Чаткал: 30 жылдан бери ремонт көрбөгөн мектеп

Чаткал районуна караштуу Канышкыя айылындагы Сатыбалды Байдөөлөтов атындагы мектептин бүгүнкү абалы оор. Мектептин ишке берилгенине 31 жыл жылдын жүзү болгон. Ишке берилген күндөн тартып оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлбөй келет. Мектептин чатырчасынын  эскилиги жеткендиктен, мектепке тамчы өтүп жатканын айтышууда.

Алия Сапаркул кызы
Алия Сапаркул кызы

 

Бүгүнкү күндө мектепте сабак өтүүгө ыңгайсыз болуп келүүдө. Эскилиги жеткен мектептин полдору сабак өтүп жатканда ыңгайсыз абал жаратып келет. Окуучулардын билим алуусуна тоскоолдук жаратып жатканын айтат 10-классынын окуучусу Алия Сапаркул кызы:

«Биздин мектептин  эскилиги жеткен. Сабак өтүп жатканда полдор кычырап ыңгайсыз абал жаратат. Мугалимдер сабак өтүп жатканда  туруп сүйлөп сабак өткөндө сүйлөгөн сөздөрү угулбай калат. Сабак өткөндө басып өтө алышпайт»,-дейт Сапаркул кызы.

SONY DSC

SONY DSC

Эскилиги жеткен мектептин класстары кышкысын суук болот. Жылуулук берилгени менен көңүл жуутарлык абалда эмес. Класстын ичинде калың кийимдер менен олтуруп сабак өтүшүп келет. Класстарда жарыктын жетишсиз экенин айтат 10-классынын окуучусу Айназик Имашева: 

Айназик Имашева:
Айназик Имашева

«Бүгүнкү күндө биздин мектептин акыбалына канааттанбайм. Себеби кышкысын класстар жакшы ысыбайт. Кышында кышкы курткалар менен олтуруп сабак өтөбүз. Ар бир класста жарыктар жетишсиз. Класстагы доскалардын эскилиги жеткен. Мугалимдер жазган жазуулар окулбай кыйынчылык жаралат»,- деди  Имашева.

Байдөөлөтов орто мектеби 1981-жылы  ишке берилген. Ишке берилген күндөн тартып оңдолбой, ремонт иштери  жүргүзүлбөй келет.

SONY DSC

SONY DSC

Мектеп жамааты оңдоо иштерин келерки жылга пландаштырып жатканына токтолуп өттү мектеп директору Мухтар Надырбеков:

Мухтар Надырбеков
Мухтар Надырбеков

«Менин мектепке директор болуп келгениме бир жылдын жүзү болду. Чынын айтканда мектептин акыбалы оор абалда турат. Чатырчанын эскилиги жеткендиктен тамчы өтүп келет. Суу өткөн жерлерди жамап оңдоп келе жатабыз. Биз тоскон жерлер убактылуу эле туруп кийин кайра тамчы өтүп жатат. Мектептин чатырчасын алмаштырууну кийинки  жылдарга пландап жатабыз. Оңдоп түзөө иштери көп суммадагы каражатты талап кылгандыктан өкмөт кийинки жылы каржатты бөлүп бере турган болду» ,- деп билдирди Надырбеков.

SONY DSC

SONY DSC

Ага катар эле Чаткал районун акиминин биринчи орун басары Жуманалы Накетаев да буларга токтолду:

 

Жуманалы Накетаев
Жуманалы Накетаев

«Бүгүнкү күндө биздин райондун бюджети тартыш. Бир жылдын ичинде эки мектепти оңдоого каражат жетпейт. Быйылкы жылы Кайың-Суу орто мектебинин чатырчасын оңдоп бердик. Буйруса башка мектептерди кийинки жылга пландаштырып атабыз»,-деди Накетаев.
Сатыбалды Байдөөлөтов орто мектебинде 476 окуучу билим алып, 41 мугалим эмгектенет. Бул мектеп 320 орунга ылайык салынган. Окуучулар эки сменада окуп келишет.

SONY DSC

SONY DSC

Автор: Бекмамат Абдумалик уулу.

Редактор: Эрнист Нурматов.       

Сүрөттөр автордуку.