Алыскы Аксыда балды эң таза өндүргөн инсан бар. Анын балын көптөгөн адамдар издеп келип алып кетишет. Ал үй-бүлөсү менен аары кароону билишет. Абдимажит Өскөнбаевдин тиргилиги бал аарычылык.
Тоодо аары карап өстүрүүгө ыңгайлуу келет. Аарыга канчалык ысык жер болсо ошончолук бал чогултат. Бул менин кесибим атамдан калган кесип. Бул кесип менен үй-бүлөсүн багып келе жатканын айтат Абдимажит Өскөнбаев:
«Менин бул кесипти тандап калганымдын себеби атамдын аарысы болгон. Үйдө атама ээрчип жүрүп үйрөнүп алдым. 1980-жылы аскерден келип 1981-жылы бир жылдык окууга тапшыргам. Окуумду ийгиликтүү аяктап 1984-жылы Каракум жайлоосуна аары алып көчүп келгем. Азыркы учурда 50 челекке жеткирдим. Бал канчалык таза болсо ошончолук адамдар издеп келип алып кетишет. Мен балды үйүмдөн эле сатып жиберем. Өткөн жылы Орусиядан эс алганы келгендер алып кетишти. Мен балды базарга алып чыкпайм. Себеби өздөрү издеп келишип алып кетет»,-дейт Өcкөнбаев.
Орууларга балдын даарылык жактары көп. Бал канчалык таза болсо адамдарга жагымдуу болот. Ал учурда 1 кг балды 180 сомго сатат. Аарылар көптөгөн даары чөптөрдөн шире алып бал чогултаарын айтып, каарманыбыз Өскөнбаев буларга токтолду:
«Менин балымдын таза болушу тоодогу гүлдөрдөн деп ойлойм. Конуштап отурган жерим тоодо болгондуктан, табигый таза чөптөрдун ширесин алат. Мисалы кийик оттон, кожагаттын шире тартып келишет. Ар бир нерсенин өз түйшүгү бар. Аарынын да кыйынчылыгы болот. Карабасаң кышкысын өлүп да калат. Кышкы тамагын камдап карап туруу керек. Жайкысын иши өтө татаалданып күнүнө карап турабыз. Убагында карап турбаса аарылар качып да кетишет. Мен жок учурларда жубайым да карап турат. Канчалык мээнет кылсаң ошончолук бал көп болот. Быйылкы жылы бир жарым тоннага жакын бал өндүрдүм. Дагы буйруса кийинки жылга мындан көбүрөк өндүрүүгө аракет кылып жатабыз»,-дейт Өскөнбаев.
Жубайынын жумушуна жардамдашып, “эч ким жокто мен да аары карап тура берем” дейт Жүрсүн Чонтоева:
«Биз жубайым экөөбүздүн баш кошуп жашаганыбызга 30 жылдын жүзү болду. Мен келин болуп келгенде эле жарым аары бакчу экен. Ушул күнгө келип мен да аары карашты үйрөндүм. Быйылкы жылы качкан аарыны кармап калганым үчүн беш миң сомдук сепичка алып берди. Биринчи жолу аары кармаган үчүн корктум. Бирок болушунча аракет кылдым»,-деп айтат Чонтоева.
Ата кесиби ардактуу дегендей мен атамдын жолун улайын деп атам дейт Кеңешбек Абдимажит уулу:
«Менин жактырган кесибим техника. Бирок атамдын кесибин жолдоюн деген оюм бар. Аары караганга кызыгам. Жаш кезимен эле атама ээрчип жүрүп үйрөнүп алдым. Мен үчүн атамдын жолун улаган сыймык. Азыркы учурда ишин татыктуу улантууга аракет кылып жатам»,-деп билдирди Абдимажит уулу.
Ага катар эле көп жылдан бери Абдимажит акенин балын алып жүргөн кардарларынын бири Сүйүтбек Акматов мынтет:
«Мен бул агама көп жылдан бери кардар болуп жүрөм. Балы эң таза бал десем болот. Даарылык жактары да көп. Себеби тоодогу табигый дары чөптөрдөн, гүлдөрдүн ширесин алат. Башка балдардан бир аз кымбат, бирок ошончолук таза», -деген оюн айтат Акматов.
Азыркы учурда Абдимажит Өскөнбаев 49 жашта. 4 кыз 2 уулдун атасы 9 неберенин таятасы. Жубайы менен баш кошуп жашаганына 30 жылдын жүзү болгон.
Автор: Бекмамат Абдумалик уулу.
Редактор: Эрнист Нурматов.
Сүрөттөр автордуку.