Ош - Эркеч-Там жолу эки күндөн бери ачыла элек

Коррупцияга шектелип камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери бууган Ош - Эркеч-Там жолу азырынча ачыла элек. Алай районун Сопу-Коргон айылы туштан үч боз үй тигип, жолду бууган 300дөй адам жүк ташуучу унааларды гана өткөрбөй жатышат. Жеңил машинелер жолдон тоскоолдуксуз өтүп жатат. Маалыматтарга ылайык, өтө албай турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 200дөн ашты.  Акматбек Келдибековдун тарапкерлери 24-ноябрда түшкө жуук Ош - Эркеч-Там жолун торошкон. Алар депутат үй камагына чыгармайын бул жолду ачпай турганын билдиришүүдө.

Митинге катышучулардын саны беш жүз адамдын тегерегинде, дешет акциянын катышуучулары. Бийликтер болсо бул жерге 200гө жетпеген адам чогулганын белгилешүүдө. Бул митингге Алай жашоочулары гана эмес жакынкы аймактардан келгендер бар.  Алардын бири Марапат Осмоналиева өз оюн мындайча билдирди:

«Мен атайын Ош шаарынан Акматбектин укугун коргоп келдим, Садыр, Талант, Камчыбектерди камап эми Акматбеке өтүштү. Мен бул ишти буйрутма деп ойлойм. Бул жерде көптөгөн кары-картаңдар бар, эгерде бийлик биздин үнүбүздү укпаса анда башка кадамдарга барабыз, ачыкачылык да жарыялайбыз»,-дейт Осмоналиева.

Сопу-Коргон (12)

Митингге катышуучулардын көпчүлүк бөлүгүн улуу муундагы адамдар түзөт. Алардын арасында баатыр энелер да бар. Мындай баатыр энелердин бири Карамат Кудайбердиева:

«Эгер Акматбекти чыгарбаса биз токтоп калбайбыз, бул жерде канчалаган баатыр энелер бар, эгерде тез арада чыгарбаса ачыкачылык жарыялайбыз. Бийлик биз коюп жаткан талапты аткарбаса биз дагы жолду ачпайбыз. Бийликтен башка нерсе сурабайбыз, Акматбекти эле бошотуп жиберсин»,-дейт Кудайбердиева.

Митингге чыккандар Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунда оор салмактагы жүк ташуучу уналарды тосуп, жеңил уналарды өткөрүп жатышты. Жолдо жыйырмага жакын оор жүк ташучу уналар кармалып турду. Кийинчерээк аларды саны 200дөн ашканы айтылды. Айдоочулардын арасында кытай айдоочулары да бар.

Сопу-Коргон (19)

Жолдо калган айдочулардын катарын Элдияр да толуктайт:

«Мен жүк ташуучу уна айдайм. Жүк ташуучу унаалардын ичинде бир же болбосо эки адам болот. Тоссо жеңил машиналарды да кошо тоссун, биздин кандай айыбыбыз бар, бул жерде кытай айдочулары да турушат. Аларга да уят болдук, мен азыр алар менен сүйлөштүм, аларда айтып жатат “биз айдочулардын кандай тиешебиз бар” деп. Биз бул жерде суукта калып кыйналдык. Соляркалар тоңуп калып жатат»,- деген оюн айтты Элдияр.

Митинг башталгандан тартып күч кызматкерлери көзөмөлдөп турушту.

Алай райондук администрациянын башчысынын орун басары Мамашарип Мусаев мынтет:

«Митинг башталгандан тартып бир да мыйзам бузуу болгон жок. Бул жерде күч кызматкерлери катуу көзөмөлдөп турат. Биз да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.  Бул жердегилердин талабы бир, баары Келдибековдун камалганына наразы. Азыр бул жердеги аксакалдар чечим чыгарды, “качан Акматбек келет жолду ачабыз болбосо ачпайбыз” дешип. Аксакалдардан түзүлгөн топ Бишкекке да жөнөп жатат, бийликке өздөрүнүн оюн айтканы»,- дейт Мусаев.

Сопу-Коргон (23)

Жолдо калган айдочуларга миттингди  уюштуруучулар тарабынан тамак-аш берилип жатты. Эгерде бийлик алардын үнүн укпаса анда башка чараларга бараарын митингге чыккандар эскертишти.

Митинг 22-ноябрда сот Келдибековду эки ай жаза мөнөтүнө кескенде башталган. Алгач анын тарапкерлери Ош шаарында митинг кылып анда сот чечими бизди канаттандырбаса  Ош Эркештам жолун бөгөйбүз деп айтканы бар.

 

Автор: Тойчубек Артык уулу

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.