көргулө.  Биздин өндуруштөрду завод фабрикаларды инвестиция киргизип Орусиясыз эле тургузууга болот. Налогдон, ГЭСтерден, суудан, кен байлыктарыбыздан тушкөн пайданы туура пайдалансак түндүк  Сохтогу нефти чыккан жерлерди Өзбекстандан кайтарып алып бийликтегилерибиз элибиз учун жерибиз учун туура иштеп беришсе Кыргызстан тез эле көтөрүлөт. Себеби эксперттер элибиздин санын жерибизге кен байлыктарыбызга салыштырганда мамлекеттин өнүгүшү көрунуктуу деп баалашкан.

  Сулайман Божоев, Ош шаарынын тургуну:

-Бир чети Бабанов туура айтат, кунумдук турмуштун айласын ойлоп калганбыз алып сатуучулук менен! А бир чети Бажы Биримдигинин зыяны да бар, бирок карманып көрсө  болчудай. Эгер Бажы Биримдигинин жардамы менен инвестиция тартып завод-фабрикаларды ишке киргизип, куруп көрсөк жумушсуз калган атуулдарыбыз ошол жерден жан бакса болот жана завод, фабрикаларга инвестиция тартылып курулуу менен мамлекеттин келечегине да пайдалуу. Бирок айта кетчу  нерсе Бажы Биримдигинин курамына кируу менен жыргал жашоо албетте, эртеси кундөн эле башталбайт, минималдык турдө 5 жылда билинет жыйынтыгы! Ушул убакытта КРде экономика бир топ төмөндөп кетиши ансыз деле тушунуктуу. Иши кылып адашпагандай бололу!

Нурсултан Асанов, Ош шаарынын тургуну:

-Бажы биримдиги- уч баштуу ажыдаар, Россия, Белоруссия жана Казакстан. Ажыдаардын денеси, тулку бою Россияныкы. Кыргызстан же анын отуна куйуп чок болот же баштуулардын акылы менен эрчиген куйрук болот. Мен каршымын.

Жазгүл Аманова, Ош шаарынын тургуну:

- Бажы биримдигин мен Орусиянын саясий куралы катары көрүп жатам. Ондогон жылдар бою Орусия азыркы КМШ мамлекеттерин башын бириктирип, башчылык кылып келген. Ошол кудуретин кайра калыптандыруу айласын көрүп жатат. Бул саясий аспектиси.  Ал эми,  экономикалык жагынан караганда, Бажы Биримдигинин  алгылыктуу жактары бар экенин серепчилер айтышат. Менимче, Бажы биримдиги эмес, эркин соода мамилелери эле болгону жакшы. Мында саясаты жок, чыныгы экономикалык кызыкчылыктар роль ойнойт.

Автор:Элиза Таштанова

Макала «Кабар Ордо» долбоорунун алкагында жарыяланды.