Отуз-Адырлык бананчы айым Жаңылбү

IMG_9901

 

Түркиядагы, Орусиядагы өсүүчү тропикалык өсүмдүктөрдү, Ош областында да тапса болот. Кара-Суунун Отуз-Адыр айылында жаган Жаңылбү Кабылбекова үйүндөгү багы менен атактуу. Анткени ал 20 жылдан бери Кыргызстандын шартында банан жана 200 түрдүү тропик гүлүн өстүрүп келет.

Жаңыл эженин көчөттөрүн Москвадан келип атайын өстүргөнү алып кетишет. Ал эми ал көчөттөр айрым жаныбарларга, мөмөсү менен кошо жем болушат. Ал көчөттөр атайын чет мамлекеттерден  алынып келинген.

Үйдө эле отуруп,  болбоду дегенде жылына  100миң акча таап жаткан Кабылбекова бул ишти атайы кесип кылып алган.

Тропик өсүмдүктөрүнүн  кооздугу ар бир адамды  кызыктырбай койбойт жана аларды өстүрүү бир топ кыйынчылыкты талап кылгандыктан баасы да жогору болот. Кадимки «банан» көчөтүн 1000 сомго сатып алып, аны 20 жылдан бери азыркы күнгө чейин көбөйтүүгө аракет кылгандар жок эмес.

IMG_9915

Тропик  өсүмдүктөрүнүн  жана жемишин  өстүрүү  үчүн 20 жыл эмгектенип, анын түрүн 150гө жеткирген гүл сүйүүчү Жаңыл эже:

“Мен  алгач эле банан өстүрүүгө кызыгып, анын мөмөсүн, бир нече ирет жерге көөмп көргөм. Анан бир өзбек аялдан (гүл сатуучудан) банан көчөтүн 1000 сомго сатып алгамын. Ошондон улам гүлдөргө да кызыгып, учурда 200 дөн  ашуун гүлдөрдүн түрү бар жана алардын 150дөйү тропиктик. Булардын өсүүдөгү климаты бизде жок болгондуктан, мен өзүм топурак жасайм. А кышындасы өзүнчө бөлмөгө алып кирип, өтө жылуу температуда сактайм.  Гүлдөрдүн түрүн атайын, кыздарымдын колдоосу менен Түркия жана Германиядан  алып келдим. Буйруса ушул жылы май айынан баштап,  дагы башкача түрдөгү тропик  гүлдөрүн өстүрүүгө  даярдык көрүп жатам. Банан көчөтүнө  сөзсүз  18 жалбырак чыкканда гана ал мөмө ала баштайт . Ошол үчүн  өсүү аралыгы 3 жыл убакытты талап кылат”,-дейт Жаңыл эже.

IMG_9983

Отуз-Адырлык айым бул нерсени мындан ары да өркүндөткөнү турат:

“Айыл өкмөтү мага жардам катары «теплица» кылуу  үчүн, 1 гектар  жер берген.  Бирок, ал жер тропик жемиштеринин талаптарына жооп бериши үчүн, аларды дагы да көбөйтүү жана бир канча аракет керектелет.  Банандын тез өсүүсү үчүн  жаңгактын чириндиси жана балыктын калдыктары болушу керек. Чет өлкөлүктөр да келип, долбоордун жардамында мага теплица куруп берүүнү айтышты эле, айыл өкмөттөгүлөр  аны укканда, «теплица куруу үчүн каалаган жерден жер бөлүп беребиз»- дешти”, деп кубанат багбан айым.

IMG_9926

Ал соңку жылдары ушул кичинекей эле короосунан оңбогондой киреше тапканга да үйрөнүптүр:

“Гүлгө кызыккандар өтө эле  көп келишет. Аларга белек кылып эле гүлдөрдөн берем.  Көбүнчө  гүл  дүкөндөрдөн келип сатып алышат. Жылына  күч иштетпей эле, эч кандай механиканын жардамысыз  100 000 сомдой акча табам жана ал акчаны кайра эле, өсүмдүктөргө жумшайм.  Жада калса, гүлдөрдүн анан банандын көчөтүн байкабай калган учурда, коендорум калтырбай жеп койгон күндөр да болгон»,-деди  Жаңыл Кабылбекова.

IMG_9980

Отуз-Адыр айылында  гүл сүйүүчү айым менен сыймыктанып, анын эмгегин баалагандар көп. Алар да айылдашына окшоп  гүлдөрдү сүйүп,  роза сыяктуу көркөмдүү гүлдөрдү  көп эгип өстүрүшкөндүгүн айтышты:

«Айылдашымдын эмгегин өтө баалайм. Мындайда бул адамга, мүмкүн болсо «теплица» куруп беришсе жакшы болмок.  Анткени  көп убакыттан бери гүлдөрдү өз үйүнө эле өстүрүп көбөйтүп жүрөт»,-деди Жаңыл эженин айылдашы Адыл Ташматов.

IMG_9987

Ошондой эле «Эсенбай Маматов» көчөсүнүн жашоочулары , кошунасынан гүл көчүрүп  алуу менен чектелбестен, ага өзү каалагандай кийимди тиктирип кийүүнү да айтышты. Алардын бири:

“Кошунамдын чеберчилигин жашырбайм. Анткени ал гүлдөр үчүн гана эмес, чеберчилике да убакыт табат. Биз көбүнчө  гүлдөрдүн түрүн да  ушул жерден  көчүрүп, көйнөктү да Жаңыл эжеге тиктирип киебиз. Кызыгы, жазында гүлдөрү биздин үйгө чейин жетип  өсүп, кашаага  асылганда өзүнчө  көркөмдү жаратып турат»,-дейт Айткан Балтабаева.

 

Автор: Мукадам Маткалыкова.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.