Жалал Абад областынын Аксы районуна караштуу Итагар айылында, көп кыргыздын арасында жалгыз орус жашайт. Анын бул жерге келгенине 17 жыл болгон. Аксылыктар аны “галстукчан Витька” деп атап коюшат. Анткени ал иш кылса да, жөнөкөй саякатка чыкса да галстугун мойнунан түшүрбөйт.
Жаш бала кезинен галстук тагынып жүрүү Витькага адат болуп калган. Эгер галстугу жок жүрсө маанайы чөгүп капаланат. Галстук тагынып жүргөнүмдү көрүп таңкалгандар да бар дейт Виктор Михаилов:
“Менин галстук тагынып жүргөнүмдү көрүп таң калгандар да болот. Мектеп курагымдан баштап эле галстук тагынып келем. Иш кылсам да, жөнөкөй эс алып жүрсөм да галстук тагам. Такпасам маанайым чөгүп калат. Бир эле маданияттуу жерде гана такпай, ар ким өзү каалаган жерде такса болот. Мага эч ким келип тыюу салбайт. Бул менин өз эрким”,-дейт Михаилов.
Азыр мында бир топ багы бар. Бош жаткан талааны бакка айлантууга бир кыйла эмгек керек, иштеген адам иш таап кай жерден болсо да нан таап жейт дейт ал. Бутунун аксактыгына карабай тирилигин өткөрүп келе жатканын айтат Михаилов:
“Мен 1996-жылы Итагар айылына келип 2 гектар жер алгам. Бул жерди ошол эле жылдан баштап короосун тосуп терек, кайноолу, карагай, арча, өрүк тигип бак кыла баштадым. Азыркы күндө мөмө берүүчү дарактар мөмө бере баштады. Бутумдун чолок болгонуна 24 жыл болду. Азыр мен экинчи топтогу майыпмын. Мамлекет жөлөк пул берет. Бак эле эмес мен аары багып да тирлигимди өткөрүп келем. Иштеп үй-бүлөмдү багам деген адам шаарга кетпей айылда жер иштетип жашаса болот. Иштеген адам эч качан ачка калбайт”,-деди Михаилов.
Айыл тургундары Виктор деп атын айтышпай Витька деп эркелетип коюшат. Витька барган адамды кубантып кыргызча сүйлөп тосуп алып конок кылып сыйлап жөнөтөт.
“Мен кыргыздардын арасында жашаганыма сыймыктанам. Менин көрүнүшүм орус болгону менен менин жашоом кыргызча. Кыргыздын каада салттарын үйрөнүп алганга да жетиштим”,- деп айтат Михаилов.
“Итагар айылында кыргыздардын арасында жашоо мен үчүн кооптуу эмес. Баардыгын тааныйм, мага жакшы мамиле кылышат. Кыргызча сүйлөгөндү билем. Мага келип орусча сүйлөшсө мен кыргызча жооп берем. Себеби мен кыргызмын. Ушул жерде төрөлүп өстүм»,-деди kloop.kgге берген маегинде Виктор.
Айылдыктар Витьканы аябай жакшы көрүшөт. Итагарлыктардын бири Жалынбек Абдрашит уулу ал жөнүндө мындай ойдо:
«Жаш кезимден эле Витька ага менен коңшу болуп отурганбыз. Бизге орусча сүйлөгөндү үйрөтүп келген. Мектептен бизге дем алыш берилгенде эле жайлоого келип жүрөбүз. Витька ага жайы-кышы жайлоодо жашаганынан зээригип бизге кыргызча ырларды ырдап берип көңүлүбүздү көтөрөт. Кыргыздын ырларын, каада-салт, үрп-адатын анча-мынча кыргыздарга караганда жакшы билет”,-деди Абдрашит уулу.
Аксы районунда аары багуу боюнча Витька алдына адам салдырбагандардын бири. Элдин аарысын карап, алкышын алып келет.
«Биздин райондо Витьканы таныбаган адам жок болсо керек. Анын элге берген жардамы чоң. Райондун баардык желерин кыдырып аары карайт. Бул кишинин тажрыйбасы көптүгүнөн эл аарысын каратат»,- деп билдирди Алмазбек Анаркул уулу.
Виктор Михаилов 1950-жылы Аксы районун Кербен шаарында туулган. Азыркы учурда Итагар айылында жалгыз жашап келет. Жубайы Аксынын борбору Кербен шаарында дарыгерлик менен алектенет. Виктор дары чөптөрдөн жубайына жөнөтүп турат. 3 баланын атасы, 8 неберенин чоң атасы.
Автор: Бекмамат Абдумалик уулу.
Редактор: Эрнист Нурматов.
Сүрөттөр автордуку.