Келдибековдун тарапкерлери Ош-Эркечтам жолун 3 күнгө ачканын билдиришүүдө

Коррупцияга шектелип камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери бууган Ош – Эркечтам жолун митингчилер 3 күнгө ачканын жарыялашты. Сопу-Коргон айылынан тосулган Ош-Сарыташ-Эркечтам жолу бийликтер алар менен сүйлөшүсүнөн кийин ушундай жыйынтыкка келди.

24-ноябрь күнү депутат Акматбек Келдибековду сот эки ай мөнөткө түрмөгө камаганда сот чечимине наразы болгон элдер Ош-Эркечтам жолун бөгөп коюшкан.

DSC_0238

Жолдо кармалып калган айдочулардын саны 300дөн ашкан эле. Жол тоскондор биринчи күнү оор салмактагы жүк ташуучу уналарды гана тосушса, экинчи күнү жеңил унаалар үчүн да жол жабык болду.

Бул митингге кактышуучулардын саны миңге чамалады дешти адистер. Алардын көпчүлүк бөлүгүн улгайган ак сакалдар  жана баатыр энелер түзөт.

DSC_0271

Митинг болуп жаткан жерге экинчи күнү бийлик өкүлдөрүнөн өкмөттүн Ош облусундагы атайын ыйгарым өкүлү Сооронбай Жээнбеков жана Жогорку Кеңештин депутаты  Бөдөш Мамырова баш болгон бир катар бийлик өкүлдөрү барып эл менен жолугушту.

DSC_0289

Жолугушууда депутат Бөдөш Мамырова сөз сүйлдөп өз сөзүндө Келдибековдун элге кайрылуусун да айта кетти:

«Мен өз укугумду өзүм коргоп алам, сиздерди да туура түшүнөм, мындай кыштын суугунда жол тосуп, митинг уюштурбай, кабатыр болбой, үшүбөстөн ысык үйүңөрдө соттун чечимин күтүп тургула»,-деп  өз сөзүн жыйынтыктады.

DSC_0280

Өкмөттүн Ош облусундагы атайын ыйгарым өкүлү Сооронбай Жээнбеков да трибунада сөз сүйлөп мынтти:

 

«Акматбектин эл үчүн жасаган иштерин билебиз. Акматбекке мен өзүм да өкүнүп турам. Бирок туугандар биз мындай жолго барбашыбыз керек. Жол бул мамлекеттики бул жерден канчалаган товарлар биздин өлкөдөн чыгып, өлкөгө кирип турат. Көптөгөн тургундарыбыз өз нанын таап жейт. Биз жолду ачышыбыз керек, андан көрө соттун чечимин күтөлү»,-деген оюн айтты.

Бирок депутаттын тарапташтары эгер үч күндүн ичинде Келдибеков үй камагына чыгарылбаса жолду кайрадан бууй тургандыктарын билдиришти.

DSC_0258

Алайлык Уулкан Ахматова мындай дейт:

«Акматбек элге эч жамандык кылган жок. Ал байлыктарынын баарын өз мээнети менен кашыктап тапкан. Акматбектин байлыгы Атамбаевтин байлыгынын астында эч нерсе эмес. Биз мына силер алдыбызга келип атканыңар үчүн жолду ачып атабыз. Эгерде Келдибековду үч күндүн ичинде бошотпосо, же үй камагына чыгарылбаса, биз  мындан да башка чараларга барабыз. Бул жерде баатыр энелер да бар. Эгерде үч күндүн ичинде чыгарбаса баатырэнелер ачарчылык жарыялайбыз»,-деди Ахматова.

DSC_0301

Митингди уюштурган тарап ошол жердеги айдоочуларды толук тамак аш менен камсыз кылгандыгын «Ата-Журт» партиясынын Оштогу жетекчиси Дария Шабданова 26-январ күнү Ош шаарындагы Акипресс маалымат агенттигинде өткөргөн пресс жыйында белгиледи:

«Айдоочуларды Алай эли канча күн болсо да бага алат. Алар бизге мейман. Ал жердеги митингчилерге Акматбектин жакын достору, Акматбекке күйгөн адамдар өз чөнтөктөрүнөн тамак ашын көтөрүп жатат. Мамлекеттен бир сом да кеткен жок» - дейт Шабданова.

Митинг 22-ноябрда сот Келдибековду эки ай жаза мөнөтүнө кескенде башталган.

DSC_0317

Учурда Келдибеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта, депутат ал жакта 2014-жылдын январынын ортосуна чейин болот.

Оппозициялык саясатчынын тарапташтары анын бошотулушун талап кылып, эки күн бою Ош-Эркештам унаа жолунун Алай районундагы Сопу-Коргон айылынын тушундагы бөлүгүн бууп турушкан. Бул өз кезегинде негизинен оор жүк ташуучу унаалардан турган унаа тыгынын пайда кылган.

DSC_0306

Учурда ал жерде милиция кызматкерлери менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөру бар. Кечээ ички иштер министрлиги жолду ачуу үчүн күч колдонулбастыгын билдирген болчу.

Келдибеков Социалдык фонд менен Салык кызматын башкарып турганда, ошондой эле парламент төрагасы болуп турган кезде «коррупциялык иштерге барган» деген айыптоолор менен 20-ноябрда камакка алынган.

DSC_0235

Оппозициялык саясатчы учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тергөө абагында камакта.

Ал Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Келдибеков ошондой эле 2005-жылы  «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» 21 млн. сом каражатты «Ротак-Бишкек» компаниясына мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелип жатат.

DSC_0252

Андан сырткары Келдибеков эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деп айыпталууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Эгер Келдибековдун күнөөсү далилденсе ал 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн — бул тууралуу башкы прокурор Аида Салянова 21-ноябрда депутаттардын алдында сүйлөп атып билдирген.

Оппозициялык саясатчы кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен кармалды деп эсептеп жатат.

Автор: Артык уулу Тойчубек.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.