Айыл жылдызы Сапарбек

Айылда тойдун көркүн ачкан ырчылар, ырдап эле тим болушпай элдин жүгүн бир топ жеңилдетет. Алардын бири Сапарбек Расулов да өзүнүн шаңдуу ыры менен элге жакшы манай тартуулайт. 

Сапарбек Расулов созолонгон ыры менен Ноокенде тойлордун көркүн чыгарып келип атканына 10 жыл болду. Бул өнөрдүн артынан акча да табат, элдин да жарпын жазат. Адатта айыл ырчысын шоу бизнестегидей кийимди мыктысын иргеп кийгенге, бийиик сахналарда өзүн кооз көрсөткөнгө чамасы чак. Ошондой эле тойго келген элдин жарпын жазыш милдет:

«Бир адам той кылса ошол жерде 12 саат болобу суубу, же жамгыр жаап атабы ошол жерде турабыз. Айыл жеринде  11-12 саат  тынымсыз той болот . Чоң айдоого стол жасайт. Сыртта эле, кадимки шартта ошол жерлерде той өткөрүш менин оюмча кыйын болсо керек»,-дейт айыл ырчысы Сапарбек.

Айылда аракты ашкере ичкендер жүдөткөн учурлар да бар. Күйбөгөн жериңди кул кылып, ары-бери чуркаган жаш балдар ашкере кызып алган коноктор кээде аспаптарыңды үзүп кетип, кээде кошо чертишем деп талашып жүдөткөндөр да болот дейт ырчы:

Сапарбек (1)

«Биз да бирөөгө шакирт түшкөнбүз. Ошондо үйрөнүп аткан маалда айтат эле, сен баары бир тойго барасың, тойго кетип атканда "хоп - азыр" дегенден 2-3 кап каптап ал дейт эле. Биз ошол хоп-азыр менен кутулабыз»,-деди ал.

Анткен менен Сапарбектин айтымында чоң шаарлардагыдай айыл жерде тойдо ырчыга анча атаандаштык жок. Тескерисинче эл ичиндеги саналуу таланттар, тажрыйба бөлүшүп кадырын арттырууга бири-бирине кол кабыш кылып турушат. Ошондой эле алар ыр үчүн туруктуу акы белгилешпейт, той ээсинин шартына карап баа бычышат:

«Биз айыл жерде болгондуктан, барыбыз бири-бирибизди таныйбыз, айылдашбыз, бирибиз каш болсок, бирибиз көзбүз. Той үчүн акы белгилесек туура эмес болуп калат. Көңүлүнөн чыгарып берет ошону алабыз. Ал эми айылдан сыртка чыксак бир тойго 10 миң сомго чейин чыгабыз»,-деп билдирди ал.

Сапарбек (2)

Ошентип айылдагы той ырчылары анын ичинде Сапарбек Расулов үй-бүлөсүн бакканга каражат таап алат. Адатта мындай мүмкүнчүлүк кеч күзгө тура келген диктен Сапарбек мырза калган учурларында айылда болуучу кадимки чарбалык иштер менен алектенет.

Автор: Сулайман Эралиев.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.