Ош: Саясатка айланган салтанат

Шаардык салтанат (32)

Жаштар күнүнө жана студенттер күнүнө карата Ошто уюшулган салтанат шаарда курулуп жаткан эстакада көпүрөсүнүн курулушуна карата кайрымдулук марафону менен коштолду. Майрамга келген жаштар акча, шакек, сөйкө, уюлдук телефон айтор колунда барын карымдуулук кутучасына салса, ишкерлер, мугалимдер бир күндүк айлык маянасын которушту.

Эстакада көпүрөсүнүн курулушуна өз калоосу менен жардам берген шаар тургундарынын арасында Наргиза Абдыбатаева да бар:

«Мен бул көпүрөнүн курулуп башталышын чыдамсыздык менен күттүм десем болот. Себеби шаарыбыз баарыбызга керек, көпүрө шаарыбызга керек, ошол үчүн мен алтын шакегимди жардам катары бердим»,- дейт Наргиза.

Шаардык салтанат (21)

Абдыбатаевага окшогондордун катарын Гүлмира Эгембердиева да толуктайт:

«Ош шаарында эстакада көпүрөсүнүн курулуп жатканына аябай кубанычтамын. Мен аз болсо да өзүмдүн салымымды кошойун деп алтын сөйкөмдү жардам катары бердим. Бул курулуш курулуп бүтсө ошону менен токтоп калбастан Ош шаарына мындай курулуштардан дагы көп түшөт деп ойлойм. Мен  сөйкөмдү салганыма өкүнбөймүн, ата-энем билсе мени менен сыймыктанышат деп ойлоймун»,- деген оюн айтты ал.

Кыргызстандын футбол боюнча 2013-жылкы чемпиону “Алай” командасы да өз чөнтөктөрүнөн 13 000 сомду кайрымдулук кутучасына салды. Мындан сырткары Оштогу ЖОЖ, мектеп жана бала бакча мугалимдери бир күндүк айлыгын чогултуп, 1 млн сом марафонго тапшырды.

Шаардык салтанат (16)

Бул майрамга шаар тургундары гана эмес чет жакадан коноктоп келген меймандарда бар. Алардын бири  кыргыз улутундагы Орусиянын жараны Назгүл Султанова бул майрамга катышуу үчүн тээ Москвадан келгенин жашырбайт:

«Мен Ош шаарында окуп жүргөн убакта мындай жогорку деңгээлдеги майрамдык кечелер  болчу эмес. Ош шаарында мындай майрамдардын байма-бай өткөрүлүп жатканы шаарыбыздын өнүгүп жатканынан кабар берет. Мен атайын ушул кечеге Орусиядан келдим. Анткени бул өнүгүүнү көрүү мен үчүн абдан чоң ийгилик »,-дейт Назгүль.

Шаардык салтанат (17)

Быйылкы жылда болгон концерттин мурдагы жылдарга салыштырмалуу өзгөчөлүгү оркестр жана поп музыка менен коштолду. Ар тараптан келген ырчылар жалаң гана жандуу үн менен ырдагандыгы болду.

Шаар башчысы Мелис Мырзакматов сөз сүйлөп, майрамга келген жаштарды кызуу куттуктай кетти:

«Күл болуп жаткан шаарыбызды тазалап азыркы күндө өнүгүү жолунда бара жатабыз. Шаар жаштар силердин колдооңор менен силердин аракетиңер менен биргеликте өнүгөт. Бизди наркобарондор, корупционерлер жана ар кандай шылуун күчтөр башкарууга аракет кылып жатышат. Биз буларга жол бербешибиз керек. Жашасын кереметтүү Ош шаары»,-деген ураан менен Мырзакматов өз сөзүн жыйынтыкта, жаштар менен бирге бийлеп да жиберди.

Шаардык салтанат (14)

Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы Сонунбек Жунусбаев буларга токтолду:

«Жаштар жана студенттердин күнүнө карата 1-ноябрдан баштап Ош шаарында жумалык жарыялаганбыз. Жумалыктын жыйынтыгын бул жерде чыгарып жатабыз. Бул убакка чейин аймактык кеңеште, окуу жайларда жана  мекемелерде ар кандай иш чаралар болуп жатат.  Бүгүнкү майрамга келгендерин саны жыйырма миңдин тегерегинде. Дээрлик 90% жаштар түзөт. Бүгүнкү эстакада көпүрөсүнө карата уюшулган марафонду да жаштар көтөрүп чыкты»,-дейт Жунусбаев.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын борбордук аянтында уюшулган салтанат 10-ноябрь Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар күнүнө жана 17-ноябрь студенттер күнүнө карата өткөрүлдү.

 

Автор: Тойчубек Артык уулу.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.