Бишкектеги төрөт үйүнөн ымыркайдын уурдалгандыгы фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Бишкектин ички иштер башкы башкармалыгы Улуттук госпиталдан ымыркайдын уурдалгандыгы фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Улуттук госпиталдан ымыркай бала жоголуп кеткенден кийин милиция Кылмыш кодексинин 123-беренеси менен каралган «адам уурдоо» боюнча кылмыш ишин козгоду.

Азырынча ымыркайдын кандай шартта ким тарабынан уурдалгандыгы белгисиз.

Анын жоголгондугу жөнүндө биринчилерден болуп оорукананын медайымдарынын бири 5-ноябрь күнү түн ичинде билдирген деп кабарлады ШИИБинин басма сөз кызматы.

«Сурамжыланган медайым баланы акыркы жолу бөлүмдүн №8 палатасынан көргөнүн айтты», — деп билдирди борбордук милиция.

ШИИБинин маалыматы боюнча, ымыркай уурдалган маалда анын апасы башка палатада болгон. Баланын атасы Орусияга акча табуу үчүн кеткен.

Милиция кызматкерлери уурдалган ымыркайдын апасы «оор» абалда болгондуктан аны менен сүйлөшүп, маалымат ала алышкан жок.

Госпиталдын медициналык кызматкерлери баланы 5-ноябрь күнү издеп табууга аракет кылышкан, бирок оорукананын айланасынан таппай койгондон кийин милицияга кайрылышкан.

Ал жерге Октябрь райондук ИИБсини шаардык №4 милиция бөлүмүнүн жетекчилиги менен ыкчам тергөө тобу барган.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

Автор: Алексей Ким