Ош областы боюнча 17 жашка чейинки кыздардын ичинен, аборт кылдыргандардын саны көбөйүүдө. Бул ишти кыздардын көпчүлүгү жеңил сөздөргө алданып, кээ бирөөлөрү өз каалоолору менен жасаганы айтылууда. А кыздар болсо, мындай ишке акча иштөө үчүн барганы кеп болууда.
Айымдардын чет өлкөдөн, шаардан жана айылдардан келип Ошто бойдон алдыруусу көбүнчө жашыруун түрдө жүргөндүгүн «Ак жүрөк» кризистик борбору билдирүүдө. Борбордун жетекчиси Дарийкан Асылбекова мындай дейт:
«Кыздардын бойдон алдыруусу бул чындык. Себеби бизге чет өлкөдө сексуалдык жумуш менен иштеп, анан оор дартка чалдыгып келгендер болгон. Алар 2012-жылдын эсеби боюнча, жетөө катталды жана ошолордун ичинен бешөө кайра ишин улантканы кетишип, экөөсү ооруунун айынан Кыргызстанда калышты. Бизде мындайлар аз эмес, тилекке каршы алардын көпчүлүгү жашырынып жүрүшкөндүктөн толук санын тактоо кыйын. Биз мындайларды 2 ге бөлүп карайбыз. Биринчиси 17 жашка чейинкилер, экинчиси 18 жаштан жогоркулар»,-деди Асылбекова.
«Бул ишти турмушка чыга элек кыздар жигиттерге «мага үйлөнөт» деп ишенип, а чоңдор болсо өз каалоолору менен аткарышып, жыйынтыгында аборт жасатууга туура келет. Ушулардын ичинен зордукталган кыздар жөнүндө да айтылат. Бирок алар аз эле санда. Азыр ушул Ош областында, ооруп келгендер жашыруун түрдө, таза кыз жана уландарга жугузуу ниетинде жүрүшөт. Бул бар нерсе. Биз муну жоюу боюнча колдон келген аракеттерди жасап жатабыз»,-дейт Дарийкан эже.
Мамлекеттик төрөт үйлөрүнө караганда жеке менчик төрөт үйлөрүнө жашыруун түрдө келип, аборт жасаткандар көп дешет адистер. Бирок кайсы жерде болбосун ал адамдарды ачыкка чыгарып, так айтуу бир кыйла түйшүк жаратышы мүмкүн.
Ош облустар аралык клиникалык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Гүлбара Кенжебаева:
«Бизде аборт кылдыргандардын көпчүлүгү ден-соолугуна байланыштуу болот. Биз сөзсүз түрдө аялдардын үй-бүлөсүнүн макулдугу менен гана иш жүргүзөбүз. Чет өлкөдөн же кандайдыр бир себептер менен боюна бүткөн айымдар келгенин кезиктирүү жок десек да болот. Анткени алар көбүнчө жеке менчик төрөт үйлөрүнө барышат. Болсо да биз андай нерселерди айтууга такыр акыбыз жок»,-деди Кенжебаева.
Жеке менчик төрөт үйүндөгүлөр, бойдон алдырган кыздардын көпчүлүгү Ош шаарынан эле келгендигин, бирок азыр бул маселе анча кездешпегенин, башкалардай эле алардын атын айтууга мүмкүн эместигин жана аялдардындын ичинен, үй-бүлөлүүлөрүнүн көбүн төрөткөнгө аракет кылып, ден соолугуна кам көрүүлөрүн билдирет.
Үлгүлүү жеке менчик ооруканасынын дарыгери Зулхумар Мамадалиева:
«Учурда, наристе туура эмес бойго бүтүп же апасына кан жетишпей калуусу, бөйрөк, жүрөк оорулары жана башка себептер менен биз анын боюнан түшүрөбүз. Себеби аны төрөтүп койсок, анда бирөөсүн (баланы же энесин) сактап калууга туура келет. Аялдардын боюнан түшүрүүдө болсо, Кытайдан, Германиядан, Россиядан келген таблетканы колдонобуз. Туура бизге чет жактан ооруп келгендер 3-4 ай мурда болгон. Анан биздин шаарда деле көп кыз келген, мисалы: Медициналык окуу жайдын кыздарын айтсак болот. Бирок, алардын так атын же санын айтууга бизде такыр мүмкүн эмес, акыбыз да жок. Жашыруун түрдө гана дарылайбыз. Саны болсо жылдык отчетто гана бере алабыз»,-дейт.
Ал эми кыздардын кээ бирөөлөрү бул ишти адашып бирөөгө ишенип, айрымдары акча иштөө үчүн жасашат.
Айымдар, эркектердин берген жалган маалыматтарына алданып калганын (үй-бүлөлүү экендигин), билбей калышат. Бул түйшүктүн оорлошуна, алар көбүнчө кечелерге барганда, спирттик ичимдиктерди көбүүрөк ичип алып, эч нерсени билбей калгандыктан кабылышат.
Ишеничтен, жашоосуна өзү балта чапкан кыздардын бири, 16 жаштагы Нуржамал (аты өзгөртүлүп берилди) мындай дейт:
«Башкалардай эле максат менен жогорку окуу жайга тапшырып, студент болдум. Убакыт өтүп бир жигит менен сүйлөшүп калдым, анын үй-бүлөлүү экендигинен кабарым жок болчу. Анын жалган сөздөрүнө кантип ишенгенимди, кантип боюма бүтүп калганын өзүм да билбей калдым. Бул нерсе кечеге барган күнү болгон эле. Себеби биз ал күнү, спирттик ичимдиктерди ичкен болчубуз. Ал убакты эстегим да келбейт, эми мен ким деген адам болдум? Ошентип айлам жок, ал «аборт кылдырып сал»- деп, берген акчасына бойго бүткөн баланы алдырып салдым. Мындан ары жашоо мен үчүн жарыбайт го, ал мени көргөндө тааныгысы да келбейт»,-деди ал.
Автор: Мукадам Маткалыкова.
Редактор: Эрнист Нурматов.
Сүрөттөр автордуку.