Ош: Келдибековду колдоо митинги таркап кетти

Ош шаарында Жогорку Кеңештеги "Ата журт" фракциясынын мүчөсү, депутат Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылган митинг өттү. Октябрь райондук сотунун чечими чыккандан кийин депутаттын тарапкерлери эртең кайра чогуларын жарыялап тарап кетишти. 

Ош шаарында депутат Акматбек Келдибековдун жакточуулары митинг уюштурду. Митингге бир катар өкмөт төбөлдөрү жана Ата-Журт партиясынын депутаттары катышты.

Бул митингге Ош шаарынын тургундары гана эмес жакынкы райондордон да келип катышып өз ой пикирлерин айтышты. Алардын бири Жалал-Абад аймагынын Аксы районунун тургуну  Нурдөөлөт Данияр уулу оюн айтып  өттү:

«Атамбаевди шайлоодон алдын элге Кыргызстанды өнүктүрөм деп убада берген. Президент болгондон кийин убадасын унутуп тескерисинче эл үчүн иштеген атуулдарды камап жатат. Мындайга биз чыдабайбыз. Мен бул жерге өзүм гана эмес досторум менен келдим. Алар да мени оюмду колдошот»,-  деди  Нурдөөлөт.

Митингге катышкандардын арасында ар кандай жаштардан түзүлгөн топтор да бар. Андай топтордун бири Ош шаарындагы жаштар комдук фонду.

Ал топтун мүчөсү Дилмурат:

«Азыркы учурда Кыргызстанда Сталиндин учурундагыдай камоо жүрүп жатат. Өзүңүздөр көргөндөй биринчи эл  үчүн чыккан Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Камчыбек Ташиевдерди камап көрүштү, эми Акматбек Келдибековду да камайбыз деп жатат. Биз буга жол бербейбиз, эгерде сот  чечими бизди канааттандырбаса анда биз  жөн карап олтурбайбыз»,-дейт Дилмурат.

Бирок ошого карабай нааразылык акциясын уюштуруп жаткандар 23-ноярбда Алайда Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолун кайрадан тосо тургандыктарын айтып таркап кетишти. Митингди уюштуруучулардын бири Бекмурза Эргешов мынтет:

"Биз Акматбек Келдибековду коргоп, эртең да нааразылык акциясын улантабыз. Кечээ тосуп аткан жолду кайрадан тособуз. Баарыңар Алайга, Гүлчөгө баргыла. Калган иштердин баарын ошерден сүйлөшөбүз",-деди ал.

Митинггдин жүрүшүндө ар кандай мыйзам бузууларды болтурбоо максатында  күч кызматкерлери катуу көзөмөлдөп турушту. Ош шаардык жана Ош областтык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев:

«Митинг башталгандан тартып күч кызматкерлери катуу көзөмөлдөп турат, катышуучуларга түшүндүрү иштерин байма-бай жүргүзүп жатабыз, митингдин жүрүшүндө одоно мыйзам бузуулар болгон жок»,-деп билдирди Ашырбаев.

20131122_144638

Ош шаарында болуп жаткан митингде Жогорку Кеңештин экс-депутаты, «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бийликтин мыйзамсыз аракеттери элдин нааразычылыгын күчөтүп жатканын билдирди:

«Биз бул кезге чейин айтып келгенбиз, элди мыйзамды сыйлоого чакырып келгенбиз. Бирок, бүгүнкү күндө бийлик өзү мыйзамды бузуп, Ахматбек Келдибековду камакка алып жатат. Эгер чындыгында эле күнөөсү болсо, аны мыйзамдын чегинде суракка чакырып тергесин. Жолдон эле кармап кете бергидей, ал адам өлтүргөн жок да. Эгер мындай мыйзамсыз кадамын бийлик токтотпосо, эл да мыйзамсыз жол менен бийлики алууга убакыт келип жетти. Мен сиздерди бүгүн-эртең мыйзамсыз жолдорго барбай турууга чакырам. Эгерде андан кийин да бийлик ушундай мыйзамсыз жолдо кете берсе, биз да ошол эле жолго тушөбүз», — деди К. Ташиев.

Митинг2

Бишкектеги Октябрь райондук соту депутат Акматбек Келдибековду эки айга камоо чечимин чыгарды. Сот иши жабык өтүп, отурумга Келдибековго колдоо көрсөтүп келген депутаттар да киргизилген жок. Сот имаратынын сыртына депутаттын эки жүзгө чукул тарапкери келип, боштондук ураанын чакырышты

Акматбек Келдибеков коррупциялык иштерге айыпталып, Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына 20-ноябрда камалган. Аны бошотуу талабы менен Ак үйдүн жанына да кечээ 100дөй адам митингге чыгып, түштөн кийин тарап кеткен.

Нааразылы акциясы кечээ Алайда да уланган. Жергиликтүүлөр Ош-Сары-ТАш эркечтам унаа жолун жаап, бир топ айдоочулар түйшүккө батышкан эле. Эми болсо жол тосуу кайрадан 23-ноябрь күнү уланганы турат.

Мындан сырткары, К.Ташиев бийликтин бул кадамдары Кыргызстандын бүтүндөй элинин кыжырын келтирип жаткандыгын кошумчалады экс-депутат.

Автор: Тойчубек Артык уулу.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.