Шаарда бир нече микрорайон, кварталдык комитет жана көчөлөрдүн аталыштары кыргызчаланганына бир топ жыл болсо дагы алардын аттары алиге дейре элге сиңбей келүүдө. Буга бийликтердин токтому да, буйруктары да жардам бере элек. Бул маселе шаардыктарды да, сырттан келгендерди да ойлондуруп келет.
Ош шаарындагы кичирайондор “ХБК” азыр Манас-Ата деп, “Западный” болсо Төрөбай Кулатов, Дом-Быта болсо Ак-Буура деп аталат. Мурдагы Юго-Восток микрорайону болсо Курманжан Датка деп расмий аталганына көп болду. Бирок бул жерлердин аталыштары азырга дейре мурдагы аталыштары менен айтылып келатат.
«Мына Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары кабыл алганыбызга туура 21 жыл болду, ушунча жылдын ичинде көптөгөн жылыштар болду. Бирок бизде баары тескеринче өзү кыргыз болуп туруп, үйдө балдарына орусча сүйлөгөн ата-энелер жок эмес. Мамлекеттин эсебинен байыган чиновниктер жаштардын келечегин ойлоп бир аз байлыгын кыргыз тилин өнүкүрүүгө жумшашса эртеңки келечек жакшы болот го дейм. Анан мына көчөлөрдун аталыштары, жарнамаларды, кичи автобустардын жазылыштарын кыргызча кылып жазышса эң жакшы болмок »,-дейт шаарда жашагандардын бири Рысбек.
Автобустардын, көчөлөрдүн, жарнамалардын башка тилде жазылышына нааразы болгон Максат эже;
«Бизге окшогон карыларга кыргызча жазылганы жакшы. Себеби орусча билбейбиз. Ошого көчөлөр, кичи автобустар өзүбүздүн тилде аталышы керек. Керек деп эле токтоп калбай эмдигиче тилибизди деле көндүрүшүбүз керек болчу. Аз-аздан көнүп баргандын ордуна кайра мурдагы аталыштарын ар жерге жазып, жарнамалап келатабыз”,-дейт.
«Мурда орусча жазылгандыктан орусчага көнүп калганбыз. Кыргызча жазылган кичи автобустар деле бар. Бирок кичи райондордун кыргызча аталыштарын билбегендигибизден улам анча кыйналабыз го дейм. Бирок азыркы кезде кыргыз тилге көп басым жасалгандыктан кыргызча болгону жакшы»,-дейт №6 лицейдин студенти Халилов Заир.
Бул боюнча кичи жана чоң автобустардын айдоочулары ар кандай шылтоого алышат. Алар кыргызча аталыштарын эле жакшы билбегендиктен атайы ушундай аталышка келип аткандыктарын айтышат.
«Биз кыргызча эле жазалы дейбиз. Бирок кыргызча жазсак көбү түшүнүшпөйт. Мисалы «Манас-Ата кичи району» деп жазылганын көрүп турушуп «ХБКга» барабы, деп сурагандар толтура. Же Западный деп жазбай койсоң, Кулатовго баргандар билбей, каттамга түшпөй коюшат. Анан экөөн тең аралаш жазып коебуз»,-дейт кичи автобустун айдоочусу Айбек. Чоңураак микрорайондорду кое тур, кичинекей көчо аталыштары деле кыргызчаланган менен элге сиңе элек. Маселен Гагарин көчөсү Аскар Шакиров деп аталганы менен эл мурдагы аталышында билет, Зайнабетдиннов көчөсү Жолдошбай Райимкулов деп өзгөртүлгөнү менен эл мурдагы аталышы менен атап келүүдө.
Айдоочулардын дагы бири бул жазууларды атайы жарнамачылар жаздырып бергендиктен гана коюшаарын айтышат:
«Кичи райондордун мурдагы аттары өзгөрүлгөндөн кийин биз кыргызча эле жазып алганбыз. Бирок бизде башка улуттар да бар да, алардын кыргызчага түшүнбөгөндөрүнөн улам орусча жазганга туура келет. Анан кээде бизге бул жазууларды жарнамачылар берет, бекер болгондуктан илип ала беребиз да»,-дейт Алымбек.
Ал эми бийликтер болсо шаарда тил боюнча атайын саясат жүрүп жатканына ишендирет. Ош шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча адиси Эркайым Маматкерим кызы, бул маселе жакын арада ордуна келет деген ойдо:
«Шаарыбызда бир нече аймактык кеңештер, кичи шаарчалар бар. Алардын аталыштары 2-3 жыл аралыгында өзгөрүүлөргө дуушар болуп аларга негезинен кыргыз элинин өнүп өсүшүнө салым кошкон инсандардын аты ыйгарылууда. Бирок канчалык ММКлардан жарыяласак да эл мурунку аталышына көнүп калгандыктан жаңы аталыштарын көбү билишпейт. Бирок дагы эки үч жыл ичинде адамдар жаны аталышка көнүп калышат. Кичи автобустарда да өз билгениндей кылып орусча жазып жатышат. Бирок алар мыйзамга баш ийип кыргызча жазуулары шарт»,-дейт Маматкерим кызы.
Автор: Перизат Козубаева.
Редактор: Эрнист Нурматов.
Сүрөттөр автордуку.