Чаткал: Кен казган компаниялар жолду талкалап бүттү

Жалал Абад областынын Чаткал районундагы эл менен кен казган компаниялардын ортосундагы пикир келишпестиктер жаралууда. Муну жөнгө салуу үчүн эки тарапты ынтымакка чакыруу максатында тегерек стол болуп өттү.  Жыйынды мындан башка да толтура көйгөйлөр айтылды.

Чаткал районундагы кен казган компаниялар жергиликтү бийлик менен элди тоготпогондугунан пикир келишпестиктер келип чыгууда. Жергиликтүү тургундар, компаниялар жолдорду бузуп бирок, оңдобой жатканына нааразы. Ушул күнгө чейин фирмалар элге жардам бербей келгенин айтышат жергиликтүүлөр.

Кен казган компаниялар жергиликтүү бийликти укпагандыгынан эл жол тосууга аргасыз болууда. Элдин үнүн уккан эч ким жок дешет жашоочулар. «Аргасыздан жол тосуп элге жардам берүүсүн талап кылып жатабыз»,- дейт Өмүрзак Токтогулов.

«Чынын айтканда Чаткал районун эли Кыргызстандын өгөй баласындай эле болуп калдык. Биздин район  эң катаал шарттагы  региондордун катарына кирет. Ала-Бука менен Чаткалдын ортосунда 150 километр жолдо асфальт жок. Кыргызстандын баардык райондорунун жолдорунда асфальт бар. Ал эми биздин жолду  мамлекет оңдобосо өзүбүз талап коюп фирмаларга оңдотуп жатабыз»,- деди Токтогулов.

 

Өмүрзак Токтогулов.
Өмүрзак Токтогулов.

Ушул күнгө чейин фирмалардан жергиликтү бюджетке түшүп жаткан акчалар элге дайынсыз болуп келген. Буга чейин жергиликтүү тургундар фирмалардын кылган  ишине маани берген эмес. Эл эми ойлонуп эми  түшүнгөнүн айтат Шумкар Мырзаярова:

«Жергиликтүү бюджетке канча суммада акча түшүп жатканы жөнүндө элдин кабары жок. Биздин эл бүгүнкү күндө фирмалар менен келише албай жаткан. Себеби фирмалар түшүндүрүү иштерин жүргүзүшпөй келишет. Анан элдин кыжырдануусу күчөп жатат. Түшүндүрүү иштерин өткөрүп эл менен жолугуп турса  эл нааразы болбойт эле»,-деген оюн билдирди Мырзаярова.

SONY DSC

Ал эми «Фонта», «Ка Интер Прайс» компанияларынын өкүлдөрүнүн айтымында жергиликтү тургундарга, жолдорду асфальттоого, спорт залдарын салып жардам бергенин айтышат. “Фонта” компаниясынын өкүлү Якубов мындай деди:

«Бүгүнкү күндө кен казган фирмалар  элге жардамдарды беришип келүүдө.   Мисалга алсак фирмалар жергиликтүү тургундарга спорт зал салып, жолдорун асфальттого жардам беришип келет. Биздин компания Чакмак суу айылына спорт зал салып берди. Колдон келишинче жардам берип жатабыз. Компаниялар эл менен тыгыз иштөөгө аракет кылып келе жатат”,- дейт “Фонта” фирмасынын инженери Ташкенбай Якубов.

Азыркы учурда Чаткал өрөнүндө 20 кен казуучу фирма катталган. Бүгүнкү күндө алардын төртөөсү иштеп жатат. Калган 16 фирма лицензияларын алышкан бирок, кен казуу иштерин башташа элек. Ар бир фирма өзүнө тиешелүү салыктарын төлөп келе жатканын белгилейт Чаткал районунун акиминин орун басары Жуманалы Накетаев:

SONY DSC

«Компаниялар элге жакшы жардамдарды берип жатат десек болот. Мына быйылкы жылы фирмалардын жардамы менен 3 км жолду асфальттадык. Буга чейин биздин жолдордо асфальт жок эле. Азыркы учурда биздин райондо «Соц пакет»түзүлгөн. Биздин бул пакетке компаниялар колунан келишинче жардам беришип келет. Биз кийинки жылга пландап жатабыз. Түшкөн каражатты толугу менен жолго жумшайбыз деген үмүттө турабыз»,-деген оюн билдирди  Накетаев.

Өткөрүлүп жаткан тегерек столдун негизги максаты эл менен компания лардын ортосундагы пикир келишпестиктерди жоюу. Компанияларды жергиликтүү тургундар менен жолуктуруп фирмалардын берген жардамын ачык жана так түшүндүрүп, эки тарапты ынтымакка чакыруу болуп эсептелээрин белгилейт «Фоат» коомдук бирикмесинин директору Тургунбек Атабеков:

SONY DSC

«Биздин уюм 2003-жылдан бери иштеп келе жатат. Бүгүнкү уюштурулган  тегерек стол «Коомдук угуу» деп аталат. Биз тегерек столду уюштурганыбыздын негизги максаты эл менен фирмалардын ортосундагы пикир келишпестиктерди жоюу болуп эсептелет. Азыркы учурда компаниялардын эмне иш кылып жатканынан элдин кабары жок. Биздин уюм фирманын өкүлдөрү менен элди жолугуштуруп фирмалардын аткарып жаткан жумуштары, берген жардамдарын элге ачык айкын жеткирип, тыгыз байланыштыруу үчүн уюштурдук»,-дейт Атабеков.

SONY DSC

Бүгүнкү күндө Чаткал районунда төрт фирма кен казууда. Кен казган компаниялардын оор жүк ташуучу  унаалары жолдорду бузуп жергиликтүү тургундарга ыңгайсыз абал жаратууда. Бузган жолдорду кайра калыбына келтирбегенине эл кыжырданат. Фирмалардын оор жүк ташыган унаалары түн ичинде келип кетишет. Эгер бул унаалар биздин көпүрөлөрдөн оор жүк менен өтө берсе көпүрөлөр бузулушу мүмкүн дейт жергиликтүлөр.

Чаткал району Жалал Абад областынын эң алыскы тоолуу райондорунун бири. Бул райондо 25 миңден ашык калк жашайт.

Автор: Бекмамат Абдумалик уулу.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.