Сабалган юрист Айткуловго кийинки аптада операция жасалат

Дарыгерлер сабалган жактоочу Икрамидин Айткуловдун сол бутуна андагы шишиктер тарап, жарааттары бир аз айыккандан кийин операция жасашат — бул тууралуу юристти дарылап жаткан дарыгер билдирди.

Ортопедия илимий борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков Kloop.kgге берген маегинде операция 3-4 күндөн кийин, юристтин бутундагы шишиктер тарагандан соң жасала тургандыгын билдирди.

Кол салуу маалында «казык менен урулган соккулардан улам» Айткуловдун бутунун төрт жери кокустаган.

«Азыр текшерүү жүрүп жатат. Үч күндүн ичинде толугу менен текшерип бүтөбүз. Бүгүн компьютердик томография жасадык. Жыйынтыгы үч сааттан кийин даяр болот», — деди дарыгер.

Анын айтымында, жактоочуга карата коюлган болжолдуу диагноз боюнча, анын баш сөөгү чайкалган, сөөктөрү сынган, балтыры чыгып эбинен тайып сынган, көзүнүн айланасындагы жумшак ткандары менен бетиндеги ткандары кокустаган.

Айткулов ооруканада дагы 12-15 күн болот. Учурда анын абалы «орто» деп бааланып жатат.

«Анын абалы орто. Аны реанимация бөлүмүнөн жалпы бөлүмгө котордук», — деди Кубатбеков.

Жактоочунун сабалышы

Юрист Айткулов белгисиз адамдар тарабынан 13-ноябрь күнү кечинде Бишкектеги үйүнүн жанынан сабалган.

«Анын сол көзү көгөргөн, башына соккулар болгон, тиштери жана сол колу жабырланган. Буту дагы сынган», — деп билдирген жактоочуга кол салуу болгон күнү анын иниси.

Айткулов сабалгандан кийин №4 шаардык ооруканага жаткырылган. Инисинин айтымында, жактоочу азыр өзүн «бир аз нормалдуураак» сезип жатат.

Милиция жактоочуга кол салуу боюнча кылмыш ишин козгогон.

Айткулов соттордо «Ата-Журт» партиясынын оппозициялык лидерлеринин кызыкчылыктарын коргоп, жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишмердүүлүгүн сынга алып келгендиги менен белгилүү.

Автор: Алексей Ким