Ноокен: Пахта арзандап элди кабатырга салды

Быйыл Ноокенде пахтанын баасы 38 сомго түшүп кетип дыйкандарды кыжалат кылууда. Дыйкандар пахтадан түшкөн каражат ага кеткен чыгашаны актабай атат дегендер да бар. Ал эми пахта заводдун директору завод Беларусияга караштуу экенин, ал жактан келген инвесторлор базар шартына карап баа коерун айтууда.

Дыйкандар  пахтадан киреше жакшы болбой атканын күзгө келип түшүмдөрүн тере баштагандан кийин гана аңдай башташты. Ноокендик пахтакер айым Салтанат Коконбаева пахта эккендерден да, пахта тергендер жакшы акча табып жатканын билдирди:

«Быйыл пахтадан үмүтүбүз чоң эле, бирок акырына келгенде пахтанын баасы түшүп кетти. Гектарлап пахта эккендер жакшы  пайда көрө албады. Пахтага да көп чыгым кетет дарылаш керек, суу коюш керек, шор салыш керек. Пахта эккенден көрө азыр  пахта терген теримчилер  жакшы пайда көрүп атат. Мен өзүм 1 гектар жерге пахта эккенми. Ага шор салып жардамчы кыздарга чаптырып  50 миңден ашык чыгым кылганмын ал эми пахтанын баасы түшүп кетип, болгону кайра 60 миңдей гана акча таап калдым»,- дейт Салтанат.

P1170562

Жылдын башында пахтанын баасы 42 сомго көтөрүлүп акырында кайра эле түшүп кеткен. Учурда болгону 38 сомго гана сатылууда. Дыйкандардын бири Полот Акбаров мынтет:

«Быйыл аба-ырайы, түшүм дыйкандар үчүн эн жакшы жыл болду. Суу мол болгондуктан пахта да жакшы болду. Башында сатып алгандар өзип жатат. Бул жакта дыйкандар ушул пахтага ишенип отурабыз. Кыш келсе көмүр алыш керек. Мындай болсо кантип эл кыштан чыгат»,- деди дыйкан.

P1170574

Ноокендиктер пахталарын негизинен мындагы пахта заводуна алып келип сатышат. Беларусияга караган Ноокендеги пахта заводун иштеп  жатканына 10 жылдан ашты. Бул жерде 100 чактуу адам иштеп пахтаны Орусияга экспорттошот. Ал эми пахтанын баасын базар шартына карап  чечишет. Бул тууралуу заводдун директору  Сүйүнбай  Токтобаев kloop.kg ге берген маегинде  билдирди:

«Бизде  пахтанын баасы 38 сом, негизи  быйыл 42 сомго чейин жетип рыноктун шартына карап баа  төмөндөп кетти.  Биз пахтаны тазалап Орусияга өткөрөбүз. Мунун баасын биз эми атайылап арзандатып жаткан жокбуз. Азыр баардык эле жерде ушундай болуп атат»,-деп айтты директор Токтобаев.

P1170572

Былтыр Ноокенде пахтанын баасы 32 сом болгон. Быйылкы жыл башында 42 сомга чейин жеткен эле.

Автор: Сулайман Эралиев 

Редактор: Эрнист Нурматов

Cүрөттөр автордуку.