Атамбаев: «Кумтөрдү» улутташтырууга барышыбыз мүмкүн

Эгер биргелешкен ишкана түзүү боюнча «Центерра» менен бир пикирге келише албасак «Кумтөр» алтын кени улутташтырылышы мүмкүн — бул тууралуу Би-би-сиге берген маегинде президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Анын айтымында, бийликтегилер мындай кадамга «элдин тынчтыгы» үчүн барууга даяр.

Британдык корпорация 7-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев менен болгон маектин негизинде жазылган макала чыгарды. Анда өлкө башчысы экономикалык натыйжасы жаман болсо да «Кумтөрдүн» улутташтырылышы мүмкүн боло турган варианттардын бири болуп жатканы жөнүндө айткан.

Президент эгер «Кумтөргө» ээлик кылган канадалык «Центерра» компаниясы биргелешкен ишкана түзүүгө макул болбосо бийлик алтын кенин улутташтырууга барышы мүмкүндүгүн билдирди.

Кыргызстан азыр «Центеррадагы» акциялардын 33 пайызына ээлик кылат, бирок учурда биргелешкен ишкананын түзүлүшүн жана анда өкмөттүн үлүшүнүн көбүрөөк болушун каалап жатат.

Президенттин айтымында, кенди улутташтыруу «Кумтөр» маселеси тынчын алып аткан Кыргызстандын элин тынчытууга жол берет.

«Кыргызстан үчүн өтө оор, зыяндуу болсо да, элди тынчытуу үчүн улутташтырууга окшогон зыяндуу чечимге барышыбыз мүмкүн», — деп жазган Би-би-си Атамбаевдин айткандарын.

Кыргызстанда «Кумтөрдүн» улутташтырылышын талап кылган нааразычылык акциялары көптөн бери өтүп келүүдө. Алардын акыркыларынын биринде демонстранттар Каракол шаарында Ысык-Көл обладминистрациясынын имаратын басып алууга аракет кылышкан, бирок алар милиция тарабынан куулуп, таратылган.

Kloop.kgнин кабарчысы Атамбаевдин бул билдирүүсүн тактоо максатында президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов менен байланышты, бирок ал Бишкекте эмес экендигин айтып, эч кандай жардам бере алган жок.

Экономикага зыян

Би-би-си президент Атамбаев маекке чейин биргелешкен ишкана түзүү идеясын бекем карманып келгенин белгилейт.

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын башында президент эл алдында сөз сүйлөп жатып, өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизээрин айтып, кендин улутташтырылышына каршы чыккан.

«Ал жакта тобокелдик өтө көп. Элестетип көргүлө, андай чечимден улам Кыргызстан 7 миллиард сомдой каражат жоготот», — деп жазган анда 24.kg маалымат агенттиги Атамбаевдин айткандарын.

Өз кезегинде Би-би-си 2011-жылы «Кумтөрдөн» түшкөн киреше Кыргызстандын ички дүң продуктусунун 10 пайызын түзгөндүгүн, ал эми алтын казган компаниянын өзү 3000 жумушчу оруну менен өлкөдөгү эң ири жумуш берүүчү болуп эсепелээрин жазган.

Автор: Александра Ли